Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 11-апрели № 39
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 207 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2020-жылдын 26-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 16-пунктунда ", областтын жана Бишкек шаарынын райондор аралык соту" деген сөздөр алып салынсын;
2) 8-берененин 2-бөлүгү "соттун" деген сөздөн кийин "жана Бишкек шаардык сотунун" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 13-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ишке катышуучу жактар же соттун ачык жыйналышына катышып жаткан кайсы болбосун кызыкдар жак соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же аудио жазуу каражаттарынын жардамы менен жаздырууга укуктуу. Соттун жыйналышын киного жана фотосүрөткө, видеого жазып алууга, радио, теле көрсөтүү жана маалыматтык-телекоммуникациялык интернет түйүндөрү аркылуу алып берүүдө соттун уруксаты менен жол берилет.
Жабык сот жыйналышын радио, теле көрсөтүү жана маалыматтык-телекоммуникациялык интернет түйүндөрү аркылуу алып берүүгө жол берилбейт.";
4) 23-беренеде:
а) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Судьяны четтетүү жөнүндө арызды кароонун натыйжалары боюнча билдирилген четтетүүнү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөөлөнгөн аныктама чыгарылат. Четтетүү жана өзүн-өзү четтетүү маселеси боюнча аныктама даттанылбайт, бирок жүйөлөр апелляциялык, кассациялык даттанууларга киргизилиши мүмкүн.";
б) 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 28-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "Райондор аралык" деген сөздөр "Административдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;