Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын-6-октябрындагы № 148 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, 2026-жылдын 1-ноябрынын тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ
2017-жылдын 25-январы № 14
(КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамы менен 2017-жылдын 1-июлунан колдонууга киргизилет)
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 141, 2019-жылдын 17-майындагы № 63, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2021-жылдын 23-мартындагы № 41, 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 12-июлундагы № 60, 2022-жылдын 12-июлундагы № 63, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86, 2024-жылдын 15-февралындагы № 45, 2024-жылдын 26-июлундагы № 148, 2025-жылдын 11-январындагы № 3, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 8-июлундагы № 134, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 28-июлундагы № 160, 2025-жылдын 31-июлундагы № 182, 2025-жылдын 6-августундагы № 190, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 40, 2026-жылдын 22-июлу № 117, 2026-жылдын 3-августундагы № 141, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1 БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Негизги жоболор
1-берене. Жарандык сот өңдүрүшү жөнүндө мыйзамдар
1. Кыргыз Республикасынын сотторундагы жарандык иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
2. Ушул бөлүктүн экинчи абзацында белгиленген учурларды кошпогондо, башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жарандык процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.
Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.
3. Жарандык иштер боюнча сот өндүрүшү ишти кароонун жана чечүүнүн, айрым процесстик аракеттерди жасоонун же сот актыларын же башка органдардын актыларын аткаруу убагында колдонууда болгон мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы
Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) адвокат - адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна мыйзамда белгиленген тартипте лицензия алган жана Адвокатуранын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны;
2) апелляциялык даттануу (сунуштама) - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан апелляциялык инстанциядагы сотко берилүүчү даттануу же сунуштама;
21) вндеоконференцбайланыш - аудио уктурууларды жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыштын сеансы;
22) трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо) - чектелбеген сандагы пайдалануучулар үчүн түз эфир режиминде телекөрсөтүү, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө маалыматты жайылтуу жана берүү;
3) жарандык иштер (ушул Кодекстин мааниси боюнча) - жарандык сот өндүрүшү тартибинде каралуучу, кызыкдар жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер, анын ичинде экономикалык иштер;
4) мыйзамдуу өкүлдөр - ишке катышкан адамдын ата-энеси, асырап алуучусу, камкорчусу, көзөмөлчүсү, ошондой эле ал камкордугунда турган уюмдардын жана жактын өкүлдөрү;
5) доо арызы - өзүнүн бузулган же талашылып жаткан субъективдүү укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам менен сакталуучу кызыкчылыктарын коргоого кызыкдар адам тарабынан сотко берилген процесстик документ;
6) кассациялык даттануу (талап) - биринчи, аппеляциялык инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышуучу жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясына берилүүчү даттануу же сунуштама;
7) ишке катышуучу жактар - тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, башка жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуучу же корутунду берүү үчүн процесске кошулуучу жактар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө өндүрүш иштери боюнча кызыкдар жактар;
8) медиация - медиатордун (медиаторлордун) көмөктөшүүсү менен, талашкан тараптардын кызыкчылыктарын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүү максатында макулдашуу аркылуу укуктук талашты жөнгө салуунун жол-жобосу;
9) медиатор - медиация жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген, медиация жүргүзүүдө тараптарга жардам берүүчү көз карандысыз жеке жак;
10) медиациялык макулдашуу - медиациянын натыйжасында тараптар жетишкен, тараптардын укуктук талашты жөнгө салуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү макулдашуусу;
11) областтык сот - областтык соттор жана Бишкек шаардык соту;
111) жазуу формасы - доо арызды, арызды, даттанууну, сот актысын, сот жыйналышынын протоколун, башка документти, билдирүүнү же маалыматты кагаз жүзүндө (машинкага басылган) же санариптик формада түзүү жана берүү ыкмасы;
12) төрагалык кылуучу - ишти коллегиялык кароодо төрагалык кылуучу же болбосо ишти жеке өзү кароочу судья;
13) сунуштама - прокурордун сот актысына карата даттануусу;
14) прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Аскер прокурору, областтардын прокурорлору, Бишкек шаарынын прокурору, райондук жана шаардык прокурорлор, алардын орун басарлары жана жардамчылары, прокуратуралардын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн өз компетенциясынын чектеринде аракеттенүүчү прокурорлору;
15) протокол - сот жыйналышында жүргүзүлгөн бардык процесстик аракеттер катталуучу процесстик документ;
16) райондук сот - райондук жана ага теңдештирилген соттор (эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, шаардагы райондук сот, шаардык сот);
17) тараптар - жарандык сот өндүрүшүндө укуктардын теңдиги жана атаандаштык башталышта чыгуучу органдар жана адамдар;
18) сот - жарандык ишти биринчи инстанцияда, апелляция тартибинде, кассация тартибинде кароочу судья, соттук коллегиянын курамы;
19) сот актысы - сот тарабынан ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлүүчү жана жарандык ишти маңызы боюнча чечүүчү же болбосо жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди чечүүчү сот актысы (чечим, аныктама, токтом, буйрук);
20) судья - ишти кароочу кайсы болбосун соттун кесипкөй судьясы, соттун төрагасы, төрагасынын орун басары;
21) биринчи инстанциядагы сот - сот жыйналышында иштин жагдайын тикелей аныктоого жана ал боюнча сот актыларын кабыл алууга ыйгарым укугу бар сот;
22) апелляциялык инстанциядагы сот (экинчи инстанциядагы сот, апелляциялык инстанция) - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек актысына карата апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароочу, областтык соттун жарандык иштер боюнча же экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы;
23) кассациялык инстанциядагы сот (кассациялык инстанция) - биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысына карата кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароочу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча же экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы;
231) санариптик сот иши - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү жарандык же экономикалык иш;
232) санариптик соттук материалдар - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү соттук материалдар;
233) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутуму - сот өндүрүшүндө санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн багытталган санариптик түзүлүштөрдүн, алар үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын тутуму;
234) билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси - санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкеш келген, соттук кабарлоонун алынгандыгын ырастоо кепилдиги менен ишке катышкан жактарга жана процесстин башка катышуучуларына соттук кабарлоону жеткирүүнү камсыз кылуучу санариптик сервис;
24) жекече даттануу (сунуштама) - процесске катышуучулар тарабынан соттун аныктамасына же судьянын токтомуна карата берилүүчү даттануу же сунуштама;
25) жекече аныктама - сот чыгаруучу, иш боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактыларына, аларды жасоого өбөлгө болуучу жана тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылуучу себептерге жана шарттарга сот мамлекеттик органдардын, ошондой эле менчигинин формасына карабастан уюмдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын көңүлүн буруучу аныктама.
26) юридикалык өкүл - процесстик мыйзамдардын жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу өкүл.
Эскертүү. Ушул Кодексте колдонулуучу санариптик технологияларга байланыштуу терминдер жана түшүнүктөр санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда келтирилген маанилерде колдонулат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
3-берене. Жарандык сот өндүрүшүнүн максаттары жана милдеттери
1. Жарандардын жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык, эмгектик же башка укук мамилелеринин субъекттери болуп саналган башка жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, Кыргыз Республикасынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды сактоо жарандык сот өндүрүшүнүн максаты болуп эсептелет.
2. Жарандык сот өндүрүшүнүн мыйзамда белгиленген тартиби жарандык иштерди туура жана өз убагында кароону жана чечүүнү, мыйзамдуу сот актыларын чыгарууну, аларды аткарууну камсыз кылуусу, мыйзамдуулукту, укук тартибин чыңдоого жана укук бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүсү керек.
4-берене. Коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу
1. Кызыкдар кайсы болбосун жак өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз болот.
2. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бөлөк органдар мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
3. Эгерде мыйзамдарда белгилүү бир категориядагы иштер үчүн сотко чейинки жөнгө салуунун тартиби белгиленсе же болбосо ушундай тартип келишимде каралса, мындай иштер ушул тартип сакталгандан кийин гана соттун кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн.
5-берене. Сотто жарандык ишти козгоо
1. Сот жарандык ишти өз укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоого кызыкдар жактын арызы боюнча козгойт.
2. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда жарандык иш башка жактын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоону, ошондой эле жактардын аныкталбаган чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын же болбосо мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоону көздөгөн жактын арызы боюнча козголушу мүмкүн.
6-берене. Сот адилеттигин сот тарабынан жүзөгө ашыруу
1. Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги соттор тарабынан гана, жарандык сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышууга укуктуу.
7-берене. Мыйзам жана сот алдында баарынын теңдиги
Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, жаш курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, башка жагдайларына карабастан бардык жарандардын, ошондой эле менчигинин формасына, турган жерине, баш ийгендигине, башка жагдайларына карабастан бардык юридикалык жактардын мыйзам жана сот алдында теңдигинин башталыштарында жүзөгө ашырылат.
8-берене. Жарандык иштерди жеке өзү жана коллегиялуу кароо
1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, райондук соттордо жарандык иштерди судья жеке өзү биринчи инстанция боюнча карайт.
2. Областтык соттун жана Бишкек шаардык сотунун соттук коллегияларында жарандык иштер апелляциялык тартипте, үч судьядан турган соттук курам тарабынан коллегиялуу түрдө каралат.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык иштерди кассациялык тартипте кароону соттук коллегиялардын үч судьядан турган соттук курамы жүзөгө ашырат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Судьялардын көз карандысыздыгы
1. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялар көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийет.
2. Судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленет.
3. Судьялар жарандык иштерди бөтөн таасирди жокко чыгаруучу шарттарда карайт жана чечет. Судьялардын ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка органдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын, юридикалык жактардын кайсы болбосун кийлигишүүсүнө жол берилбейт жана ал мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
10-берене. Сот адилеттигин тараптардын атаандашуучулугунун жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашыруу
1. Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги тараптардын атаандашуучулугунун жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Сот объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо менен процессти жетектөөнү жүзөгө ашырат, ишке катышуучу жактарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, жарандык иштерди чечүүдө далилдерди ар тараптуу жана толук иликтөө, жагдайларды белгилөө жана мыйзамдарды туура колдонуу үчүн шарттарды түзөт.
11-берене. Жарандык сот өндүрүшүнүн диспозитивдүүлүгү
Сот жарандык иштерди кызыкдар жактардын ушул Кодекске ылайык берилген кайрылуусу боюнча, алар билдирген талаптардын чегинде жана тараптардын жана ишке катышып жаткан башка жактардын далилдеринин негизинде гана карайт. Ишке катышып жаткан жак талаштын предметине карата өзүнүн укуктарын өз ыктыяры боюнча тескейт.
12-берене. Сот өндүрүшү жүргүзүлүүчү тил
1. Жарандык иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
2. Сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышып чыгуу, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүү, өз эне тилинде сүйлөө жана өтүнүч билдирүү, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.
3. Сот актылары ишке катышуучу адамдарга сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилде тапшырылат.
Ишке катышуучу адамдар чет тилдеги документтерди белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун тиркөө менен берет.
13-берене. Соттук териштирүүнүн айкындыгы
1. Ишти териштирүү бардык соттордо ачык болот. Эгерде алар ишке катышуучу жактар же күбөлөр болуп саналбаса, он алты жашка чыга элек жарандарга соттун жыйналышына кирүүгө жол берилбейт.
2. Ишке катышуучу жактар же соттун ачык жыйналышына катышып жаткан кайсы болбосун кызыкдар жак соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же аудио жазуу каражаттарынын жардамы менен жаздырууга укуктуу. Соттун жыйналышын киного жана фотосүрөткө, видеого жазып алууга, радио, теле көрсөтүү жана интернет түйүндөрү аркылуу алып берүүдө соттун уруксаты менен жол берилет.
Жабык сот жыйналышын радио, теле көрсөтүү жана маалыматтык-телекоммуникациялык интернет түйүндөрү аркылуу алып берүүгө жол берилбейт.
3. Жабык сот жыйналышында иштерди кароо жана чечимдерди жарыялоо мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган иштер боюнча, ошондой эле мыйзамда белгиленген учурда башка иштер боюнча жүзөгө ашырылат. Ишке катышуучу жактын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоонун, жарандардын жеке турмушу жөнүндөгү маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун зарылдыгына жана ачык талкууланышы иштин туура каралышына жолтоо болуучу башка жагдайларга шилтеме кылган өтүнмөсү канааттандырылганда жабык соттук териштирүүгө жол берилет.
4. Жабык сот жыйналышында ишти кароо жана чечимди жарыялоо жөнүндө сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, анда жабык сот жыйналышына катышуучу жактарга ишти кароодо белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө сот тарабынан эскертилгендиги тууралуу көрсөтүлөт.
5. Ишти жабык сот жыйналышында териштирүүгө иштин катышуучулары, алардын өкүлдөрү, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар, ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери катышат.
6. Жабык сот жыйналышында иш жарандык сот өндүрүшүнүн бардык эрежелерин сактоо менен каралат жана чечилет.
7. Соттун чечими бардык учурларда ачык жарыяланат, ал эми жабык жыйналышта каралган иштер боюнча соттун чечиминин резолюциялык бөлүгү тараптардын макулдугу менен ачык жарыяланат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 , 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
14-берене. Соттук териштирүүнүн тикелейлиги жана оозекилиги
1. Сот ишти маңызы боюнча кароодо иш боюнча далилдерди тикелей иликтөөгө: тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттердин корутундуларын угууга, жазуу жүзүндөгү далилдер менен таанышууга жана буюмдук далилдерди кароого, аудио жана видео жазууларды угууга жана көрүүгө милдеттүү.
2. Иш боюнча далилдерди иликтөөдө сот адистин консультацияларын жана түшүндүрмөлөрүн угат.
3. Ишти териштирүү оозеки жана соттордун өзгөрүүсүз курамында өтөт. Ишти кароо процессинде судьялардын бири алмашкан учурда териштирүү башынан жүргүзүлүүгө тийиш.
15-берене. Жарандык иштерди чечүүдө сот тарабынан колдонулуучу ченемдик укуктук актылар
1. Сот жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чечүүгө милдеттүү.
2. Соттун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууга укугу жок.
3. Талаш маселелерди жөнгө салуучу укук нормалары болбогон учурда, сот аларга окшош мамилелерди жөнгө салуучу укук нормаларын колдонот (мыйзамдардын аналогиясы), ал эми андай нормалар болбогон учурда, ишти жарандык процесстик мыйзамдардын жалпы башталыштарына, маанисине жана принциптерине (укуктун аналогиясы) жана ак ниеттүүлүк, акыл-эстүүлүк жана адилеттүүлүк талаптарына жараша чечет.
4. Сот мыйзамга же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык иштерди кароодо жана чечүүдө эл аралык укуктун нормаларын колдонот.
5. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын макулдашуусунда тиешелүү маселелерди чечүү сотко калтырыла тургандыгы каралса, сот бул маселелерди адилеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк критерийлерине жараша чечүүгө милдеттүү.
16-берене. Сот актыларынын милдеттүүлүгү
1. Сот жарандык иштер боюнча сот актыларын чечим, буйрук, аныктама жана токтом формасында кабыл алат.
2. Кыргыз Республикасынын сотторунун жарандык иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар, кызмат адамдары жана жарандар, менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар үчүн милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кыйшаюусуз аткарылууга жатат.
3. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын аткарбоо, ага тете эле сотту урматтабоонун кайсы болбосун башка көрүнүшү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
4. Сот актыларынын милдеттүүлүгү ишке катышпоочу кызыкдар жактарды өздөрүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.
2-глава. Соттун курамы. Четтетүүлөр
17-берене. Соттун курамы
1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, ушул Кодекстин 8-беренесине ылайык биринчи инстанция боюнча иштерди судьялар жеке өздөрү карайт. Ишти жеке өзү карап жаткан судья соттун атынан аракеттенет.
2. Жарандык жана экономикалык иштер апелляциялык инстанциядагы соттордо үч судьядан турган курамындагы соттук коллегия тарабынан каралат.
3. Жарандык жана экономикалык иштер кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда үч судьядан турган соттук курам тарабынан каралат.
4. Иштерди кароодо бардык судьялар тең укуктардан пайдаланат.
18-берене. Соттун коллегиялык курамда маселе чечүүсүнүн тартиби
1. Сот тарабынан коллегиялык курамда иштерди кароодо келип чыгуучу бардык маселелерди судьялар көпчүлүк добуш менен чечет. Судьялардын эч кимиси добуш бербей коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет.
2. Көпчүлүктүн чечимине макул эмес судья бул чечимге кол коюуга милдеттүү жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал ишке тиркелет, бирок жарыя кылынбайт.
19-берене. Судьяны четтетүү
1. Судья төмөнкүдөй учурларда ишти карай албайт жана четтетүүгө жатат:
1) эгерде ал ишке катышуучу жактардын же алардын өкүлдөрүнүн биринин тууганы болуп саналса;
2) эгерде ал жеке өзү, тикелей же кыйыр түрдө иштин жыйынтыгына кызыкдар болсо;
3) эгерде ал бул ишти мурдагы кароодо прокурор, эксперт, адис, котормочу, өкүл, сот жыйналышынын катчысы катары катышса.
2. Ишти карап жаткан соттун курамына өз ара туугандыкта турган адамдар кире албайт.
20-берене. Судьянын ишти кароого кайрадан катышуусуна жол берилбестик
1. Ишти кароого катышкан судья башка инстанциядагы сотто бул ишти кароого катыша албайт.
2. Ишти биринчи же экинчи инстанцияда кароого катышкан судья ушул эле ишти ушул эле инстанцияда кайрадан кароого катыша албайт.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары иштерди жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча караган учурларга, ошондой эле ишти чечим чыгаруусуз мурдагы караган учурларга карата жайылтылбайт.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти кассациялык тартипте кароого катышуусу анын бул ишти ушул эле тартипте кароого кайрадан катышуусуна жолтоо болуп саналбайт.
21-берене. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, сот жыйналышынын катчысын четтетүү үчүн негиздер
1. Ушул Кодекстин 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер экспертке, адиске, котормочуга, сот жыйналышынын катчысына да жайылтылат.
Мындан тышкары, эксперт же адис төмөнкүдөй учурларда ишти кароого катыша албайт:
эгерде алар ишке катышуучу жактардын же алардын өкүлдөрүнүн кимдир-бирөөсүнө кызматтык же башка көз карандылыкта турса же мурда турса;
эгерде алар материалдары сотко кайрылуу үчүн негиз болгон же болбосо жарандык ишти кароодо колдонулган текшерүүнү жүргүзсө.
2. Эксперттин, адистин, котормочунун жана сот жыйналышынын катчысынын ушул эле ишти мурдагы кароодо тиешелүүлүгүнө жараша эксперт, адис, котормочу, сот жыйналышынын катчысы катары катышкандыгы аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.
3. Ушул Кодекстин 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер прокурорго да жайылтылат. Мында прокурордун бул ишти мурдагы кароодо прокурор катары катышкандыгы аны четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.
22-берене. Четтетүү же өзүн өзү четтетүү жөнүндө билдирүү
1. Ушул Кодекстин 19, 20 жана 21-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо судья өзүн өзү четтетүүсүн билдирүүгө милдеттүү.
Ушул Кодекстин 19-беренесинде жана 21-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот жыйналышынын катчысы өзүн өзү четтетүүсүн билдирүүгө милдеттүү.
Ишке катышуучу башка жактар тарабынан да ушундай эле негиздер боюнча четтетүү билдирилиши мүмкүн.
2. Четтетүү же өзүн өзү четтетүү жүйөлөнүшү жана ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин билдирилиши керек. Ишти маңызы боюнча кароонун жүрүшүндө четтетүү же өзүн өзү четтетүүсүн жөнүндө билдирүүнү кароого четтетүүнүн же өзүн өзү четтетүүнүн негизи иш кароо башталгандан кийин сотко же четтетүүнү же өзүн өзү четтетүүнү билдирүүчү жакка белгилүү болгон учурда гана жол берилет.
3. Судьяны жана процесстин башка катышуучуларын четтетүү жөнүндө негизделбеген билдирүү канааттандырылууга жатпайт.
23-берене. Билдирилген четке кагууну же өзүн өзү четке кагууну чечүүнүн тартиби
1. Четтетүү билдирилген учурларда сот ишке катышуучу жактардын пикирин угат, ошондой эле, эгерде четтетилүүчү түшүндүрмө берүүнү кааласа, четтетүү билдирилген жакты угат.
2. Ишти сот тарабынан коллегиялык курамда кароодо судьялардын бирин четтетүү жөнүндө маселени калган судьялар четтетүү билдирилген судьянын катышуусуз чечет. Четтетүү үчүн жана четтетүүгө каршы берилген добуштар тең санда болгондо судья четтетилди деп эсептелет. Бир нече судьяга же соттун бүткүл курамына билдирилген четтетүү ушул эле сот тарабынан толук курамда, добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен чечилет.
3. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну жана сот жыйналышынын катчысын четтетүү жөнүндө билдирүү ишти карап жаткан сот тарабынан, жүйөлөнгөн аныктама чыгаруу жолу менен чечилет.
4. Эгерде бир эле убакта судьяны, прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну же сот жыйналышынын катчысын четтетүү билдирилсе, биринчи кезекте судьяны четтетүү жөнүндө билдирүү чечилет.
5. Судьяны четтетүү жөнүндө арызды кароонун натыйжалары боюнча билдирилген четтетүүнү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөөлөнгөн аныктама чыгарылат. Четтетүү жана өзүн-өзү четтетүү маселеси боюнча аныктама даттанылбайт, бирок жүйөлөр апелляциялык, кассациялык даттанууларга киргизилиши мүмкүн.
6. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Четтетүү (өзүн өзү четтетүү) жөнүндө билдирүүнү канааттандыруунун натыйжалары
1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти карап жаткан судья четтетилген (өзүн өзү четтеткен) учурда бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Эгерде иш каралып жаткан сотто судьяны алмаштырууга мүмкүн болбосо, иш биринчи инстанциядагы башка сотко жогору турган сот аркылуу берилет. Экономикалык иштер боюнча иш Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу берилет.
2. Ишти апелляциялык, кассациялык инстанциядагы сотто кароодо судьялар четтетилген (өзүн өзү четтеткен) учурда иш ошол эле сотто, бирок судьялардын башка курамында каралат.
3. Эгерде четтетүүлөрдү канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 19-беренесинде көрсөтүлгөн себептер боюнча апелляциялык инстанциядагы сотто бул ишти ошол эле сотто кароо үчүн соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, иш жогору турган сот аркылуу ошол эле инстанциядагы башка сотко берилиши керек.
3-глава. Ведомстволук караштуулук
25-берене. Жарандык иштердин сотторго ведомстволук караштуулугу
Конституциялык жана администрациялык сот өндүрүшүнө таандык кылынган иштерди кошпогондо, соттор бардык иштерди жарандык сот өндүрүшү тартибинде карайт.
26-берене. Талашты аксакалдар сотунун чечүүсүнө өткөрүп берүү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жарандык иш тараптардын макулдашуусу боюнча аксакалдар сотунун чечүүсүнө өткөрүп берилиши мүмкүн.
27-берене. Талашты бейтарап соттун чечүүсүнө өткөрүп берүү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, сотко ведомстволук караштуулуктагы талаш биринчи инстанциядагы сотто чечим кабыл алынганга чейин тараптардын макулдугу менен бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн.
4-глава. Сотко караштуулук
28-берене. Жарандык иштердин сотторго караштуулугу
Административдик сотко караштуу иштерден тышкаркы бардык жарандык иштер райондук сотко (шаардагы райондук сотко, шаардык сотко) караштуу болот.
Сот өндүрүшүн санариптик формада жүзөгө ашырууда ушул Кодексте белгиленген жарандык иштердин аймактык сотко караштуулугу, сотко өзгөчө караштуулук тартибинде каралуучу жарандык иштерди кошпогондо, иштерди жана материалдарды судьялар менен соттордун ортосунда бирдей бөлүштүрүү максатында өзгөртүлүшү мүмкүн.
Сот өндүрүшүн санариптик формада жүргүзүүдө жарандык иштерди автоматтык бөлүштүрүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-берене. Өз ара байланышкан бир нече талаптардын сотко караштуулугу
1. (Абзац КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ар түрдүү сот өндүрүштөрүндө каралууга жатуучу бир нече талапты бир өндүрүшкө бириктирүүгө жол берилбейт.
2. Эгерде ишти райондук сотто териштирүүдө бул иш административдик сотко караштуу болуп калса, сот ишти административдик сотко өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
3. Эгерде административдик сотто ишти териштирүүдө бул иш райондук сотко караштуу болуп калса, сот ишти райондук сотко өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-берене. Жоопкердин жашаган жери же жайгашкан жери боюнча доо коюу
1. Доо жоопкердин жашаган жери боюнча сотто коюлат.
2. Юридикалык жакка карата доо юридикалык жактын жайгашкан жери же анын мүлкү турган жер боюнча коюлат.
3. Уюштуруучунун (катышуучунун, акционердин) юридикалык жакка карата доосу бул юридикалык жактын жайгашкан жери боюнча коюлат.
31-берене. Доогердин тандоосу боюнча сотко караштуулук
1. Жашаган жери, жайгашкан жери белгисиз же болбосо Кыргыз Республикасында жашаган жери жок жоопкерге карата доолор Кыргыз Республикасындагы анын мүлкү турган жер боюнча же белгилүү акыркы жашаган жери же жайгашкан жери боюнча коюлушу мүмкүн.
2. Юридикалык жактын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн иш-аракетинен келип чыгуучу доолор доогер тарабынан филиалдын же өкүлчүлүктүн жайгашкан жери боюнча да коюлушу мүмкүн.
3. Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн.
4. Майып болуудан же ден соолугуна башка зыян кылуудан, ошондой эле баккан адамынын өлүмүнөн улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доо доогер тарабынан анын жашаган жери боюнча же зыян келтирилген жер боюнча да коюлушу мүмкүн.
5. Никени бузуу жөнүндө доо доогердин колунда жашы жете элек балдары болгон же доогердин ден соолугуна байланыштуу анын жоопкердин жашаган жерине баруусу кыйындыкка турган учурларда доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн.
6. Жаранды мыйзамсыз соттоодон, жазыктык жоопкерчиликке мыйзамсыз тартуудан, бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну, эч жакка кетпөө жөнүндө кол койдуруп алууну мыйзамсыз колдонуудан же болбосо камак түрүндө администрациялык жаза чарасын мыйзамсыз көрүүдөн улам жаранга келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланышкан эмгектик, пенсиялык жана турак жайлык укуктарын калыбына келтирүү, мүлктү же анын наркын кайтарып берүү жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн.
7. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча же келишим түзүлгөн же аткарылган жер боюнча да коюлушу мүмкүн.
8. Аткарыла турган жери көрсөтүлгөн келишимден келип чыгуучу доолор келишим аткарыла турган жер боюнча да коюлушу мүмкүн.
9. Ушул Кодекстин 32-беренесинде белгиленген сотко караштуулукту кошпогондо, иш ушул беренеге ылайык караштуу болгон бир нече соттун ичинен тандап алуу доогерге таандык болот.
32-берене. Сотко өзгөчө караштуулук
1. Жер участокторуна, жер казынасынын участокторуна, обочолонгон суу объекттерине, токойго, көп жылдык бак-дарактарга, имараттарга, курулмаларга жана жерге бекем байланышкан башка объекттерге (кыймылсыз мүлккө) укуктар жөнүндө, ошондой эле мүлктү бошотуу жөнүндө доо бул объекттердин же камак салынган мүлктүн жайгашкан жери боюнча коюлат.
2. Мурас калтыруучунун кредиторлорунун мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин койгон доолору мурас мүлк же анын негизги бөлүгү жайгашкан жер боюнча сотко караштуу болот.
3. Жүктү, жүргүнчүлөрдү же багажды ташуу келишимдеринен келип чыгуучу, ташуучуларга карата доолор транспорт ишканасынын органы жайгашкан жер боюнча коюлат.
33-берене. Өз ара байланышкан бир нече иштердин сотко караштуулугу
1. Ар кайсы жерлерде жашаган же жайгашкан бир нече жоопкерге карата доо доогердин тандоосу боюнча жоопкерлердин бири жашаган же жайгашкан жер боюнча коюлат.
2. Тосмо доо, талаштын предметине өз алдынча талаптарын билдирүүчү үчүнчү жактын доосу анын сотко караштуулугуна карабастан, баштапкы доо каралган жер боюнча сотто коюлат.
3. Жазыктык иштен келип чыгуучу жарандык доо, ушул Кодексте белгиленген сотко караштуулук эрежелери боюнча жарандык сот өндүрүшү тартибинде кароо үчүн коюлат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
34-берене. Келишим боюнча сотко караштуулук
1. Тараптар иш үчүн аймактык сотко караштуулукту өз ара макулдашуу боюнча өзгөртүшү мүмкүн.
2. Ушул Кодекстин 32-беренесинде белгиленген сотко караштуулук тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
35-берене. Соттун өз өндүрүшүнө кабыл алган ишти башка сотко өткөрүп берүүсү
1. Сот ишти башка соттун кароосуна төмөнкүдөй учурларда өткөрүп берет:
1) эгерде жашаган жери же жайгашкан жери мурда белгисиз болгон жоопкер ишти анын жашаган жери же жайгашкан жери боюнча сотко өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч билдирсе жана ушул өтүнүч сот тарабынан канааттандырылса;
2) эгерде бир же бир нече судья четтетилгенден кийин бул сотто судьяларды алмаштыруу же ишти кароо мүмкүн болбой калса, мындай учурда ишти өткөрүп берүү жогору турган сот тарабынан жүзөгө ашырылат;
3) эгерде ишти бул сотто кароодо бул иш сотко караштуулук эрежелерин бузуу менен өндүрүшкө кабыл алынгандыгы аныкталса;
4) ушул Кодекстин 29-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 3 жана 4-пункттарында каралган негиздер боюнча ишти башка сотко өткөрүп берүү же ишти башка сотко өткөрүп берүүдөн баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы чыгарылат, ага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Ишти башка сотко өткөрүп берүү бул аныктаманы даттануунун мөөнөтү бүткөндөн кийин, ал эми даттануу (сунуштама) берилген учурда - даттанууну канааттандырбастан калтыруу жөнүндө соттун аныктамасы чыгарылгандан кийин жүзөгө ашырылат.
3. Бир соттон башка сотко жөнөтүлгөн иш ал жөнөтүлгөн соттун кароосуна кабыл алынууга тийиш. Соттордун ортосундагы сотко караштуулук жөнүндө талаштарга жол берилбейт.
5-глава. Ишке катышуучу жактар
36-берене. Ишке катышуучу жактардын курамы
Тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, башка жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуучу жактар же ушул Кодекстин 5, 49 жана 50-беренелеринде каралган негиздер боюнча корутунду берүү максатында процесске кошулуучу жактар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө өндүрүштүн иштери боюнча кызыкдар жактар ишке катышуучу жактар деп таанылат.
37-берене. Ишке катышуучу жактардын укуктары жана милдеттери
1. Ишке катышуучу жактар иштин материалдары менен таанышууга, алардан көчүрүп жазмаларды алууга, алардын көчүрмөсүн алууга, четтетүүлөрдү билдирүүгө, далилдерди келтирүүгө, ишке катышуучу башка жактарга, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге суроо берүүгө, өтүнүч билдирүүгө, сотко оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө, сот процессинин жүрүшүндө келип чыгуучу бардык маселелер боюнча өзүнүн жүйөлөрүн келтирүүгө, ишке катышуучу башка жактардын өтүнмөлөрүнө жана жүйөлөрүнө каршы чыгууга, сот актыларын даттанууга жана ушул Кодексте аларга берилген башка процесстик укуктарды пайдаланууга укуктуу.
11. Тараптар медиациялык маалыматтык жолугушууга келүүгө милдеттүү.
2. Ишке катышуучу жактар аларга таандык бардык процесстик укуктарды ак ниеттүү пайдаланууга жана өзүнүн процесстик милдеттерин аткарууга милдеттүү. Процесстик милдеттер аткарылбаганда ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган натыйжалар келип чыгат.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
38-берене. Жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүк
Жарандык процесстик укуктарга жана милдеттерге ээ болууга жөндөмдүүлүк (жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүк) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын соттук коргоо укугуна ээ болуучу бардык жарандарга жана юридикалык жактарга карата бирдей өлчөмдө таанылат.
39-берене. Жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүк
1. Өз аракеттери аркылуу өзүнүн процесстик укуктарын жүзөгө ашырууга, сотто өзүнүн процесстик милдеттерин аткарууга жана өз иштерин жүргүзүүнү өкүлүнө тапшырууга жөндөмдүүлүк (жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүк) жашы жеткен жарандарга, башкача айтканда жашы он сегизге толгон жарандарга жана юридикалык жактарга толук көлөмдө таандык болот.
Аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаран аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө өз алдынча же өкүлү аркылуу сотко кайрылууга укуктуу.
2. Он сегиз жашка чыкканга чейин никеге турууга мыйзамда жол берилген учурда никеге турган убактан тартып, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте аракетке толук жөндөмдүү деп жарыяланган (эмансипация) учурда жашы жете элек адам өзүнүн процесстик укуктарын жана процесстик милдеттерин сотто жеке өзү жүзөгө ашыра алат.
3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электердин, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган жарандардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары сотто алардын ата-энеси, асырап алуучулары, багып алган ата-энеси же камкорчулары тарабынан корголот, бирок сот мындай иштерде жашы жете электердин же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган жарандардын өздөрүн катыштырууга укуктуу.
4. Мыйзамда белгиленген учурларда, атап айтканда, жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик жана башка укук мамилелеринен, ошондой эле алынган эмгек акыны же ишкердиктен түшкөн кирешелерди тескөөгө байланышкан бүтүмдөрдөн келип чыгуучу иштер боюнча учурларда жашы жете электер сотто өз укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын жеке өздөрү коргоого укуктуу. Бирок сот мындай иштерде жашы жете электердин мыйзамдуу өкүлдөрүн катыштырууга укуктуу.
5. Он төрт жашка чыга элек жашы жете электердин, ошондой эле психикасы бузулгандыктан улам аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары сотто алардын мыйзамдуу өкүлдөрү - ата-энеси, асырап алуучулары, багып алган ата-энеси, көзөмөлдөөчүсү, тарбиялоо, дарылоо мекемелеринин, калкты социалдык коргоо мекемелеринин же башка ушундай мекемелердин администрациясы тарабынан корголот. Сот аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаранды катышууга тартууга укуктуу.
(КР 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
40-берене. Тараптар
1. Жарандар, кызмат адамдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар жарандык процесстеги тараптар - доогер жана жоопкерлер боло алат.
2. Мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жак болуп саналбаган уюмдар да тараптар боло алат.
3. Башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга мыйзам боюнча укугу бар органдардын жана жактардын арызы боюнча кызыкчылыгында иш башталган жакка сот келип чыккан процесс жөнүндө билдирет жана бул жак иште доогер катары катышат.
4. Кыргыз Республикасы, жергиликтүү коомдоштуктар жарандык процессте тарап боло алат, алар процессте мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу чыгат.
5. Тараптар тең процесстик укуктардан пайдаланат жана процесстик тең милдеттерди аткарат.
41-берене. Иште бир нече доогердин жана жоопкердин катышуусу
1. Доо бир нече доогер тарабынан биргелешип коюлушу же бир нече жоопкерге карата коюлушу мүмкүн (процесстик кошо катышуу). Доогерлердин же жоопкерлердин ар бири процессте экинчи тарапка карата өз алдынча чыгат. Кошо катышуучулар ишти жүргүзүүнү кошо катышуучулардын бирине тапшыра алат.
2. Процесске кошо катышууга жол берилет, эгерде:
1) бир нече доогердин же жоопкердин жалпы укуктары же милдеттери талаштын предмети болуп саналса;
2) бир нече доогердин же жоопкердин укуктары жана милдеттери бир негизге ээ болсо;
3) бир тектүү укуктар жана милдеттер талаштын предмети болуп саналса.
3. Мыйзамда каралган учурларда сот кошо жоопкерди же кошо жоопкерлерди ишке катышуу үчүн тартат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
42-берене. Талаптагыдай эмес жоопкерди алмаштыруу
1. Биринчи инстанциядагы сот ишти даярдоодо же аны сотто териштирүү убагында доо ал боюнча жооп берүүгө тийиш эмес жакка коюлуп калгандыгын белгилеп, доогердин өтүнмөсү боюнча талаптагыдай эмес жоопкерди талаптагыдай жоопкер менен алмаштыра алат.
2. Талаптагыдай эмес жоопкерди алмаштыруу жөнүндө аныктама чыгарылат.
3. Талаптагыдай эмес жоопкерди алмаштыргандан кийин ишти даярдоо жана кароо кайра башынан жүргүзүлөт.
43-берене. Доону өзгөртүү, доодон баш тартуу, доону таануу, тосмо доо, жарашуу макулдашуусу
1. Доогер биринчи инстанциядагы соттун чечими чыгарылганга чейин доонун негизин же предметин өзгөртүүгө жана доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө укуктуу. Ошондой эле доогер процесстин кайсы болбосун стадиясында доо талаптарынын өлчөмүн азайтууга жана доодон баш тартууга укуктуу.
Доо арызга толуктоолор жана (же) өзгөртүүлөр сотко жазуу жүзүндө машинкага басылган текст менен доо арыз берилген тилде берилет.
2. Жоопкер доону моюнга алууга же тосмо доо коюуга укуктуу.
3. Тараптар ишти процесстин кайсы болбосун стадиясында жарашуу макулдашуусу менен бүтүрө алат.
4. Эгерде анын шарттары мыйзамга каршы келсе, сот тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитүүдөн баш тартат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
44-берене. Талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды билдирүүчү үчүнчү жактар
Талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды билдирүүчү үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим чыгарылганга чейин бир тарапка же эки тарапка доо коюу жолу менен процесске кошулушу мүмкүн. Алар доогердин бардык укуктарынан пайдаланат жана бардык милдеттерин тартат.
45-берене. Талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды билдирбөөчү үчүнчү жактар
1. Эгерде чечим тараптардын бирине карата үчүнчү жактардын укуктарына же милдеттерине таасир тийгизе турган болсо, талаштын предметине карата өз алдынча талаптарын билдирбеген үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин доогердин же жоопкердин тарабында процесске кире алат. Ошондой эле алар ишке катышуучу жактардын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен ишке катышууга тартылышы мүмкүн.
2. Өз алдынча талаптарды билдирбөөчү үчүнчү жактар тараптын доонун негизин жана предметин өзгөртүүгө, доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, доодон баш тартууга, доону таанууга, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, тосмо доо коюуга, соттун чечимин мажбурлап аткартууну талап кылууга болгон укугунан башка процесстик укуктарынан пайдаланат жана процесстик милдеттерин тартат.
46-берене. Ишке катышууга үчүнчү жактарды тартуу же киргизүү жөнүндө сот аныктамасы
1. Үчүнчү жактар ишке катышууга соттун аныктамасы менен тартылат же киргизилет.
2. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
47-берене. Процесстик укук улантуучулук
1. Тарап талаштуу же чечимде белгиленген укук мамилелеринен чыгып калган учурда (жарандын өлүмү, юридикалык жактын кайра уюшулушу, талап кылуунун башка жакка берилүүсү, карыздын которулушу жана материалдык укук мамилесинде жактардын алмашкан башка учурлары) сот жүйөлөнгөн, даттанылышы мүмкүн болгон аныктама аркылуу тарапты анын укук улантуучусу менен алмашуусуна жол берет. Укук улантуучулук процесстин кайсы болбосун стадиясында болушу мүмкүн.
2. Укук улантуучунун процесске кошулушуна чейин жасалган бардык аракеттер укук улантуучу үчүн ал алмаштырган жак үчүн милдеттүү болгон өлчөмдө милдеттүү болот.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
48-берене. Прокурордун процессте катышуусу
1. Прокурор башка жактардын же чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко билдирүү менен кайрылууга, ошондой эле, эгерде муну жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо талап кылса, сотто каралып жаткан ишке кошулууга укуктуу. Мында сот доо берилген жактын кызыкчылыгында аны доогер катары тартууга укуктуу.
2. Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча билдирүүнү прокурор ошол кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча, эгерде ошол жаран өзү жүйөлүү себептер менен сотко кайрыла албаса гана (ден соолугуна, жаш курагына жана башка себептер боюнча) берет. Аракетке жарамсыз жарандардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча арызды прокурор кызыкдар жактын өтүнүчү болгон-болбогондугуна карабастан берет.
3. Арыз менен кайрылган прокурор жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан башка бардык процесстик укуктардан пайдаланат жана доогердин процесстик милдеттерин аткарат. Башка жактын кызыкчылыктарын коргоо боюнча коюлган талапты колдоодон прокурор баш тарткан учурда, эгерде ошол жак же анын мыйзамдуу өкүлү доодон баш тартуу жөнүндө билдирбесе, ишти маңызы боюнча кароо улантыла берет. Прокурор билдирген доодон доогер баш тарткан учурда, сот иш боюнча өндүрүштү токтотот.
4. Прокурор мыйзамда каралган учурларда процесске кирет.
5. Мыйзамда прокурордун милдеттүү катышуусу каралган учурлардан башка учурларда ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабардар кылынган прокурордун келбей калуусу ишти кароого тоскоолдук болуп саналбайт. Мындай учурларда сот соттук териштирүүнү кийинкиге жылдырат.
6. Прокурордун ыйгарым укуктары анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документ менен ырасталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
49-берене. Башка жактардын укуктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылуу
1. Мыйзамда каралган учурларда мамлекеттик, органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка органдар, жарандар жана юридикалык жактар башка жактардын өтүнүчү боюнча алардын же чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча доо менен сотко кайрыла алат.
2. Башка жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча доо койгон жактар жарашуу макулдашуусун түзүүдөн башка доогердин бардык процесстик укуктарынан пайдаланат жана бардык процесстик милдеттерин аткарат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар доодон баш тарткан учурда доодон ушул Кодекстин 48-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган процесстик натыйжалар келип чыгат.
50-берене. Иш боюнча корутунду берүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын процесске катышуусу
Зарыл болгон учурларда сот тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органды же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын иш боюнча корутунду берүү үчүн ишке катышууга тарта алат.
6-глава. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү жактар
51-берене. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү жактардын курамы
Ишке катышуучу жактардан тышкары жарандык процесске эксперттер, адистер, котормочулар, күбөлөр катыша алат.
52-берене. Эксперт
1. Жарандык сот өндүрүшүндө корутунду берүү үчүн зарыл атайын билимге ээ болгон жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган адам эксперт катары чыга алат.
2. Билип туруп жалган корутунду бергендиги, ошондой эле корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат.
53-берене. Адис
1. Процесстик аракеттерди жасоо убагында иштин жагдайлары жана далилдер боюнча консультация, түшүндүрмө бере алуучу, техникалык каражаттарды колдонуу жагында атайын билимдерге жана көндүмдөргө ээ болгон же техникалык жардам көрсөтө алган адам жарандык сот өндүрүшүндө адис катары чыгат. Далилдерди иликтөөдө сотко же болбосо сот жыйналышынын катышуучуларына илим, техника, искусство же кол өнөрчүлүк жаатындагы атайын билимдер жана көндүмдөр талап кылынган учурларда соттук териштирүүгө катышуу үчүн адис чакыртылат.
2. Ушул Кодекстин 393-беренесинде көрсөтүлгөн учурдан башка учурларда адистин консультацияларынын жана түшүндүрмөлөрүнүн укуктук маселелерге тиешеси болбойт. Процесстик аракеттерди жасоо убагында адистин жардамы эксперттин корутундусун алмаштырбайт.
3. Соттун адисти чакыруу жөнүндө талабы адис иштеген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын жетекчилери жана кызмат адамдары үчүн милдеттүү болот.
4. Билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн адис Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.
Эгерде адис сот жүйөсүз деп тааныган себептер боюнча соттун чакыруусуна келбесе, консультация жана түшүндүрмө берүүдөн баш тартса же качса же техникалык жардам көрсөтпөсө, ага элүү эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө айыппул салынышы мүмкүн.
54-берене. Адистин укуктары жана милдеттери
1. Адис өзүнүн сотко чакырылышынын максатын билүүгө; эгерде ал тиешелүү билимдерге жана көндүмдөргө ээ болбосо, жарандык процесске катышуудан баш тартууга; ишке катышуучу жактарга соттун уруксаты менен суроо берүүгө; эгерде аткарган иши анын кызматтык милдеттерине кирбесе, аткарган иши үчүн акы алууга; сотко чакырууга байланышкан чыгымдарына компенсация алууга укуктуу.
2. Адис соттун чакыруусу боюнча келүүгө; ишти териштирүүгө катышууга; илим, техника, искусство же кол өнөрчүлүк жаатындагы билимдерине жана көндүмдөрүнө таянып өз пикирин айтууга; сот койгон суроолорго жооп берүүгө; оозеки жана жазуу жүзүндөгү консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө; далилдердин мүнөздүү жагдайларына же өзгөчөлүктөрүнө соттун көңүлүн бурууга; зарыл болгондо сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
55-берене. Котормочу
1. Которуу үчүн зарыл тилдерди билген жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган адам котормочу болуп саналат.
2. Котормочу жарандык процесстин катышуучулары сунуш кылган адамдардын ичинен дайындалышы мүмкүн.
Процесстин башка катышуучулары которуу үчүн талап кылынган тилдерди билсе да котормочунун милдетин өзүнө алууга укуксуз.
3. Котормочу соттун чакыруусу менен келүүгө жана которууну толук, туура жана өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттүү.
4. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.
5. Ушул берененин эрежелери дудуктун же дүлөйдүн жаңсоолорун түшүнгөн жана ишти териштирүүгө чакырылган адамга (сурдокотормочуга) жайылтылат.
56-берене. Күбө
1. Соттун талашты чечүүсү үчүн мааниге ээ маалыматтар жана жагдайлар белгилүү болгон кайсы болбосун адам күбө боло алат.
2. Күбө соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана иш боюнча өзүнө белгилүү маалыматтарды жана жагдайларды билдирүүгө милдеттүү.
3. Билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги жана көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы үчүн күбө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.
7-глава. Соттогу өкүлчүлүк
57-берене. Ишти өкүлдөр аркылуу жүргүзүү
1. Жарандар өз иштерин жеке өздөрү же өкүлдөрү аркылуу жүргүзүүгө укуктуу. Жарандын ишке жеке өзү катышуусу аны ушул иш боюнча өкүлгө ээ болуу укугунан ажыратпайт.
2. Юридикалык жактардын жана юридикалык жак статусу болбогон башка уюмдардын иштерин сотто алардын мыйзамдарда, уюштуруу документтеринде берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде аракеттенген органдары же болбосо тиешелүү ыйгарым укуктар берилген өкүлдөрү жүргүзөт. Уюмдардын жетекчилери сотко алардын кызматтык абалын жана ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документтерди берет.
58-берене. Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү коомдоштуктардын иштерин жүргүзүү
1. Кыргыз Республикасынын атынан сотто ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ал эми жергиликтүү коомдоштуктардын атынан - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул органдар жөнүндө жоболордо же бул органдардын статусун аныктоочу башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген өз компетенциясынын чектеринде чыгат.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомдоштуктар жөнүндө ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте, атайын тапшырма боюнча жана алардын атынан сотто тийиштүү юридикалык жана жеке жактар чыга алат.
59-берене. Сотто өкүл боло ала турган адамдар
1. Төмөнкүлөр сотто өкүл боло алат:
1) адвокаттар;
2) мыйзам, устав же жобо менен ушул юридикалык жактын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо укугу берилген юридикалык жактардын жана алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) кызматкерлери;
3) тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызыкчылыктарын коргоочу, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катары чыгуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери;
4) юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келген юридикалык өкүлдөр;
5) ушул Кодекстин 61-беренесинде көрсөтүлгөн мыйзамдуу өкүлдөр.
2. Ушул берене жеке жактардын сот процессине өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз алдынча катышуу укугун чектебейт.
(КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
60-берене. Сотто өкүл боло албай турган адамдар
Сотто төмөнкүлөр өкүл боло албайт:
1) жашы жете элек адам;
2) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;
3) процесске тийиштүү уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү же мыйзамдуу өкүлү катары катышкандан учурлардан башка учурларда судья, тергөөчү, прокурор, сот аткаруучулар, өкүлчүлүктүү органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары;
4) адвокаттык иш жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аракеттенген адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр;
5) кызыкчылыктары өкүлчүлүк кылынган жактын кызыкчылыктарына каршы келген жактарга бул иш боюнча юридикалык жардам көрсөтүп жаткан же мурда көрсөткөн адам;
6) судья, прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот жыйналышынын катчысы, соттук аткаруучу, күбө же калыс катары катышкан адам.
(КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
61-берене. Мыйзамдуу өкүлдөр
1. Аракетке жөндөмсүз жарандардын, аракетке толук жөндөмдүү эмес же аракетке жөндөмдүүлүккө ээ болбогон же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган адамдардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын сотто жаш курагына карабастан алардын ата-энеси, асырап алуучулар, камкорчулар же көзөмөлчүлөр коргойт.
2. Мыйзамдуу өкүлдөр өздөрү өкүлү болуп жаткан адамдардын атынан, жасоо укугу ушул адамдарга таандык болгон бардык процесстик аракеттерди мыйзамда каралган чектөөлөр менен аткарат.
3. Белгиленген тартипте дайынсыз жоголду деп таанылган жаран катышууга тийиш болгон иште дайынсыз жоголгон адамдын мүлкү башкарууга берилген адам анын өкүлү катары чыгат.
4. Өлгөн же белгиленген тартипте өлгөн деп жарыяланган адамдын мураскору катышууга тийиш болгон иште мураскордун өкүлү катары, эгерде мурасты эч ким кабыл ала элек болсо, мураска калган мүлктү кайтарууга жана башкарууга дайындалган сактоочу же камкорчу чыгат.
5. Мыйзамдуу өкүлдөр сотто ишти алып барууну өздөрү өкүл катары тандап алган башка адамга тапшыра алат.
6. Жашы жете электердин укуктарын коргоо жөнүндө иштер боюнча жашы жете элек адамдын өзү демилгечи катары чыкканда, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда сот адвокатты өкүл катары дайындайт.
62-берене. Өкүлдүн ыйгарым укуктарын жол-жоболоштуруу
1. Сотто жеке жактардын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу адвокаттар же юридикалык өкүлдөр тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен таризделет.
Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт.
2. Ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр алардын укуктарын ырастоочу документтерди сотко көрсөтөт.
3. Юридикалык жактардын өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу адамга берилген жазуу жүзүндөгү ишеним кат же кызмат адамынын юридикалык жакка ишеним катсыз өкүлдүк кылуу укугун ырастоочу документтер менен жол-жоболоштурулат.
4. Адвокаттын ыйгарым укуктары тапшырма ордери жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык түзүлгөн юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим менен ырасталат.
5. Эгерде өкүл башка катышуучулардын тапшырмасы боюнча процесстик кошо катышуучулардын бири болсо, ишеним кылган адам анын ыйгарым укуктарын сотто оозеки билдирет, билдирүү сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.
6. Сотко кайрылганда өкүл ишеним каттын түп нускасын же көчүрмөсүнүн талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн формасын көрсөтүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
63-берене. Өкүлдүн ыйгарым укуктары
1. Сотто ишти алып барууга ыйгарым укуктар өкүлгө ал өкүлү болуп жаткан жактын атынан бардык процесстик иш-аракеттерди аткарууга укук берет.
2. Мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары, өкүлдүн доо арызга (арызга) же доо арызына (арызына) карата каршы пикирге кол коюуга, аларды берүүгө, доону камсыз кылуу жөнүндө арызга, ишти бейтарап сотко өткөрүп берүүгө, иштин факты жүзүндөгү жагдайлары боюнча макулдашуу түзүүгө, жаңыдан ачылган жагдайлар жана жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо жөнүндө арызга кол коюуга, ишти аксакалдар сотуна өткөрүп берүүгө, доо талаптарынан толук же жарым-жартылай баш тартууга, доону толук же жарым-жартылай таанууга, доо талаптарын көбөйтүүгө же азайтууга, доонун предметин жана негизин өзгөртүүгө, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, ыйгарым укуктарын башка жакка өткөрүп берүүгө (ишенимди өткөрүп берүүгө) соттук актыга даттанууга, даттануудан баш тартууга, аткаруу барагын берүүгө укуктары өкүлдүк кылууну тапшырган жак дайындаган жак берген ишеним катта же тапшырма келишиминде атайын эскертилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-глава. Далилдер жана далилдөө
64-берене. Далилдер
1. Мыйзамда белгиленген тартипте алынган жана алардын негизинде сот тараптардын талаптарына же каршы пикирлерине негиз болуучу жагдайлардын, ошондой эле иштин туура чечилиши үчүн мааниси бар башка жагдайлардын бар же жок экендигин мыйзамда белгиленген тартипте тастыктай турган бардык фактылык маалыматтар далилдер деп эсептелет.
2. Бул маалыматтар тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн, анын ичинде видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу жолу менен алынган, ошондой эле көрсөтүүлөрү, жазуу жана буюм түрүндөгү далилдер, аудио жана видео жазуулар, эксперттин корутундулары менен белгиленет.
3. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер юридикалык күчкө ээ эмес жана сот актысына негиз боло албайт.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
65-берене. Далилдөө милдети
1. Ишке катышуучу жактар өз талаптарынын же каршы пикирлеринин негизи катары шилтеме кылган жагдайларды далилдөөгө тийиш.
2. Ишке катышуучу жактардын талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизинде ишти туура чечүү үчүн кайсы жагдайлардын мааниси бар экендигин сот колдонулууга жатуучу укук нормаларын эске алуу менен аныктайт.
3. Тараптар жана ишке катышуучу башка жактар кошумча далилдерди келтирүүгө укуктуу.
66-берене. Далилдерди берүү жана талап кылуу
1. Далилдер тараптар жана ишке катышуучу башка жактар тарабынан берилет.
2. Далилди талап кылуу жөнүндө өтүнмөдө далил белгиленүүгө тийиш, ошондой эле иш үчүн мааниси бар кайсы жагдайларды алар өзү ырастай же жокко чыгара ала тургандыгы, далилди алууга тоскоолдук кылып жаткан себептер жана анын жайгашкан жери көрсөтүлүүгө тийиш. Максатка ылайыктуулугун эске алуу менен сот далилди алуу үчүн тарапка суроо-талап коет. Сот тарабынан талап кылынып жаткан далил колунда болгон жак аны тикелей сотко берет же сотко берүү үчүн тиешелүү суроо-талап коюлган жактын колуна берет.
3. Талап кылынып жаткан далилди берүүгө мүмкүнчүлүгү жок же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган кызмат адамдары же жарандар суроо-талапты алгандан кийин бул жөнүндө бир аптанын ичинде себебин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө тийиш. Билдирилбеген учурда, ошондой эле далилди берүү жөнүндө соттун талабы сот жүйөлүү эмес деп тааныган себептерден улам аткарылбаганда сот ишине катышуучу жак болуп саналбаган күнөөлүү жактарга айыппул салынат: жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн он чейинки, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн жыйырмага чейинки, уюмдарга - эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө.
Айыппул салуу талап кылынган далилдерге ээлик кылган тиешелүү кызмат адамдарын, жарандарды жана уюмдарды сотко далилдерди берүү милдетинен бошотпойт.
67-берене. Далилдерди алар жайгашкан жерде карап чыгуу жана иликтөө
1. Жазуу жүзүндөгү же буюмдук далилдерди сотко алып келүү мүмкүн эмес болгон жана кыйынчылык туудурган учурда сот аларды сакталган же жайгашкан жеринде карап чыгууну жана иликтөөнү жүргүзүшү мүмкүн.
2. Далилдерди жайгашкан жеринде карап чыгуу жана иликтөө сот тарабынан, келбей коюшу карап чыгуу жана иликтөө үчүн тоскоолдук кылбай турган тараптарга билдирүү менен жүргүзүлөт.
3. Карап чыгууга жана иликтөөгө эксперттер, адистер күбөлөр жана процесстин башка катышуучулары чакырылышы мүмкүн.
4. Далилдерди алар жайгашкан жерде карап чыгууда жана иликтөөдө протокол түзүлөт.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
68-берене. Далилдердин тиешелүүлүгү
1. Сот берилген далилдердин иш үчүн мааниси барларын гана кабыл алат.
2. Эгерде жак күбөнү чакыруу, башка далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнмө кылса же далилдерди берсе, ал иш үчүн мааниге ээ болгон кайсы жагдайлар бул далилдер менен аныктала тургандыгын көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Ишке катышуучу жак тарабынан берилүүчү далилдер сот тарабынан иштин материалдарына тиркелет.
69-берене. Далилдердин жол берилүүчүлүгү
Иштин мыйзам боюнча белгилүү бир далилдөө каражаттары менен ырасталууга тийиш болгон жагдайлары эч кандай башка далилдөө каражаттары менен ырасталышы мүмкүн эмес.
70-берене. Далилдөөдөн бошотуу үчүн негиздер
1. Сот тарабынан жалпыга белгилүү деп таанылган жагдайлар далилдөөнү талап кылбайт.
2. Мурда каралган жарандык, экономикалык жана администрациялык иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде белгиленген жагдайлар сот үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана алар жаңыдан далилденбейт жана ошол эле жактар катышкан башка жарандык же экономикалык ишти кароодо талашылууга жатпайт.
3. Жазыктык иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысы ушул өкүм чыгарылган адамдын аракеттеринин жарандык-укуктук натыйжалары жөнүндө ишти карап жаткан сотко бул аракеттердин болгондугунун жана аларды ушул адам жасагандыгынын маселелери боюнча милдеттүү болот.
4. Тарап башка тарап талашпаган фактыларды далилдөөгө тийиш эмес.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
71-берене. Соттун тапшырмалары
1. Ишти карап жаткан сот далилдерди башка шаардан же райондон чогултуу зарыл болгондо тиешелүү сотко айрым процесстик аракеттерди жүргүзүүнү тапшырат.
2. Сот тапшырмасы жөнүндө аныктамада каралып жаткан иштин мазмуну кыскача баяндалат, тапшырманы аткаруучу сот аныктай турган жагдайлар, чогулта турган далилдер көрсөтүлөт. Бул аныктама ал жиберилип жаткан сот үчүн милдеттүү болот жана бир айга чейинки мөөнөттө аткарылууга тийиш.
72-берене. Сот тапшырмасын аткаруунун тартиби
1. Сот тапшырмасы соттун жыйналышында, ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча аткарылат. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбей коюусу тапшырманы аткарууга тоскоол болбойт. Протоколдор жана тапшырманы аткарууда чогултулган бардык материалдар ишти карал жаткан сотко токтоосуз жиберилет.
2. Эгерде ишке катышуучу жактар же тапшырманы аткаруучу сотко түшүндүрмө же көрсөтүү берген күбөлөр ишти карап жаткан сотко келсе, алар жалпы тартипте тушүндүрмө жана көрсөтүү берет.
73-берене. Далилдерди камсыз кылуу
1. Ишке катышуучу жактар алар үчүн зарыл далилдерди берүүгө кийин мүмкүн болбойт же кыйын болуп калат деп коркууга негиздери болгондо соттон бул далилдерди камсыз кылуу жөнүндө сурана алат.
2. Сотто иш келип чыкканга чейин далилдерди камсыз кылуу нотариус же консулдук мекемелердин кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
74-берене. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз
1. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз ишинде далилдерди камсыз кылуу боюнча процесстик аракеттер жасала турган сотко берилет. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арызда камсыз кылынышы зарыл далилдер, ырасталышы үчүн бул далилдер зарыл болгон болгон жагдайлар, камсыз кылуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайрылууга арыз берүүчүгө түрткү берген себептер, ошондой эле камсыз кылынып жаткан далилдер зарыл болгон иш көрсөтүлөт.
2. Далилдерди камсыз кылуудан баш тартуу жөнүндө аныктамага карата жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
75-берене. Далилдерди камсыз кылуунун тартиби
1. Далилдерди камсыз кылуу ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча судья тарабынан жүргүзүлөт.
2. Протоколдор жана далилдерди камсыз кылуу тартибинде чогултулган бардык материалдар ишке катышуучу жактарды кабардар кылуу менен, ишти карап жаткан сотко жиберилет.
3. Эгерде далилдерди камсыз кылуу иш каралып жаткан сотто эмес башка сотто болсо, ушул Кодекстин 71 жана 72-беренелеринин нормалары колдонулууга жатат.
76-берене. Далилдерге баа берүү
1. Сот далилдерге сот жыйналышында жыйынды түрүндө иликтенген далилдерди калыс, ар тараптуу жана толук кароого негизделген ички ишеними боюнча, мыйзамды жетекчиликке алуу менен баа берет.
2. Эч кандай далилдер сот үчүн алдын ала белгиленген күчкө ээ эмес.
3. Соттун чечиминде сот эмне үчүн башка далилдерге салыштырганда кайсы бир далилдерге артыкчылык бергендиги жана кайсы бир фактыларды далилденди, ал эми башкаларын далилденген жок деп тааныгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш.
77-берене. Тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү
1. Тараптардын жана үчүнчү жактардын иш үчүн мааниси бар, аларга белгилүү жагдайлар жөнүндөгү түшүндүрмөлөрү иш боюнча чогултулган башка далилдер менен бир катарда текшерилүүгө жана баа берилүүгө жатат. Эгерде бир тарап далилди өзүндө кармап турса жана соттун талабы боюнча бербесе, башка тарап билдирген түшүндүрмөлөрдүн негизинде сот иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныкталды деп эсептей алат.
2. Бир тарап өз талаптарын жана каршы пикирлерин негиздеген фактыларды башка тараптын моюнга алышы, биринчи тарапты бул жагдайларды андан ары далилдөө зарылчылыгынан бошотот. Фактыны моюнга алуу сот жыйналышынын протоколуна жазылат жана фактыны моюнга алган тараптын колу коюлат. Эгерде моюнга алуу жазуу жүзүндөгү арызда баяндалса, арыз ишке тиркелет.
3. Эгерде моюнга алуу иштин анык жагдайларын жашырып коюу максатында же болбосо алдоонун, күч колдонуунун же жаңылыштыктын таасири астында жасалды деп сот күмөн санаса, ал моюнга алууну кабыл албайт. Бул учурда фактылар жалпы негиздерде далилденүүгө тийиш.
78-берене. Күбөнүн көрсөтмөлөрү
1. Күбө катары суракка алынууга төмөнкүлөр жатпайт:
1) жарандык иш боюнча өкүлдөр же жазыктык иш боюнча коргоочулар - өкүл же коргоочу катары милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө;
2) судья - чечим чыгарууда кеңешүүчү бөлмөдө келип чыккан маселелерди талкуулоонун жагдайлары жөнүндө;
3) өтө жаш куракта болгондугунан, дене-бойлук же психикалык кемчилдиктеринен улам фактыларды туура кабыл алууга жана алар жөнүндө туура көрсөтмө берүүгө жөндөмсүз адамдар;
4) дин кызматчылары - ички сырларды айтууда аларга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө;
5) медиатор - медиациянын жүрүшүндө ага белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө.
2. Күбө катары көрсөтмө берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр укуктуу:
1) жаран - өзүнө каршы;
2) жубай - жубайына каршы;
3) балдар - ата-энесине жана ата-эне - балдарына каршы;
4) бир туугандар - бири-бирине каршы;
5) чоң ата-чоң эне, таята-таене - неберелерине каршы, неберелер - чоң ата-чоң энесине, таята-таенесине каршы;
6) бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттары - депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон маалыматтар боюнча.
7) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ошондой эле ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери - өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууларына байланыштуу аларга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө.
3. Сот көрсөтмөлөрдү берүүдөн күбөнү төмөнкүдөй маалыматтар боюнча бошото алат:
1) тизмеги мыйзамда аныкталуучу, мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар;
2) мыйзамда белгиленген учурларда коммерциялык же же башка сырды түзүүчү маалыматтар.
4. Күбөнү чакыруу жөнүндө өтүнмө кылуучу жак күбө иш үчүн мааниси бар кайсы жагдайларды ырастап бере тургандыгын жана анын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын жана жашаган жерин билдирүүгө милдеттүү.
5. Күбө сотко өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды жана жагдайларды оозеки билдирет. Соттун сунушу менен күбө өз көрсөтүүлөрүн жазуу жүзүндө бере алат.
6. Эгерде күбө өзүнүн маалыматынын булагын көрсөтө албаса, күбөнүн билдирүүлөрү далилдер болуп саналбайт.
(КР 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
79-берене. Күбөнүн укуктары жана милдеттери
1. Күбө катары сотко чакырылган адам белгиленген убакытта сотко келүүгө жана туура көрсөтүү берүүгө, судьянын, ишке катышуучу жактардын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.
2. Суракка чейин сот күбөнүн керт башын тастыктайт, анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же атайын жалган көрсөтмө бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө ага эскертет жана бул тууралуу колтамга алат. Колтамга сот жыйналышынын протоколуна тиркелет.
3. Эгерде күбө оорусунан, карылыгынан, майыптыгынан же башка жүйөлүү себептерден улам соттун чакыруусу боюнча келе албаса, өзү турган жерде сот тарабынан суракка алынышы мүмкүн.
4. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
80-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдер
1. Иш үчүн мааниси бар жагдайлар жөнүндө маалыматтарды камтыган актылар, документтер, келишимдер, маалымкаттар, иштиктүү кат алышуулар, башка документтер жана материалдар, анын ичинде факсимилдик, электрондук же башка байланыш аркылуу же болбосо алардын аныктыгын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү башка ыкма менен алынган материалдар жазуу жүзүндөгү далилдер болуп саналат.
2. Жазуу жүзүндөгү далилдер түп нускасында же талаптагыдай формада күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет. Эгерде каралып жаткан ишке документтин бөлүгүнүн гана тиешеси болсо, ошол бөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет. Түп нускадагы документтер мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштин жагдайлары ушундай гана документтер менен ырасталууга жаткан учурларда берилет.
3. Ишке катышуучу жак сотко берген жазуу жүзүндөгү далилдердин көчүрмөлөрү мындай далилдер болбогон башка катышуучуларга жиберилет (тапшырылат).
4. Чет мамлекетте алынган документ, эгерде ал белгиленген тартипте легалдаштырылган болсо, сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда чет өлкөлүк расмий документтер легалдаштырылбастан сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.
81-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди чогултуунун тартиби
1. Ишке катышуучу же катышпоочу жактардан жазуу жүзүндөгү далилди талап кылууну соттон өтүнгөн жак бул далилди белгилөөгө, аны өз алдынча алууга тоскоол болуп жаткан себептерди жана бул далилдин ушул адамда же уюмда деп эсептегендигинин себептерин жана негиздерин көрсөтүүгө тийиш.
2. Сот тарабынан жарандардан жана уюмдардан талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилдер тикелей сотко жиберилет.
3. Сот жазуу жүзүндөгү далилди талап кылуу жөнүндө өтүнгөн жакка бул далилди сотко алып келүү үчүн алууга укук берген суроо-талап бере алат.
82-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди сотко берүү милдети
1. Сот талап кылып жаткан жазуу жүзүндөгү далилди өзүндө кармап турган жана соттун талабы боюнча аны бербеген тарапка карата бул далилде камтылган маалыматтар ушул тараптын кызыкчылыктарына каршы багытталган деп болжол кылынат жана ушул тарап муну моюнга алды деп эсептелет.
2. Талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилди берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган жактар бул жөнүндө себептерин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө милдеттүү.
3. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
83-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди алар сакталган жерде карап көрүү жана иликтөө
Документтерди сотко берүү кыйынчылык жаратканда сот талаптагыдай формада күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү берүүнү же жазуу жүзүндөгү далилдерди алар сакталган жерде карап көрүүнү жана иликтөөнү талап кыла алат.
84-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди кайтарып берүү
1. Иште бар жазуу жүзүндөгү далилдер аларды берген жактардын өтүнүчү боюнча, соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин бул жактарга кайтарылышы мүмкүн. Мында жазуу жүзүндөгү далилдин судья тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү иште калтырылат.
2. Эгерде сот жазуу жүзүндөгү далилдердин кайтарылышы талаштын туура чечилишине зыян келтирбейт деген тыянакка келсе, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жазуу жүзүндөгү далилдер аларды берген жактарга кайтарылышы мүмкүн.
85-берене. Буюмдук далилдер
1. Сырткы көрүнүшү, өзгөчө белгилери же турган турпаты, жайгашкан жери же башка белгилери менен иш үчүн мааниси бар жагдайларды белгилөөнүн каражаты катары кызмат кыла алган нерселер буюмдук далилдер болуп саналат.
2. Буюмдук далилди берүүчү же аны талап кылууну өтүнүүчү жак иш үчүн мааниси бар кайсы жагдайлар бул далил менен аныктала тургандыгын көрсөтүүгө милдеттүү.
86-берене. Буюмдук далилдерди талап кылуунун жана берүүнүн тартиби
1. Ишке катышуучу же катышпоочу жактардан кандайдыр бир буюмду далил катары талап кылууну соттон өтүнүүчү жак бул буюмду кеңири сыпаттоого жана аны өзү алууга тоскоол болуп жаткан себептерди жана бул буюм ушул жакта же уюмда турат деп эсептегендигинин негиздерин көрсөтүүгө тийиш.
2. Жарандардан же уюмдардан сот талап кылган буюмдук далилдер тикелей сотко жеткирилет.
3. Сот буюмдук далилдерди талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жакка ал далилди сотко алып келүү үчүн алууга укук берген суроо-талап бере алат.
87-берене. Буюмдук далилдерди берүү милдети
1. Сот талап кылып жаткан буюмдук далилди өзүндө кармап турган жана соттун талабы боюнча аны бербеген тарапка карата бул далил ушул тараптын кызыкчылыктарына каршы багытталган деп болжол кылынат жана муну ушул тарап моюга алды деп эсептелет.
2. Талап кылынып жаткан буюмдук далилди берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон же болбосо сот белгилеген мөөнөттө бере албаган жактар бул жөнүндө себептерин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө милдеттүү.
88-берене. Буюмдук далилдерди сактоо
1. Буюмдук далилдери иште сакталат же өзгөчө тизмелөө менен соттун буюмдук далилдерди сактоо камерасына өткөрүп берилет.
2. Сотко алып келип берүүгө мүмкүн болбогон буюмдар алар жайгашкан жерде сакталат. Алар кеңири сыпатталууга, ал эми зарыл учурда - фотосүрөткө тартылууга, мөөр басылып чапталууга тийиш.
3. Сот жана сактоочу буюмдарды өзгөрбөс абалда сактоо чараларын көрүшөт. Буюмдардын сакталышы үчүн сактоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Буюмдук далилдерди сактоо боюнча чыгымдар ушул Кодекстин 113-беренесине ылайык тараптардын ортосунда бөлүштүрүлөт.
89-берене. Тез бузулуучу буюмдук далилдерди карап көрүү жана иликтөө
1. Тез бузулуучу буюмдук далилдер алар жайгашкан жерде сот тарабынан токтоосуз түрдө каралат жана иликтенет, андан кийин алар алынган жактарга кайтарылат же болбосо арналышына жараша пайдалануу үчүн уюмдарга же адамдарга берилет. Арналышына жараша пайдалануу үчүн берилгенде алардын ээлерине кийин ошондой эле түрдөгү жана сапаттагы нерселер же кайтарылып берилип жаткан учурдагы баалар боюнча алардын наркы кайтарылып берилүүгө тийиш.
2. Мындай буюмдук далилдер карала жана иликтене турган жер жана убакыт жөнүндө ишке катышуучу жактар кабардар кылынат. Кабардар кылынган ишке катышуучу жактардын келбегендиги буюмдук далилди карап чыгууга жана иликтөөгө тоскоол болбойт.
3. Тез бузулуучу буюмдук далилдерди карап көрүү жана иликтөө жөнүндө протокол жазылат.
90-берене. Буюмдук далилдерди кайтарып берүү
1. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин буюмдук далилдер алар алынган жактарга кайтарып берилет же бул буюмга карата укугу бар деп сот тааныган жактарга берилет же сот аныктаган тартипте сатылат.
2. Мыйзам боюнча жарандардын ээлигинде болууга мүмкүн болбогон предметтер тийиштүү уюмдарга өткөрүлүп берилет.
3. Айрым учурларда буюмдук далилдер сот карап көргөндөн жана иликтегенден кийин, эгерде бул далилдер алынган жактар аларды кайтарып берүүнү өтүнүшсө жана эгерде ишти кароого зыян келтирбестен мындай өтүнүчтү канааттандырууга мүмкүн болсо, иш аяктаганга чейин сот буюмдук далилдерди аларга кайтарып бериши мүмкүн.
91-берене. Аудио жана видео жазуу
1. Санариптик же башка камтымада аудио же видео жазууну берүүчү жак же аны талап кылууну өтүнүүчү жак мындай жазуу качан, ким тарабынан жана кандай шарттарда жүргүзүлгөндүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Аудио же видео жазууну талап кылууну өтүнүүчү жак аны өз алдынча алууга тоскоол болуп жаткан себептерди жана аудио же видео жазуу ушул адамда же уюмда турат деп эсептегендигинин негиздерин көрсөтүүгө тийиш.
3. Сот жарандардан же юридикалык жактардан талап кылып жаткан аудио же видео жазуу тикелей сотко берилет.
4. Аудио же видео жазууну талап кылууну өтүнүүчү жакка сот бул жазууну сотко алып келүү укугун берген суроо-талап бере алат.
5. Ишке катышуучу жана аудио же видео жазууну өзүндө кармап турган жана аны соттун талабы боюнча бербеген жактарга карата бул далил ошол жактардын кызыкчылыктарына каршы багытталган деп болжол кылынат жана жана аудио же видео жазуу менен ырасталуучу жагдайлар тастыкталды деп эсептелет.
6. Жашыруун жол менен алынган аудио же видео жазуу, мындай жазууга мыйзамда жол берилген учурларды кошпогондо, далил катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
92-берене. Аудио жана видео жазууларды сактоо жана кайтарып берүү
1. Аудио же видео жазуулар соттун буюмдук далилдерди сактоо камерасында сакталат. Сот аларды өзгөрбөс абалда сактоо чараларын көрөт.
2. Аудио же видео жазуулар соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, алар алынган жактарга же уюмдарга кайтарылат. Эгерде сот аудио же видео жазуулардын кайтарылышы талаштын туура чечилишине зыян келтирбейт деген тыянакка келсе, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин аларды берген жактарга кайтарылышы мүмкүн.
3. Сот аудио же видео жазуулардын камтымаларын кайтарып берүү маселеси боюнча аныктама чыгарат.
93-берене. Экспертизаны дайындоо
1. Ишти кароодо атайын билимдерди талап кылуучу маселелер пайда болгондо сот тараптардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертизаны дайындайт. Зарыл учурда бир нече экспертиза дайындалышы мүмкүн.
2. Корутунду берүү үчүн зарыл билимдерге ээ болгон жана соттук-эксперттик иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген адам ишке эксперт катары тартылышы мүмкүн. Ишке катышуучу жактар конкреттүү компетенттүү адамды эксперт катары дайындоону соттон өтүнүүгө укуктуу.
3. Ишке катышуучу ар бир жак эксперт түшүндүрүүгө тийиш болгон суроолорду сотко берүүгө укуктуу. Эксперт корутунду берүүгө тийиш маселелердин акыркы чөйрөсүн сот аныктайт. Сунуш кылынган маселелердин четке кагылышын сот жүйөлөөгө милдеттүү.
4. Тарап экспертизадан өтүүдөн качкан (экспертизага келбеген, изилдөө үчүн зарыл предметтерди эксперттерге бербеген ж.б.) учурда, иштин жагдайлары боюнча ушул тараптын катышуусусуз экспертизаны жүргүзүү мүмкүн болбогондо, сот кайсы тарап экспертизадан качып жаткандыгына, ошондой эле ал үчүн бул экспертиза кандай мааниге ээ экендигине жараша, айкындоо үчүн экспертиза дайындалган фактыны аныкталды же жокко чыгарылды деп таанууга укуктуу.
94-берене. Экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама
1. Экспертизаны дайындоо жөнүндө сот аныктама чыгарат.
2. Экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктамасында сот ырастоо же төгүндөө үчүн экспертиза дайындалып жаткан фактыларды, экспертизанын аталышын, эксперттин алдына коюлган маселелерди, эксперттин фамилиясын, ысымын жана атасынын ысымын же болбосо экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышын, экспертке жиберилип жаткан материалдарды, экспертизаны төлөө жүктөлгөн тараптардын аталышын көрсөтөт.
3. Ошондой эле аныктамада эксперт корутунду берүүдөн баш тарткандыгы, ошондой эле атайылап жалган корутунду бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчилик тарта тургандыгы тууралуу судья тарабынан же экспертизаны эксперттик мекеменин кызматкери өткөргөндө анын жетекчиси тарабынан эскертилери көрсөтүлөт.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
95-берене. Экспертизаны жүргүзүүнүн тартиби
1. Экспертиза адистешкен эксперттик мекеменин кызматкерлери же сот эксперт катары дайындаган башка адистер тарабынан жүргүзүлөт.
2. Сот билимдин ар кайсы тармактарынан бир нече экспертти дайындай алат. Эксперттер өз ара кеңешүүгө укуктуу.
3. Эгерде эксперттер жалпы тыянакка келсе, алар бир корутундуга кол коет. Башка эксперттер менен макул эмес эксперттер өзүнчө корутунду берет. Экспертиза сотто же, эгерде изилдөөлөрдүн мүнөзүнө жараша зарыл болсо же болбосо изилдөө үчүн материалдарды сотко жеткирүү мүмкүн болбосо же кыйынчылык жаратса, соттон тышкары жерде жүргүзүлөт.
4. Экспертиза эксперттик мекемеде өткөрүлгөн учурда, бул мекеменин жетекчиси тарабынан эксперттик изилдөөнү өткөрүү тапшырылган конкреттүү эксперт же эксперттер экспертиза үчүн жоопкерчиликте болушат.
96-берене. Эксперттин милдеттери жана укуктары
1. Эксперт болуп дайындалган адам соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана ага коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду берүүгө милдеттүү.
2. Корутунду берүү үчүн зарыл болгондуктан эксперт иштин материалдары менен таанышууга, ишти соттук териштирүүгө катышууга, суроолорду берүүгө, кошумча материалдарды өзүнө берүү жөнүндө соттон өтүнүүгө укуктуу.
3. Эгерде өзүнө берилген материалдар жетишсиз болсо же өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл билимдерге ээ болбосо, эксперт корутунду берүүдөн баш тарта алат.
97-берене. Эксперттин корутундусу
1. Эксперт өз корутундусун жазуу жүзүндө берет.
2. Эксперттин корутундусунда жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн кеңири сыпаттамасы жана алардын негизинде чыгарылган тыянактар, сот койгон маселелерге негиздүү жооптор камтылышы керек. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө эксперт анын алдына маселеси коюлбаган, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныктаса, ал бул жагдайлар жөнүндө тыянактарын өз корутундусуна киргизүүгө укуктуу.
3. Эксперттин корутундусу сот жыйналышында иликтенет, башка далилдер менен бир катарда ага сот тарабынан баа берилет жана ал сот үчүн алдын ала белгиленген күчкө ээ болбойт. Соттун эксперттин корутундусуна макул эместиги иш боюнча чечимде же аныктамада жүйөлөнүшү керек.
98-берене. Кошумча жана кайрадан экспертиза
1. Эксперттин корутундусунун айкындыгы жетишсиз болгон же ал толук болбогон учурда, ошондой эле мурда изилденген жагдайларга карата жаңы суроолор келип чыкканда сот кошумча же болбосо кайрадан экспертизаны дайындай алат, аны ошол же башка экспертке тапшырат.
2. Кошумча же кайрадан экспертиза ушул Кодекстин 95-97-беренелеринин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
99-берене. Комиссиялык экспертиза
1. Комиссиялык экспертизаны бир нече эксперт жүргүзөт. Ал кыйла көлөмдөгү тажрыйба жана иликтөө аракеттерин жүргүзүүнү талап кылуучу татаал эксперттик изилдөөлөр өндүрүшү зарыл болгон учурда сот тарабынан дайындалат.
2. Аны жүргүзүүдө эксперттер өз ара менен кеңешет. Эгерде эксперттер жалпы тыянакка келсе, бир корутунду түзөт жана ага кол коет.
3. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда алардын ар бири пикир келишпестикти пайда кылган маселе боюнча өз-өзүнчө корутунду берет. Мында сот эксперттерден кошумча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга же башка эксперттерди дайындоого укуктуу.
4. Эксперттердин курамына киргизилбеген адамдардын эксперттик иликтөөлөрдү толук же бөлүгүндө жүргүзүшүнө жол берилбейт.
100-берене. Комплекстүү экспертиза
1. Эгерде иш боюнча жагдайларды тастыктоо бир эле учурда билимдин ар кыл тармактарын пайдалануу менен же билимдин бир тармагынын алкагында ар кыл илимий багыттарды пайдалануу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылса, сот комплекстүү экспертизаны дайындайт. Комплекстүү экспертиза бир нече экспертке тапшырылат.
2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай иликтөөлөрдү кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өз изилдөөлөрү камтылган бөлүгүнө жана жалпы тыянакка кол коет. Эксперттердин пикир келишпестиктери болгон учурда иликтөөлөрдүн натыйжалары ушул Кодекстин 95-беренесинин 3-бөлүгүнүн эрежелери боюнча таризделет.
9-глава. Соттук чыгымдар
101-берене. Соттук чыгымдар
Соттук чыгымдар мамлекеттик алымдан жана ишти сотто кароого байланышкан коромжулардан турат.
102-берене. Мамлекеттик алым
1. Мамлекеттик алымды төлөөчүлөр болуп тараптар, арыз берүүчүлөр, арыз, апелляциялык жана кассациялык даттануу бергенде талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды койгон үчүнчү жактар саналат.
Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.
2. Мамлекеттик алым сотко берилүүчү төмөнкүдөй документтерден алынат:
1) доо арыздарынан;
2) сот буйругун берүү жөнүндө арыздардан;
3) өзгөчө өндүрүштүн иштери боюнча арыздардан;
4) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздардан;
5) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) апелляциялык даттануулардан;
7) кассациялык даттануулардан;
8) бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздардан;
9) бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү маселелери боюнча соттун аныктамасына апелляциялык, кассациялык даттануулардан;
10) эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздардан;
11) эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү маселелери боюнча соттун аныктамасына апелляциялык жана кассациялык даттануулардан.
12) бейтарап териштирүү тарабынан доону камсыз кылуу жөнүндө арыздардан.
3. Апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымдын өлчөмү даттануудагы талаш сумманын негизинде мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын түзөт.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
103-берене. Мамлекеттик алымдын жана ишти кароого байланышкан соттук коромжулардын коюмдары
Мамлекеттик алым жана ишти кароого байланышкан коромжулардын айрым категориялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
104-берене. Доонун баасын аныктоо тартиби
Доонун баасы төмөнкүдөй аныкталат:
1) акчалай сумманы өндүрүп алуу жөнүндө доолордо - өндүрүп алынуучу сумма менен;
2) мүлктү талап кылуу жөнүндө доолордо - талап кылынып жаткан мүлктүн наркы менен;
3) алиментти өндүрүп алуу жөнүндө доолордо - бир жыл үчүн төлөмдөрдүн жыйындысы менен;
4) мөөнөттүү төлөмдөр жана берүүлөр жөнүндө доолордо - бардык төлөмдөрдүн же берүүлөрдүн жыйындысы менен, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөткө;
5) мөөнөтсүз же өмүр бою төлөмдөр жөнүндө доолордо - бардык төлөмдөрдүн жана берүүлөрдүн жыйындысы менен, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөттө;
6) төлөмдөрдү же берүүлөрдү азайтуу же көбөйтүү жөнүндө доолордо - төлөмдөр же берүүлөр азайтылган же көбөйтүлгөн сумма менен, бирок бир жылдан ашык эмес мөөнөткө;
7) төлөмдөрдү же берүүлөрдү токтотуу жөнүндө доолордо - калган төлөмдөрдүн же берүүлөрдүн жыйындысы менен, бирок бир жылдан ашпаган мөөнөткө;
8) турак жайларды жалдоо келишимин кошпогондо, мүлктүк жалдоо келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө доолордо - келишимди колдонуунун калган мөөнөтүнүн ичинде мүлктү пайдалангандык үчүн төлөмдөрдүн жыйындысы менен, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөттө;
9) жарандарга менчик укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлк объектине менчик укугу жөнүндө доолордо - курулуштун наркы менен, бирок инвентардык баасынан төмөн эмес өлчөмдө же ал болбогондо - камсыздандыруу келишими боюнча баадан төмөн эмес өлчөмдө, ал эми уюмдарга таандык кыймылсыз мүлк объектилери үчүн - объектинин баланстык баасынан төмөн эмес өлчөмдө;
10) бир нече өз алдынча талаптардан турган доолордо - бардык талаптардын жалпы суммасы менен;
11) аткаруу баракчасынын же өндүрүп алуу талашсыз (акцептсиз) тартипте жүргүзүлүүчү башка документтин аткарылууга жатпай тургандыгын таануу жөнүндө доолордо - талашылып жаткан суммага жараша;
12) келишимдерди түзүп жатканда, өзгөрткөндө же бузганда келип чыккан талаштар боюнча доолордо - мыйзамдарга ылайык;
13) бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө доолордо - бүтүмдөрдүн предмети болуп саналган мүлктүн наркы менен.
2. Доонун баасын доогер доо арызда, арыз берүүчү - арызда же апелляциялык же кассациялык даттанууну берген адам - даттанууда көрсөтөт жана бул баа ушул Кодекстин жана мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдардын негизинде аныкталат.
3. Доонун көрсөтүлгөн баасы ачык эле туура келбеген учурларда аны сот доо арызды кабыл алууда же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө аныктайт, бул жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
105-берене. Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда, ишке катышуучу жактар мамлекеттик алымды төлөөдөн толук же бөлүгүндө бошотулат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
106-берене. Мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу жана созуу
1. Арыз же даттануу берген адам мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу же созуу жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу.
2. Арызды кароо учурунда сот арыз ээсинин мүлктүк абалын эске алат. Мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруунун же созуунун максималдуу мөөнөтү сот тарабынан тиешелүү аныктама чыгарылган күндөн тартып эсептелүүчү бир жылдан ашпоого тийиш.
21. Талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети болгондо, арыз же даттануу берген адам тиешелүү сот инстанциясында төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Бул учурда арызга же даттанууга талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети жөнүндө өтүнүч тиркелет.
3. Мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруудан же созуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
4. (КР 2022-жылдын 12-июлундагы № 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 12-июлундагы № 63, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
107-берене. Мамлекеттик алымды кошумча төлөө
1. Доону койгон учурда анын баасын аныктоодо кыйынчылык жаралганда мамлекеттик алымдын өлчөмү ишти чечүүдө сот тарабынан биротоло аныкталат.
2. Доо талаптары көбөйгөн учурда алымдын жетишпеген суммасы доонун көбөйгөн баасына ылайык кошумча төлөнөт. Ишти кароо доогер мамлекеттик алымды төлөнгөндүгүнүн далилдерин бергенден кийин же сот мамлекеттик алымдан бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө маселени чечкенден кийин улантылат.
Мамлекеттик алым сот белгилеген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда доо арызы ушул Кодекстин 222-беренесинин 9-пунктуна ылайык каралбастан калтырылат.
108-берене. Мамлекеттик алымды кайтарып берүү
1. Төлөнгөн мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда толук же бөлүгүндө кайтарып берилет:
1) алым колдонуудагы мыйзам боюнча талап кылынгандан чоң өлчөмдө төлөнгөндө;
2) арызды кабыл алуудан ушул Кодекстин 137-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча баш тартылганда;
3) арыз ушул Кодекстин 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-5, 71, 8-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарылып берилгенде;
4) иш боюнча өндүрүш ушул Кодекстин 220-беренесинин 1, 2, 4-6, 9, 10-пункттарында каралган негиздер боюнча токтотулганда;
5) арыз ушул Кодекстин 222-беренесинин 1, 2-пункттарында каралган негиздер боюнча каралбастан калтырылганда;
6) жоопкер доону мойнуна алганда.
7) апелляциялык же кассациялык инстанция апелляциялык же кассациялык сот актысына даттануу үчүн өткөрүп жиберген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арызды канааттандыруудан баш тартканда;
8) жак апелляциялык жана кассациялык даттануулардан баш тартканда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда мамлекеттик алымдын ашыкча төлөнгөн суммасы кайтарып берилет.
3. Доогер доодон толугу менен баш тарткандыгына, жарашуу макулдашуусу сот тарабынан бекитилгендигине, талашты бейтарап сотко өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндүгүнө же жоопкер доону толук мойнуна алгандыгына байланыштуу чечим чыгарылганына байланыштуу иш боюнча өндүрүш токтотулганда, ошондой эле медиациялык макулдашуунун негизинде тийиштүү сот жарашуу келишимин бекиткендигине байланыштуу иш боюнча өндүрүш токтотулганда тийиштүү соттук инстанцияга төлөнгөн мамлекеттик алымдын жарым суммасы кайтарылып берилет.
4. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда каралган башка учурларда да мамлекеттик алым кайтарып берилүүгө тийиш.
5. Кызыкдар жак талашты маңызы боюнча чечүүчү сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жылга чейин төлөнгөн мамлекеттик алымды кайтарып берүү жөнүндө сотко арыз берүүгө укуктуу. Мамлекеттик алымды кайтарып берүү соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик алымды толук же айрым бөлүгүндө кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналуучу жагдайлар аныктамада көрсөтүлөт.
6. Доогер доо талаптарын азайткан учурда, мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын айырмасы доогерге кайтарып берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2021-жылдын 23-мартындагы № 41, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
109-берене. Ишти кароого байланышкан коромжулар
Ишти кароого байланышкан коромжуларга төмөндөгүлөр кирет:
1) эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүгө жатуучу суммалар;
2) жеринде карап көрүүнү жүргүзүү боюнча чыгымдар;
3) жоопкерди издөө боюнча чыгымдар;
4) иш боюнча жарыялоолорго жана кулактандырууларга байланышкан чыгымдар;
5) ишти кароого байланышкан почталык чыгымдар;
6) сот тарабынан таанылган башка зарыл чыгымдар.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
110-берене. Эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүгө жаткан суммалар
1. Эксперттерге, адистерге жана котормочуларга алардын сотко келүүгө жана турак жайды жалдоого байланышкан чыгымдарынын орду толтурулат, ошондой эле суткалык төлөмдөр төлөнөт.
2. Эгерде эксперттер жана адистер аткарган жумуш мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги алардын кызматтык милдеттеринин чөйрөсүнө кирбесе, алар соттун тапшырмасы боюнча аткарган иштери үчүн сый акы алат. Сый акынын өлчөмү ишке катышуучу жактардын пикирин эске алуу менен, эксперттер жана адистер менен макулдашуу боюнча сот тарабынан аныкталат.
3. Котормочулардын эмгегине акы төлөө жана сотко келишине байланыштуу тарткан чыгымдарын төлөп берүү кызыкчылыгы үчүн котормочу чакыртылган процесстин катышуучусунун же бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
111-берене. Эксперттерге жана адистерге төлөнүүчү суммаларды салуу
1. Иш боюнча чыгымдарды төлөө үчүн зарыл болгон, ошондой эле күбөлөргө, эксперттерге, адистерге төлөнүүгө жаткан суммалар тиешелүү өтүнүчтү билдирген тарап тарабынан соттун депозиттик эсебине алдын ала салынат.
Эгерде эксперттерди дайындоо, адистерди, котормочуларды тартуу жана төлөнүүгө жатуучу башка аракеттер соттун демилгеси боюнча жүргүзүлсө же аталган өтүнүчтү эки тарап билдирсе, талап кылынган суммаларды тараптар тең бөлүктөрдө соттун депозиттик эсебине салат.
2. Бул беренеде саналган суммаларды мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган тарап төлөбөйт жана бюджеттин эсебинен алынат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
112-берене. Эксперттерге, адистерге жана котормочуларга таандык суммаларды төлөө
Эксперттерге, адистерге жана котормочуларга таандык суммалар алар өз милдеттерин аткаргандан кийин сот тарабынан депозиттик эсептен төлөнөт.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
113-берене. Соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү
1. Пайдасына чечим чыгарылган тарапка сот иш боюнча тарткан бардык соттук чыгымдарды башка тараптан ал мамлекеттин кирешесине соттук чыгымдарды төлөөдөн сот тарабынан бошотулгандыгына карабастан алып берет. Эгерде доо айрым бөлүгүндө канааттандырылса, бул беренеде көрсөтүлгөн соттук чыгымдар доогерге сот канааттандырган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу түрдө, ал эми жоопкерге - доо талаптарынын доогерге баш тартылган бөлүгүнө пропорциялуу түрдө бөлүштүрүлөт.
2. Ушул берененин 1-пунктунда баяндалган эрежелер тараптар иштин апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу тарткан соттук чыгымдарды бөлүштүрүүгө да таандык болот.
3. Эгерде жогорку инстанциядагы сот ишти жаңы кароого бербестен, чыгарылган чечимди өзгөртсө же жаңы чечим чыгарса, ал соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнү тиешелүү түрдө өзгөртөт.
114-берене. Убакытты короткондугу үчүн компенсацияны өндүрүп алуу
1. Негизсиз доону же доого каршы негизсиз талашты ак ниеттүү эмес түрдө билдирген же болбосо ишти туура жана өз убагында кароого жана чечүүгө каршы аракеттенген тараптан сот башка тараптын пайдасына анын арызы боюнча иш жүзүндө корогон убакыт үчүн компенсация өндүрүп бериши мүмкүн.
2. Компенсациянын өлчөмү акылга сыяр өлчөмдө, сот тарабынан иштин конкреттүү жагдайын эске алуу менен аныкталат.
(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
115-берене. Өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу
1. Эгерде пайдасына чечим чыгарылган тараптан тиешелүү арыз берилсе, сот өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча ушул тарап тарткан чыгымдарды конкреттүү жагдайды эске алуу менен башка тараптан алып берет.
2. Эгерде чечим пайдасына чыгарылган тарапка адвокаттын жардамы белгиленген тартипке ылайык акысыз берилген болсо, көрсөтүлгөн сумма башка тараптан юридикалык практиканы жүзөгө ашырган жактын пайдасына өндүрүлөт.
116-берене. Доодон жана жарашуу макулдашуусун түзүүдөн баш тартылганда соттук чыгымдарды бөлүштүрүү
1. Доогер доодон баш тартканда ал тарткан чыгымдардын ордун жоопкер толтурбайт. Эгерде доогер доо коюлгандан кийин анын талаптарын жоопкердин ыктыярдуу канааттандырышынан улам өз талаптарын колдобосо, сот доогердин өтүнүчү боюнча ал иш боюнча тарткан бардык соттук чыгымдарды жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды жоопкерден алып берет.
2. Эгерде жарашуу макулдашуусун түзүүдө тараптар соттук чыгымдарды жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды бөлүштүрүүнүн тартибин караса, чыгымдар алардын макулдашуусуна ылайык бөлүштүрүлөт. Эгерде мындай макулдашууга жетишилбеген болсо, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү маселесин сот ушул Кодекстин 113-беренесинин эрежелери боюнча чечет.
117-берене. Тараптар тарабынан соттук чыгымдардын ордун толтуруу
1. Башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо арызы менен мыйзамда каралган учурларда сотко кайрылган адамдардын доосунан толук же айрым бөлүгүндө баш тартылганда ишти кароого байланыштуу жоопкер тарткан соттук чыгымдардын орду тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук же доогерге баш тартылган доо талаптарынын бөлүгүнө пропорциялуу түрдө толтурулат.
2. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Мүлктү камак салуудан бошотуу жөнүндө доо канааттандырылган учурда доогер тарткан соттук чыгымдардын орду бюджеттин каражаттарынан толтурулат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
118-берене. Ишти кароодо сот тарткан соттук чыгымдардын ордун толтуруу
1. Соттун ишти кароого байланыштуу тарткан соттук чыгымдары жана мамлекеттик алым соттук чыгымдарды жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулбаган доогерден жана жоопкерден чыгарылган чечимдин натыйжаларына жараша доо талаптарынын канааттандырылган же канааттандыруудан баш тартылган бөлүктөрүнө пропорционалдуу түрдө өндүрүп алынат.
2. Доодон баш тартылганда ишти кароого байланыштуу сот тарткан соттук чыгымдар соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулбаган доогерден бюджетке өндүрүп алынат.
3. Эгерде эки тарап соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулса, ишти кароого байланыштуу сот тарткан коромжулар бюджеттин каражаттарынын эсебине киргизилет.
4. Төлөөгө тийиш болгон төлөмдөрдү төлөөдөн качкан адамдарга издөө жарыяланган учурда, сот андан издөө жүргүзүү боюнча чыгымдарды тиешелүү бюджеттин кирешесине өндүрөт.
5. Ишти кароонун натыйжалары боюнча сот тарабынан өндүрүлүүчү почта чыгымдарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
119-берене. Соттук чыгымдарга байланышкан маселелер боюнча аныктамаларды даттануу
Соттук чыгымдарга байланышкан маселелер боюнча аныктамаларга карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
10-глава. Соттук айыппулдар
120-берене. Соттук айыппулдарды салуу
1. Соттук айыптар ушул Кодексте каралган негиздер боюнча жана өлчөмдөрдө сот тарабынан салынат.
2. Сот тарабынан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына салынган соттук айыппулдар алардын өздүк каражаттарынан өндүрүлөт.
3. Айыппул салынган учурда сот аныктама чыгарат.
4. Соттук айыппулду салуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү айыппул салынган адамга кийинки күндөн кечиктирилбестен тапшырылат же жөнөтүлөт.
121-берене. Соттук айыппулду алып салуу же азайтуу
1. Соттук айыппулду салуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсүн алган учурдан тартып он күндүн ичинде бул айыппул салынган жак айыппулду салган сотко айыппулду алып салуу жөнүндө же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө арыз менен кайрыла алат. Бул арыз сот жыйналышында он күндүн ичинде каралат. Айыппул салынган жакка сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө билдирилет, бирок анын келбей калышы арызды кароого тоскоол болбойт.
2. Соттук айыппулду алып салуудан же анын өлчөмүн азайтуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык же кассациялык инстанцияга жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
11-глава. Процесстик мөөнөттөр
122-берене. Процесстик мөөнөттөрдү эсептөө
1. Процесстик аракеттер ушул Кодексте же башка мыйзамда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. Процесстик мөөнөттөр мыйзамда белгиленбеген учурда аны сот дайындайт.
2. Процесстик аракеттерди аяктоо үчүн мөөнөттөр окуя боло тургандыгы милдеттүү экендиги көрсөтүлүү менен так календарлык дата катары же убакыт аралыгы түрүндө аныкталат. Акыркы түрүндө аракет бүткүл убакыт аралыгы ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Жылдар, айлар же күндөр менен эсептелүүчү процесстик мөөнөттүн өтүшү календарлык датадан же анын башталышын аныктаган окуя болгон күндөн кийинки күнү башталат.
123-берене. Процесстик мөөнөттүн аякташы
1. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө аяктайт. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы айында жана күнүндө аяктайт. Эгерде ай менен эсептелүүчү мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү болбогон айга туура келсе, мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө аяктайт.
2. Мөөнөттүн акыркы күнү дем алыш күнгө туура келген учурда бул күндөн кийинки жакынкы жумушчу күн мөөнөт аяктаган күн деп эсептелет.
3. Жүргүзүлүүсү үчүн мөөнөт белгиленген процесстик аракет мөөнөттүн акыркы күнүндө саат жыйырма төрткө чейин аткарылышы мүмкүн. Эгерде даттануу, документтер же акча суммасы байланыш органына мөөнөттүн акыркы күнүндө саатка жыйырма төрткө чейин тапшырылган болсо, мөөнөт өтүп кетти деп эсептелбейт.
4. Эгерде процесстик аракет түздөн-түз сотто же башка уюмда жүргүзүлө турган болсо, мөөнөт бул уюмдарда белгиленген эреже боюнча жумуш аяктаган же тиешелүү операциялар токтогон саатта аяктайт.
5. Ушул беренеде каралган процесстик мөөнөттөрдү эсептөө тартиби сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен сотко берилүүчү документтерге дагы жайылтылат.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
124-берене. Процесстик мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн натыйжасы
1. Процесстик аракетти жүргүзүү укугу мыйзамда белгиленген же сот дайындаган мөөнөттүн аякташы менен токтойт.
2. Эгерде өткөрүп жиберилген мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө билдирилбесе, процесстик мөөнөт аяктагандан кийин берилген даттануулар жана документтер сотто каралбайт жана соттун жүйөлөнгөн аныктамасы менен аларды берген адамга кайра кайтарылат. Кайтарып берүү жөнүндө аныктамага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
125-берене. Процесстик мөөнөттөрдү токтотуп туруу
1. Аяктай элек бардык процесстик мөөнөттөрдүн өтүшү иш боюнча өндүрүштүн токтотуп турулушу менен бир учурда токтотуп турулат.
2. Өндүрүш кайрадан жаңыртылган күндөн тартып процесстик мөөнөттүн өтүшү уланат.
126-берене. Процесстик мөөнөттөрдү узартуу
Сот тарабынан дайындалган мөөнөттөр кызыкдар жактын арызы боюнча сот тарабынан узартылышы мүмкүн. Сот дайындаган мөөнөттүн аякташы сот өндүрүшүнүн катышуучусун ага жүктөлгөн процесстик милдеттерди аткаруудан бошотпойт.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
127-берене. Процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү
1. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, мыйзамда белгиленген мөөнөттү сот жүйөлүү деп тааныган себептер боюнча өткөрүп жиберген адамдарга өткөрүп жиберилген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.
2. Өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арыз биринчи инстанциядагы сотко берилет жана тиешелүү сот тарабынан соттун жыйналышында каралат. Ишке катышуучу адамдар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калышы соттун алдына коюлган маселени чечүүгө тоскоол болбойт.
3. Мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арызды берүү менен бир убакта мөөнөтү өткөрүп жиберилген зарыл процесстик аракет жасалууга (даттануу берилүүгө, документтер талап кылынууга жана д.у.с. жүргүзүлүүгө) тийиш.
4. Өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-глава. Соттук кабарлоолор жана чакыруулар
128-берене. Соттук кабарлоолор жана чакыруу каттар
1. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын же айрым процесстик аракеттерди жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Ишке катышуучу жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу кабарлоону жөнөтүү жана алуу фактысын жазууга мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жүргүзүлөт.
Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарлоо соттун чакыруу каты менен жүзөгө ашырылат.
Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, кабарлоону жүзөгө ашыруу ыкмасы, аны өткөрүп берүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Кабарлоолор жана чакыруу каттар тарап же ишке катышуучу башка жак көрсөткөн дарекке жеткирилет.
4. Юридикалык жак сот жыйналышынын же айрым процесстик аракетти жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө сот тарабынан ушул жактын органы жайгашкан жер боюнча кабардар кылынат.
5. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Эгерде кабарлоо (чакыруу кат) тикелей сотто тапшырылса, мындай тапшыруу колун койдуруп алуу менен жүзөгө ашырылат.
7. Чет өлкөлүк жактар, эгерде ушул Кодексте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача каралбаса, ушул беренеде белгиленген эрежелер боюнча сот тарабынан кабардар кылынат.
8. Соттук кабарлоолорду жана чакырууларды ырастаган документтер иштин материалдарына кошулат.
9. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди жана котормочуларды сотко чакыруу ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте да жүргүзүлүшү мүмкүн.
10. Сот иштин материалдарын сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырууга жана ишке катышуучу жактарга алар менен таанышууга жана кийин алардын жуп нускасын даярдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Иштин материалдарын мындай жайгаштыруу талаптагыдай кабарлоо болуп саналат. Кабарлоону (чакыруу кагазын) алган тараптар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу аркылуу иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 31-июлундагы № 182, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
129-берене. Соттук кабарлоолордун мазмуну
1. Соттук кабарлоолордо (чакыруу катта) төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) соттун аталышы жана так дареги;
2) сот жыйналышы же айрым процесстик аракет өтө турган жер жана убакыт;
3) кабарлоого жана чакырууга тиешеси болгон иштин аталышы;
4) кабардама (чакыруу кат) жөнөтүлгөн жактын аталышы, ошондой эле ал ким катары кабарландырылып (чакырылып) жаткандыгы;
5) ишке катышуучу адамдарга иш боюнча аларда болгон далилдерди берүү сунушу;
6) чакыртылып жаткан жак кандай мөөнөттө жана кандай аракетти кылууга укуктуу же милдеттүү экендиги жөнүндө көрсөтүү;
7) дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу кабардаманы (чакыруу катты) кабыл алган адамдын биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо аны дарек ээсине тапшырууга милдеттүүлүгү жөнүндө көрсөтүү;
8) сотко келбей коюунун натыйжаларын жана келбей коюунун себебин сотко билдирүү милдетин көрсөтүү.
130-берене. Иш боюнча өндүрүштүн убагында даректин өзгөрүшү
Ишке катышуучу жактар иш боюнча өндүрүштүн убагында өз дареги өзгөргөндүгү тууралуу сотко билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү болбогон учурда кабардама (чакыруу кат) сотко белгилүү болгон акыркы дарек боюнча жиберилет жана дарек ээси бул даректе мындан ары жашабагандыгына же ал жерде жоктугуна карабастан, жеткирилди деп эсептелет.
131-берене. Талаптагыдай түрдө кабарлоо
1. Эгерде сот жыйналышынын, айрым процесстик аракетти жүргүзүүнүн башталышына карата сот дарек ээси жиберилген кабардаманы (чакыруу катты) алгандыгы жөнүндө маалыматка ээ болсо, ишке катышуучу адамдар жана процесстин башка катышуучулары талаптагыдай түрдө кабардар кылынды деп эсептелет.
2. Ишке катышуучу жактар жана процесстин башка катышуучулары төмөнкүдөй учурларда талаптагыдай түрдө кабарланды деп эсептелет:
1) эгерде дарек ээси кабардаманы (чакыруу катты) алуудан баш тартса жана бул баш тартуу тастыкталса;
2) эгерде почталык кабарлоого карабастан дарек ээси сот белгиленген тартипте жиберген соттун кабардамасын (чакыруу катын) алуу үчүн келбесе, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса;
3) эгерде юридикалык жактын сотко белгилүү соңку турган орду боюнча сот жеке жактын жашаган жери же жиберген кабардама (чакыруу кат) дарек ээсинин көрсөтүлгөн даректе жоктугуна байланыштуу тапшырылбаса;
4) эгерде кабарлоо тиешелүү кабарлоо сот тарабынан жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жиберилгендиги жөнүндө соттун маалыматтары бар болсо.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 31-июлундагы № 182, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
132-берене. Жоопкердин турган жеринин белгисиздиги
Жоопкердин турган жери белгисиз болгондо бул жөнүндө жоопкердин белгилүү акыркы жашаган жеринен маалымат сотко келип түшкөндөн кийин сот ишти кароого киришет.
133-берене. Жоопкерди издөө
1. Жоопкердин турган жери белгисиз болгондо мамлекеттин кызыкчылыгында коюлуучу талаптар, ошондой эле алиментти өндүрүп алуу, майып болуудан же ден соолугунун башка бузулушунан, ошондой эле баккан адамынын каза болушунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптар боюнча сот ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу жоопкерге издөө жарыялоого милдеттүү, бул жөнүндө аныктама чыгарат.
2. Жоопкерди издөө боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арызы боюнча соттун буйругун берүү жолу менен жүргүзүлөт.