Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 10-июлу № 76
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 28-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдүү пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар" деген сөздөр "жайыттар" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) экинчи абзацында "жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Жайыттарды жакшыртуу - жайыттардын түшүмүн жана сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралардын системасы.
Шалбаалантуу - ар түрдүү чарбалык пайдалануудагы жайыт чөбүн өстүрүү максатында көп жылдык чөптөрдү айдоо.
Жайыттарды үстүртөн жакшыртуу - чымды толук бузбастан, маданий жайыттарды түзүү жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар.