Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫК КОДЕКСИ
1996-жылдын 8-майы № 15
(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-апрелиндеги № 29, 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76,1998-жылдын 2-декабрындагы № 148, 1999-жылдын 2-июлундагы № 48, 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2000-жылдын 18-январындагы № 24, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2001-жылдын 26-июнундагы № 61 2002-жылдын 21-январындагы № 9, 2002-жылдны 22-июнундагы № 109, 2003-жылдын 17-февралындагы № 38 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2003- жылдын 27-мартындагы № 65, 2003-жылдын 15-ноябрындагы № 222, 2004-жылдын 11-мартындагы № 20, 2005-жылдын 4-июнундагы № 70, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2007-жылдын 1-мартындагы № 30, 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2008-жылдын 16-мартындагы № 24, 2008-жылдын 23-майындагы № 95, 2008-жылдын 2-июнундагы № 107, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215, 2008-жылдын 17-декабрындагы № 266, 2009-жылдын 19-январындагы № 7, 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2009-жылдын 28-мартындагы № 91, 2009-жылдын 30-мартындагы № 96, 2009-жылдын 30-мартындагы № 105, 2009-жылдын 12-майындагы № 155, 2009-жылдын 15-июлундагы № 16, 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 63, 2011-жылдын 12-июлундагы № 93, 2012-жылдын 17-мартындагы № 21, 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 36, 2012-жылдын 14-майындагы № 51, 2013-жылдын 15-январындагы № 5, 2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2013-жылдын 30-майындагы № 85, 2013-жылдын 9-июлундагы № 119, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2014-жылдын 4-февралындагы № 27, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2014- жылдын 21-апрелиндеги № 61, 2015-жылдын 20-январындагы № 18, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2015-жылдын 20-июлундагы № 180, 2015-жылдын 30-июлундагы № 206, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2016-жылдын 23-июлундагы № 134, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2017-жылдын 2-августундагы № 170, 2018-жылдын 21-июнундагы № 61, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2020-жылдын 22-июлундагы № 83, 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 6-июнундагы № 41, 2022-жылдын 4-июлундагы № 56, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2023-жылдын 16-февралындагы № 30, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86, 2024-жылдын 16-февралындагы № 51, 2024-жылдын 15-мартындагы № 70, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 22-июлундагы № 134, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 , 2024-жылдын 2-декабрындагы № 190 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 14-мартындагы № 56, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126, 2025-жылдын 2-июлундагы № 131, 2025-жылдын 8-июлундагы № 134, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 258, 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 40 , 2026-жылдын 8-июлундагы № 105, 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы № 16 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)
Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин II БӨЛҮГҮН дагы караңыз
I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава Граждандык-укуктук мамилелерди жөнгө салуу
1-статья. Граждандык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Граждандык мыйзамдар граждандык карым-катнашка катышуучулардын укуктук абалын, менчик укугунун жана башка мүлктүк укуктардын, интеллектуалдык ишмердиктин жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттарынын (интеллектуалдык менчик) натыйжаларына болгон укуктардын пайда болушунун негиздерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт, келишимдик же башка милдеттенмелерди, ошондой эле башка мүлктүк жана ага байланыштуу жеке мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салат.
Ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн белгилерге жооп берген үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик мамилелерге жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамилелерге граждандык мыйзамдар бул мамилелер, тиешелүү түрдө үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик мыйзамдар жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынбаган учурларда колдонулат.