Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-сентябры № 114
Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 21-июлундагы № 145, 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 , 2025-жылдын 11-июнундагы № 117, 2025-жылдын 9-августундагы № 194 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишин уюштуруу тартибин, прокуратура органдарынын укуктук актыларын, ыйгарым укуктарың, аскер прокуратурасынын, адистештирилген прокуратура органдарынын ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн, прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык коргоонун негизги чараларын, ошондой эле прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 1-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
2-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы
1. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы (мындан ары - прокуратура) мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдигин жана чыңдалышын, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылуучу мамлекеттик орган.
2. Прокуратура бирдиктүү системаны түзөт, ага төмөндөгүлөр жүктөлөт:
1) мамлекеттик бийлик органдары (шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү тармагындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишмердигин, адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын контролдоо боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ишин кошпогондо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана иши мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер жана уюмдар, толук чарбалык эсептин жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү бар башка юридикалык жактар (мындан ары - субъекттер) тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө;
2) тергөөнү жана изин суутпай издөө иштерин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакташын көзөмөлдөө;
3) мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту көзөмөлдөө;
4) кылмыш иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын көзөмөлдөө;
5) мыйзамда аныкталган учурларда жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;
6) сотто мамлекеттик айыптоону жүзөгө ашыруу;
7) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте жана учурларда кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашыруу;