Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 27-октябры № 125
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4, 2022-жылдын 6-июну № 41, 2023-жылдын 25-январындагы № 14, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 190, 2024-жылдын 7-февралындагы № 39, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 23-январындагы № 27, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 10-июлундагы № 141, 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 48, 2026-жылдын 29-июнундагы № 95, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн; бош кызмат ордуна дайындоонун; ротациялоонун; кызматтык иликтөө жүргүзүүнүн; мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдүн тартибин; кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин; социалдык коргоонун кепилдиктерин; кызматты токтотуунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.
3. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, кызматчыларга эмгек жана социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу жайылтылат.
4. Аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтарда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылардын иши ушул Мыйзам менен алардын кесиптик иштери атайын мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жөнгө салынат.
5. Ушул Мыйзамдын колдонулушу, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кошпогондо, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга да алардын иши алардын статусун регламенттеген мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жайылтылат.
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ушул Мыйзамда каралган ченемдерди колдонуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
6. Административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга карата башка мыйзамдар ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган өлчөмдө колдонулат.
7. Ушул Мыйзамды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш, аны жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) аныктайт.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесиптик кызматтык иши. Мамлекеттик кызмат өзүнө мамлекеттик жарандык кызматты, аскердик кызматты, укук коргоо кызматын жана дипломатиялык кызматты камтыйт;
2) мамлекеттик жарандык кызмат - Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) аныкталган милдеттерди, функцияларды жана бийликтик ыйгарым укуктарды туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесиптик кызматтык ишин билдирген, мамлекеттик кызматтын түрү;