Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 22-декабры № 154
Электрондук соода жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128, 2025-жылдын 19-майындагы № 98, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу электрондук соода чөйрөсүндөгү жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, электрондук соодадагы иштин укуктук негизин белгилейт.
2. Ушул Мыйзам интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктарды кошуп алганда, товарларды жана/же жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, сатып алуу жана алмашуу боюнча электрондук бүтүмдөрдү жол-жоболоодо жана жасоодо талаптарды белгилейт.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) нотариалдык күбөлөндүрүүгө жана/же мамлекеттик каттоого жаткан бүтүмдөргө;
2) адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, өмүрүн жана ден соолугун сактоо, жаратылышты жана маданий баалуулуктарды коргоо боюнча чектөөлөр киргизилген товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө;
3) мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жол-жоболоруна.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Электрондук соода жөнүндө мыйзамдар
Электрондук соода чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.