Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 31-январы № 20
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын экинчи жана үчүнчү абзацтары "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 5-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 6-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын уюштурууну камсыз кылуучу өз алдынча аткаруу бийлик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмү, укук коргоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 7, 8 жана 9-статьяларда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 10-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
6) 11-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 13-статьяда:
а) экинчи бөлүктө "мыйзамдары" деген сөз "жарандык мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;