Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2003-жылдын 12-августу № 197
Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 5-октябрындагы № 259, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2011-жылдын 19-июлундагы № 111, 2012-жылдын 12-июлундагы № 105, 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 36, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2019-жылдын 25-июлундагы № 102, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2023-жылдын 31-январындагы № 20, 2024-жылдын 7-августундагы N 161
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жазаларын аткарууну, кылмыш жасаган адамдарды камакта кармоону жүзөгө ашыруучу органдардын жана мекемелердин ишинин негиздерин, жазык-аткаруу тутумунун статусун, пенитенциардык кызматтын кызматкерлеринин укуктук абалын аныктайт.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Жазык-аткаруу тутумунун иш принциптери
Жазык-аткаруу тутумунун иши мыйзамдуулуктун, гумандуулуктун жана адамдын укуктарын урматтоо принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
2-статья. Жазык-аткаруу тутумунун милдеттери
Жазык-аткаруу тутумунун милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жазык жазаларын аткаруу;
- кылмыш жасаган адамдарды тергөө абактарында Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кармоо;
- жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде укук тартибин жана мыйзамдуулукту, аларда кармалып турган соттолгон, камоодо кармалган адамдардын, ошондой эле ал мекемелердин аймагындагы кызмат адамдарынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- (абзац КР 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- соттолгондорду эмгекке тартуу, ошондой эле аларга жалпы жана кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу;
- соттолгондордун саламаттыгын сактоону камсыз кылуу;
- кайрымдуулук, коомдук жана башка бюджеттен тышкаркы каражаттарды кыйла кеңири тартуу жана максаттуу пайдалануу үчүн шартты камсыз кылуу;
- изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруу, ошондой эле аны жүзөгө ашыруучу органдарга кылмыштарды ачууда жана алардын алдын алууда көмөк көрсөтүү;