Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 6-апрели № 81

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

 

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

28-берененин 6-бөлүгүндө:

а) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтарды терс комментарийлер менен таратууга;".

 

2-берене

 

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 30 (3479) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2023-жылдын 22-февралында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган