Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2023-жылдын 7-июлу № 134
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула "укуктарды жана милдеттерди," деген сөздөрдөн кийин "ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-статьянын 1-бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
а) биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу органдар - ишкердиктин субъекттерин текшерүүнү жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда ыйгарым укук берилген, тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитүүчү аткаруу бийлик органдары.
Текшерүү - өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана башкача башкаруу максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоонун же көзөмөлдөөнүн ар кандай формасы. Текшерүүнүн ар кандай формасы деп ар кандай максаттар үчүн ишкердиктин субъекттеринин иши жөнүндө маалыматка ар кандай суроо-талаптар, мамлекеттик органдар жүргүзүүчү ишкердиктин субъектин (өкүлүн) чакыруулар түшүнүлөт.";
б) онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Текшерүү барактары - бул текшерүүнүн субъекттеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда каралган, аларды сактабоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч келтирген талаптардын толук тизмеги. Мында, көрсөтүлгөн талаптар ченемдик укуктук актылардын түзүмдүк элементтерине, анын ичинде эң кичинекей түзүмдүк элементине конкреттүү шилтемелер болушу керек.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Текшерүүнүн объекти - тобокелдиктин тиешелүү тармагында жүзөгө ашырылуучу текшерүүнүн субъектинин иши же ишинин бөлүгү.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 21-статья менен толукталсын: