Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-октябры № 709
Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Премьер-министри | С. Исаков |
Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке жана юридикалык жактардын төлөмдөрү жана республикалык же жергиликтүү бюджеттердин пайдасына башка төлөмдөрдү төлөө жөнүндө электрондук төлөмдөр системасынын катышуучуларынын ортосундагы маалымат алмашуу үчүн арналган электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасынын (мындан ары - электрондук төлөмдөр системасы) иштөө тартибин регламенттейт.
Электрондук төлөмдөр системасын түзүүнүн негизги максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөр) сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, алар үчүн төлөөнүн ыңгайлуулугун жана оперативдүүлүгүн камсыздоо болуп саналат.
2. Ушул Жободо төмөнкүлөр аныкталат:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөөгө зарыл болгон маалыматтардын тизмеги, ошондой эле башка төлөмдөрдү жүргүзүү, анын ичинде төлөнүүгө тийиш болгон сумма, мындай маалыматты алуунун жана берүүнүн тартиби;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөнгөндүгүн ырастаган маалыматтардын тизмеги, ошондой эле башка төлөмдөрдү жүргүзүү, анын ичинде төлөнгөн суммасы, мындай маалыматта алуунун жана берүүнүн тартиби;
- электрондук төлөмдөрдүн системасына жетүү тартиби.
3. Электрондук төлөмдөрдүн системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- төлөм системасынын туташкан операторлорунун инфраструктурасында ар кандай төлөм инструменттерин колдонуу менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн ыкмаларын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
- каражаттарды алуучулар, төлөм системасынын операторлору менен интеграциялоо жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө процессинде төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү;
- төлөм жол-жобосу башталганга чейин төлөм жүргүзүү үчүн төлөө өлчөмү жөнүндө маалыматты төлөөчүгө берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Электрондук төлөмдөр системасынын катышуучулары: