Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 762
Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744, жана КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 45 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптары (мындан ары - Талаптар) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте 2018-жылдын 1-апрелине чейин ушул токтом менен бекитилген Талаптардын аткарылышын уюштуруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик/муниципалдык маалыматтык системалардын ээси жана/же операторлору болгон республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уюмдар жана мекемелер 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө ушул токтом менен бекитилген Талаптардан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Талаптардын сакталышын Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте контролдой тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын реестрине киргизиле турган маалыматтык системаларды түзгөн жана пайдаланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-жылдын 1-июлунан тартып ушул токтом менен бекитилген Талаптардын аткарылышы жөнүндө тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине жыл сайын берип туруу сунушталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 45 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо ТАЛАПТАРЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптары (мындан ары - Талаптар) - "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана маалыматты коргоо боюнча чараларды, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалымат технологияларын пайдалануу жана алардын базасында камтылган маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын аныктайт.
2. Ушул Талаптардын жоболорун мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мамлекеттик/муниципалдык маалымат системаларынын ээси жана/же операторлору болгон республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдар жана мекемелер колдонууга милдеттүү.
3. Ушул Талаптардын жоболору, маалымат базасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды түзгөн маалыматты өзүнүн базасында камтыган мамлекеттик маалыматтык системаларга, атайын багыттагы телекоммуникация тармагына жана/же өкмөттүк, жашыруун, шифрленген жана коддолгон байланыш тармагына, электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын курамына кирбеген маалыматтык системаларга жайылтылбайт.
4. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
маалыматты иштетүү каражаттары менен байланышкан активдер (мындан ары - маалыматтык актив) - маалымат болуп эсептелген же маалыматты камтыган, же болбосо маалыматты иштетүү, сактоо, өткөрүп берүүдө колдонулган жана уюм үчүн баалуу болгон материалдык же материалдык эмес объект;
маалыматтык коопсуздукка ички аудит - уюм (маалыматтык системанын ээси/оператору) тарабынан өзүнүн кызыкчылыгында аткарылган электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын элементтеринин маалыматтык коопсуздугунун учурдагы абалына сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүн контролдоонун объективдүү, документтелген процесси.
окуяларды журналга түшүрүү - болуп жаткан программалык же аппараттык окуялар жөнүндө маалыматты окуяларды каттоонун электрондук журналына жазуу процесси;