Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 21-ноябры № 760
Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 536 токтомунун редакциясына ылайык)
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптар (мындан ары - Талаптар) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
- Болжолдонгон коркунучтардын бардык түрлөрүн жана типтерин камтуучу маалымат тутумдарында жеке маалыматтарды иштетүү учурунда жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунучтардын типтүү тизмеси;
- жеке маалыматтардын маалымат тутумдарында коопсуздук коркунучтарын аныктоонун методикасы;
- коркунучтардын түрлөрүнүн тизмесинин формасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 536 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө:
- иштин тиешелүү түрлөрүн ишке ашырууда пайдаланылуучу маалымат тутумдарында, жеке маалыматтардын мазмунун, аларды иштетүүнүн мүнөзүн жана ыкмаларын эске алуу менен маалымат тутумдарында жеке маалыматтарды иштетүү учурунда жеке маалыматтардын коопсуздугуна келтирилген коркунучтардын тармактык тизмесин иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүшсүн.