Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-ноябры № 743
Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында, "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруунун иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча, Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен жалпы маалымат берсин;
- миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органды адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзгөн субъекттердин курамына киргизүү бөлүгүндө "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 1-декабрында N 124 жарыяланды
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С. Исаков |
1-тиркеме
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы (мындан ары - Программа) "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана адамдарды сатуунун натыйжалуу алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоого жана аларга жардам көрсөтүүгө багытталган.
Азыркы шарттарда адамдарды сатуу жана ага байланышкан укукка каршы жосундар кыйла жашыруун болуп, алдын ала даярдалууда. Бул жагдай адамдарды сатуу кылмыштарынын андан ары өөрчүшүнө түрткү берип жатат. Ушуга байланыштуу адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө жана бул процесске мамлекеттик органдарды, эл аралык жана коомдук уюмдарды тартууга зор көңүл бурулууда.
Дүйнөдө адамдарды сатуу көрүнүшүн талдоо, бул чөйрөдөгү иш дагы деле олуттуу бойдон калгандыгын көрсөтүп жатат.
Адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн актуалдуулугун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдарды сатууга каршы аракеттенүүнүн мыйзамдык, институттук, маалыматтык негиздерине чоң маани берет.
2. Кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адамдын укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук болуп саналат, кулчулукка жана адамдарды сатууга жол берилбейт. Бул конституциялык ченемдердин негизинде республикада адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдык база калыптанды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттин ишин системалаштыруу жана координациялоо чараларын көрүүдө. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14