Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 21-декабры № 829

Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө

 

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январындагы дем алыш күндөрү тиешелүү түрдө 2018-жылдын 2-январындагы жана 3-январындагы иш күндөрүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январындагы дем алыш күндөрүн тиешелүү түрдө 2018-жылдын 2-январындагы жана 3-январындагы иш күндөрүнө которуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С. Исаков