Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИ
2004-жылдын 4-августу № 106
(КР 2004-жылдын 8-октябрындагы № 181, 2005-жылдын 30-июнундагы № 85, 2007-жылдын 31-июлундагы № 117, 2007-жылдын 7-августундагы № 136, 2008-жылдын 17-мартындагы № 21, 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 61, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2009-жылдын 20-январындагы № 10, 2009-жылдын 24-февралындагы № 63, 2009-жылдын 30-мартындагы № 103, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 260, 2012-жылдын 18-майындагы № 59, 2012-жылдын 4-июлундагы № 97, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185, 2013-жылдын 15-июлундагы № 141, 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198, 2015-жылдын 20-июлундагы № 179, 2015-жылдын 18-декабрындагы № 227, 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 34 2016-жылдын 30-майындагы № 76, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 177, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 228, 2017-жылдын 25-январындагы № 12, 2017-жылдын 6-июнундагы № 98, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2017-жылдын 20-ноябрындагы № 190, 2018-жылдын 26-июнундагы № 62, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142, 2022-жылдын 18-январындагы №4, 2022-жылдын 6-июнундагы №41, 2022-жылдын 23-декабрындагы N 123, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ БӨЛҮК
1-Глава Негизги жоболор
1-статья. Эмгек мыйзамдарынын максаттары жана милдеттери
Эмгек мыйзамдарынын максаттары жарандардын эмгектик укуктарынын жана эркиндиктеринин мамлекеттик кепилдиктерин белгилөө, кызматкерлер менен иш берүүчүлөргө иштин ыңгайлуу шарттарын түзүү, укуктарын жана таламдарын коргоо болуп саналат. Эмгек мыйзамдары тараптардын эмгек мамилелеринин таламдарын, ошондой мамлекеттин таламдарын оптималдуу макулдашууга жетишүү үчүн зарыл укуктук шарттарды түзүүгө багытталган.
Эмгек мыйзамдарынын негизги милдеттери эмгектик жана ага түздөн-түз байланышкан мамилелерди укуктук жактан төмөнкүлөрдү жөнгө салуу болуп саналат:
эмгекти уюштуруу жана эмгекти башкаруу боюнча;
иш берүүчүгө ишке орноштуруу боюнча;
кадрларды түздөн-түз ошол иш берүүчүдө кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча;
иш берүүчүнүн, кызматкерлердин жана мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы социалдык өнөктөштүк, жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча;
кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүктүү органдарынын мыйзамда каралган учурларда эмгек шарттарын белгилөөгө жана эмгек мыйзамдарын колдонууга катышуусу боюнча;
эмгек чөйрөсүндө иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы материалдык жоопкерчилик боюнча;