Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 836
"Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 26, 27 жана 28-пункттар менен толукталсын:
"26) "Жараксыз эсеп-фактура" - салык төлөөчү тарабынан отчет бериле турган айдан кийинки айдын 10уна чейин КНС боюнча отчетту бербеген жана/же эсеп-фактураларды колдонуунун, тариздөөнүн жана жүгүртүүнүн белгиленген тартиптерин бузуу менен таризделген эсеп-фактура.
27) "Товарды маркалоо" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык идентификациялоо каражаттарын товарга же анын таңгагына түшүрүү/ товарларга же алардын таңгактарына чаптоо.
Штрих түрүндөгү же башка коддордо берилген же радиожыштыктуу белгиде жазылган же автоматтык идентификациялоонун башка каражаттарын же технологияларын колдонуу менен берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугу товарларды маркалоо максатында идентификациялоо каражаттары катары таанылат.
Салык салуу максатында маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмеси, идентификациялоо каражаттары, идентификациялоо каражаттарында камтылуучу маалыматтардын форматы жана курамы, товарларды маркалоо тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
28) "Товарларды жүгүртүү":
а) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүү, аларды ташуу, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоо;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маркалоого тийиш болгон товарларды өндүрүү, аларды ташуу, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоо.";
2) 28-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи
Электрондук башкаруу жана санариптик кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык түзүлгөн документ салык төлөөчүнүн электрондук документи болуп саналат.";