Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 839
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында аскердик-транспорттук милдет жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-апрелиндеги № 194 "Аскердик-транспорттук милдет жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Кыргыз Республикасында аскердик-транспорттук милдет жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Аскердик-транспорттук милдет жөнүндө ушул жобо мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш убагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) берүүгө тийиш болгон транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү эсепке алуу, мурдатан даярдоого байланышкан иш-чараларды жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Аскердик-транспорттук милдет Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын курамдык бөлүгү болуп саналат жана мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдү транспорттук каражаттар жана мүлктөр менен өз убагында жана толук камсыз кылуу үчүн белгиленет.
Аскердик-транспорттук милдеттин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө" мыйзамдары, ошондой эле ушул Жобо эсептелет.
3. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
транспорттук каражаттар - автомобилдик, темир жол, суу, аба транспорттук каражаттары, ошондой эле тракторлор, жол-куруучу жана көтөрүүчү-транспорттук техникалар жана транспорттук каражаттардын ишин камсыздоочу башка механизмдер;
мүлктөр - ташылуучу резервуарлар, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана атайын суюктуктарды сактоо үчүн идиштер, май куюучу жабдуулар, запастык бөлүктөрдүн жана керек-жарактардын комплекттери, өздүк курамды ташуу үчүн отургучтар, жарадарларды жана оорулууларды ташуу үчүн жабдуулар, кошумча жабдуулар, жүк ташуучу арабалардын ишин камсыздоочу жаныбарлар (аттар, эшектер ж.б.), ошондой эле мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында Куралдуу Күчтөргө берүүгө пландалган транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн, анын ичинде пристандардын, аэропорттордун, мунайбазалардын, күйүүчү майларды жыйып жөнөтүү базаларынын, май куюучу бекеттердин, оңдоочу уюмдардын базаларынын ишин камсыздоочу комплекстер;
мобилизациялык план - өлкөнүн экономикасын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчик формасына карабастан юридикалык жактардын иштерин согуш мезгилинин шартына которуунун жана ошондой эле Куралдуу Күчтөрдү согуш мезгилинин курамына которуу жана уюштуруу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн мазмунун, көлөмүн, тартибин жана мөөнөтүн аныктоочу мамлекеттик документ;
мобилизациялык керектөө - аскердик бөлүктөрдүн күнүмдүк пайдалануусунда турган анык транспорттук каражаттардын бардыгы жана аларды кайра бөлүштүрүүгө пландалган бөлүкчөлөрдүн ортосундагы кол тийбес камдык менен согуш мезгилинде штаттык-кызматтык керектелүүчү транспорт каражаттарынын ортосундагы айырма;
мобилизациялык тапшырма - мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында мамлекеттин туруктуу иштөөсүн камсыздоо боюнча тапшырмаларды чечүүгө багытталган иш-чараларды аткарууга карата мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчик формасына карабастан юридикалык жактарга тапшырма;
мобилизациялык наряд - мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү Куралдуу Күчтөргө өткөрүп берүүгө мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчик формасына карабастан юридикалык жактарга жана жарандарга мобилизациялык тапшырманы белгилөөчү мобилизациялык документ;
мобилизациялык жазма буйрук - мобилизация жарыяланганда жана согуш убагында аскерге милдеттүүлөрдүн аныкталган мөөнөттө жана көрсөтүлгөн жерге келүүсүн талап кылган мобилизациялык документ.
4. Аскердик-транспорттук милдет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчик формасына карабастан юридикалык жактарга жана транспорттук каражаттардын ээси болгон жарандарга (мындан ары - жарандар), ошондой эле портторго, пристандарга, аэропортторго, мунайбазаларына, күйүүчү майларды жыйып-жөнөтүү базаларына, автомобилге май куюу станцияларына, ремонттук ишканаларга жана транспорттук каражаттардын ишин камсыз кылуучу башка уюмдарга жайылтылат.