Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 810
Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү процессин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Негизги жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартибин аныктайт.
2. Жер казынасын пайдаланууга жер участоктору төмөнкүлөр үчүн берилет:
- жер казынасын геологиялык жактан изилдөө (геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо, региондук геологиялык съемка, геологиялык, геофизикалык жана башка иштердин түрлөрү);
- пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда зарыл болгон инфраструктура объектилерин куруу.
3. Жер казынасын пайдаланууга жер участоктору жер казынасын пайдалануу укугуна берилген мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берилет.
4. Жер казынасын пайдаланууга жер участоктору аймактык таандыктыгына жараша ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагындагы жер участоктору аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (жергиликтүү мамлекеттик администрация) тарабынан берилет;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы жер участоктору, анын ичинде жайыттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилет;
3) мамлекеттик токой фондунун жер участоктору токой чарбасын башкаруу боюнча аймактык мамлекеттик органы тарабынан берилет.
5. Жеке менчиктеги же убактылуу пайдалануудагы жер участоктору анын менчик ээси же жер укугун пайдалануучу менен жер казынасын пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча берилет.
6. Берилүүчү жер участогунун чектери жана өлчөмү экологиялык, өнөр жайлык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң экспертиза алынган кен иштетүү үчүн техникалык долбоор же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасы менен аныкталат.
7. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун пайдалануу укугун берүү жер участогунун аймактык таандыктыгына жараша ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жободо аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
8. Чет өлкөлүк жактарга жер казынасын пайдалануу үчүн жер участоктору Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген жер пайдалануучуларга берилүүчү тартипте берилет.