Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 248 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-ноябры № 723
Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамынын долбоорун бюджеттик пландоону жана түзүүнү регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 91-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 110 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты жана республикалык бюджетти түзүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү процессинин бирдиктүү эрежелерин аныктайт.
2. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө прерогативасы болуп саналат.
3. Республикалык бюджеттин долбоорун түздөн-түз түзүүнү бюджеттик болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) ишке ашырат.
2. Бюджеттик процесстин негиздери
4. Республикалык бюджеттин долбоору кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге (мындан ары - бюджеттин долбоору) түзүлөт.
5. Бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун, ошондой эле Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарынын (мындан ары - ФСНБ) негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясында аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды эсепке алуу менен иштелип чыкты.
6. Республикалык бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мекемелерден зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу.
3. Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик каражаттарды алуучулардын бюджеттеринин долбоорлорун түзүүнүн тартиби
7. ФСНБ белгилеген чыгымдардын ведомстволук классификациясы боюнча контролдук цифралар бюджеттик каражаттарды алуучулардын (мындан ары - БКА) бюджеттеринин долбоорлорун түзүү үчүн негиз болуп саналат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (мындан ары - БКБТ) чейин контролдук цифралар билдирилет. БКБТ пландалган бюджеттик жылга бюджеттик ассигнованиелерди (мындан ары - бюджеттик өтүнмө) алууга өтүнмөлөрдү түзүү үчүн БКАга чейин аларды өз учурунда билдирүүнү камсыздайт.
8. БКБТ/бюджеттик каражаттардын тескөөчүлөрү (мындан ары - БКТ) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча учурдагы жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджеттик өтүнмөнү жана ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча квартал боюнча бөлүштүрүүсүз жалпы жылдык сумма менен акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдөн каражаттарды алууга өтүнмөнү даярдашат жана беришет.
9. Кирешелердин жана чыгымдардын экономикалык классификациясы, ведомстволук классификацияны көрсөтүү менен активдер жана милдеттенмелер менен болгон операциялар классификация боюнча 5-деңгээлге чейин мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларынын классификациясы (мындан ары - МБОФК) боюнча ар бир БКАга бюджеттик өтүнмө түзүлөт.
10. БКБТ ар бир БКА боюнча жеке бюджеттик өтүнмөлөрдүн негизинде жыйынды бюджеттик өтүнмө түзүлөт.
11. Жыйынды бюджеттик өтүнмөгө БКБТнын жетекчиси жана жооптуу адистери виза коюшат.
12. БКБТ жана БКТ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыйынды бюджеттик өтүнмөлөрдү жана бюджеттик ассигнованиелердин көлөмүн бөлүштүрүү эсептерин беришет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКБТдан бюджеттик өтүнмөлөрдү алгандан кийин беш жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына, чыгымдоо милдеттенмелеринин пайда болуусунун укуктук негиздерине, ФСНБда белгиленген чыгымдардын ведомстволук классификациясы боюнча контролдук цифраларга шайкеш келүү предметине карата карайт.
13. БКБТ жана/же БКТ бюджеттик өтүнмөлөрдү кароо процессинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- бюджеттик өтүнмөгө киргизилген чыгымдардын суммасынын ФСНБнын болжолдуу параметрлерине шайкеш келишин жана алардын негиздүүлүгүн текшерет;
- эмгек акы фондунун өлчөмдөрдүн түзүүнүн жана ченемдерди эсептөөгө колдонуунун тууралыгын, материалдык жана акчалай чыгымдардын бааларын текшерет;
- чыгымдардын зарылдыгына баалоо жүргүзөт, бюджеттик өтүнмөлөргө негизделген эсептөөлөрдүн болушун текшерет;
- бюджеттик ассигнованиелерди алууга өтүнмөлөрдү тактайт, аларга зарыл болгондо кароонун натыйжасы боюнча оңдоолорду киргизет.
14. БКБТ (БКТ/БКА) боюнча бюджеттик ассигнованиелердин көлөмдөрүн азайтуу, бюджеттин ресурстарынын көлөмдөрүн көбөйтүү жагына өзгөртүү, ошондой эле бюджеттин ресурстарынын болжолдонуучу көлөмдөрү кыскарган учурдагы өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 89-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
15. Бюджеттик өтүнмөлөргө жана бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүүгө карата сын-пикирлер болбогон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик өтүнмөлөрдү кабыл алат.
16. Бюджеттик өтүнмөлөргө карата сын-пикирлер болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сын-пикирлерди четтетүү үчүн бюджеттик өтүнмөнү БКБТга кайта берет.
17. БКБТ бюджеттик өтүнмөнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайта берген датадан тартып эки жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген сын-пикирлерге ылайык бюджеттик өтүнмөгө оңдоолорду киргизет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна бюджеттик өтүнмөнү кайрадан берет.
18. БКБТ бюджеттик өтүнмөлөрдү карап жана тактагандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган учурдагы бюджеттин жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө кезектеги жылга жана болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) түзөт.
4. Мыйзам долбоорунун "Жалпы мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөөлөр" бөлүмүн түзүү тартиби
19. Мыйзам долбоорунун "Жалпы мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөөлөр" бөлүмүндө мамлекеттин милдеттерин жана функцияларын аткарууга бюджеттик ассигнованиелер каралат, алар:
- теңдөөчү жана максаттуу трансферттер;
- дем берүүчү (үлүштүк) гранттар;
- эл аралык уюмдарга төгүмдөр;
- тышкы жана ички карыз боюнча пайыздарды төлөө;
- кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайта берүү;
- соттун чечимдерин аткаруу;
- банк кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө (коммерциялык банктарга жана финансы-кредиттик мекемелерге төлөөлөр);
- чек ара аймактарын өнүктүрүү;
- коммерциялык банктардын пайыздык ставкаларын субсидиялоо;
- капиталдык салымдар;
- табигый кырсыктарды жоюу боюнча иш-чаралар;
- социалдык төлөөлөрдү жогорулатуу;
- мамлекеттик бюджеттик резерв;
- жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар;
- жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берилген мекемелер;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду;
- бюджетти аткаруунун жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон башка иш-чаралар жана төлөөлөр.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 110 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Бюджеттик ассигнованиелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык акцияларга жана юридикалык жактардын капиталына катышуунун башка формаларына жана юридикалык жактарга, айылдык товар өндүрүүчүлөргө жана ишкерлерге кредит берүүдө каралат.
21. Республикалык бюджеттин долбоорунда социалдык төлөөлөрдү жогорулатууга (социалдык пакетке) бюджеттик ассигнованиелер каралат, алар эмгек акы фондунун, стипендиялардын, тамактануунун, медикаменттердин, пенсиялардын жана жөлөк пулдардын өлчөмдөрүнүн күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрүнө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин өсүшүнө, мамлекеттик программаларды жана мамлекеттик маанидеги башка иш-чараларды ишке ашырууга байланышкан кошумча бюджеттик чыгымдарды жабууга жумшалат, ошондой эле белгилүү максаттарга чет мамлекеттерден алынган гранттык жана кредиттик каражаттарда каралат.
22. Мыйзам долбоорун түзүүнүн жүрүшүндө социалдык төлөөлөрдү жогорулатууга бюджеттик ассигнованиелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын болжолдуу маалыматтарына ылайык каралат.
23. БКБТ/БКТ бюджетти аткаруунун жүрүшүндө социалдык төлөөлөрдү жогорулатууга каралган бюджеттик ассигнованиелерге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин тийиштүү ченемдик укуктук актыларына, буйруктарына, чечимдерине шайкеш келген такталган эсептөөлөрдү түзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген такталган эсептөөлөргө ылайык БКБТ/БКТ алардын тийиштүү эсебине, социалдык төлөөлөрдү жогорулатууга каралган каражаттардан бюджеттик ассигнованиелерди өзгөртүү жөнүндө маалымкат-билдирмелерди тариздейт.
25. Чет мамлекеттен жана эл аралык финансылык уюмдардан алынган гранттар жана кредиттер Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде бөлүнгөн каражаттар болуп саналат, алар толук көлөмдө максаттуу багыты боюнча пайдаланылууга тийиш. Учурдагы жылы бул каражаттар толук көлөмдө пайдаланылбаган учурда, жылдын аягына калган калдыктар жаңы бюджеттик жылда каржылоо булагы болуп саналат.
25-1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоого чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтомунун 3-пунктуна ылайык Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 110 токтомунун редакциясына ылайык)
26. "Жалпы мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөөлөр" бөлүмү боюнча бюджеттик ассигнованиелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана Кыргыз Республикасынын сот системасынын мекемелеринин бюджеттик табыштамаларын даярдоо жана берүү
27. Кыргыз Республикасынын сот системасынын бюджетинин долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке киргизилет жана өз алдынча түзүлөт.
28. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өз ишин каржылоо үчүн бюджеттин долбоорун жыл сайын өз алдынча түзөт жана корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтөт.
29. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бюджеттин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу менен республикалык бюджеттин долбоорунун курамына аны киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жөнөтөт. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык түзүлөт.
30. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана сот системасынын бюджеттеринин долбоорлору Мыйзамдын долбооруна киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы жылдын 20-июлуна чейинки мөөнөттө берилет.
31. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алынган бюджеттик долбоорлорго ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана сот системасынын мекемелеринин бюджеттик ассигнованиелерин Мыйзамдын долбооруна учурдагы бюджеттик жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө киргизет.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын трансферттерине бюджеттик табыштамаларды даярдоо жана берүү
32. Мыйзам долбоорунун чыгымдык бөлүгүнө бюджеттер аралык мамилелерге ассигнованиелер киргизилет.
33. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттери ортосундагы мамилелер жалпы мамлекеттик кирешелерден жана бюджеттеринин аралык трансферттерден чегерүүлөрдүн ченемдерин белгилөө аркылуу жөнгө салынат.
34. Бюджеттер аралык трансферттердин системасына төмөнкүлөр камтылат:
- теңдөөчү трансферттер жана максаттуу трансферттер түрүндө жергиликтүү бюджеттерге трансферттер;
- республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине ассигнованиелер.
35. Теңдөөчү жана максаттуу трансферттерге бюджеттик ассигнованиелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
36. Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерине ассигнованиелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык берилет жана каржыланат, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте түзүлөт.
7. Бюджеттик инвестицияларга бюджеттик табыштамаларды даярдоо жана берүү
37. Республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүнө бюджеттик инвестицияларга ассигнованиелер киргизилет.
38. Бюджеттик инвестициялар инфраструктураны түзүүгө жана өнүктүрүүгө, инновациялык системаны түзүүгө, социалдык секторду колдоого, инвестициялык долбоорлор аркылуу мамлекеттик башкаруу секторунда институционалдык кайра өзгөртүүлөрдү камсыздоого багытталат.
39. Бюджеттик инвестицияларга бюджеттик ассигнованиелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
8. Негизги сумманы, пайыздарды жана башка төлөмдөр боюнча төлөмдөрдү кошуп, бирок алар менен чектелбестен мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттик табыштамаларды даярдоо жана берүү
40. Чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөөгө, мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөөгө, индексацияланган суммалар боюнча калкка болгон карызды тындырууга бюджеттик ассигнованиелер, мамлекеттик баалуу кагаздар, акцияларды жана тышкы карыз алууларды кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
9. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүү тартиби
41. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мыйзамдын долбоорун түзөт.
42. Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык көрсөткүчтөрдү камтыйт.
43. Мыйзамдын долбооруна тиркемелерде чыгымдардын көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык мамлекеттик инвестициялар жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн каражат түшүүлөр, учурдагы чыгымдарга бюджет бөлүп берүү менен чагылдырылат.
44. Бюджеттин кирешелери, чыгашалары, профицити (тартыштыгы) жана тартыштыкты жабуу булактары боюнча бюджеттин параметрлери мамлекеттик финансылардын статистикасынын эл аралык стандарттарына ылайык түзүм боюнча төмөнкүдөй тартипте түзүлөт:
- операциялык ишке байланыштуу акча каражаттарынын агымдары;
- операциялык иштен акча каражаттарынын түшүүсү;
- салыктык кирешелер;
- алынган расмий трансферттер;
- салыктык эмес кирешелер;
- операциялык иштен акча каражаттарын төлөөлөр;
- жумушчулардын эмгегине төлөө;
- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
- пайыздар;
- субсидиялар;
- гранттар;
- социалдык жөлөк пулдар;
- башка чыгымдар;
- операциялык иштен акча каражаттарынын накталай келип түшүүлөрү;
- финансылык эмес активдердин салымдарына байланыштуу акча каражаттарынын агымдары;
- финансылык эмес активдерди сатып алуу;
- негизги фонддор;
- стратегиялык запастар;
- баалуулуктар;
- өндүрүлбөгөн активдер;
- финансылык эмес активдерге салымдардын натыйжасында акча каражаттарынын накталай сыртка чыгып кетүүсү;
- профицит/тартыштык;
- каржылоо боюнча операцияларга байланыштуу акча каражаттарынын агымдары;
- финансылык активдерди накталай сатып алуу (ички, тышкы);
- милдеттенмелерди накталай алуу (ички, тышкы);
- каржылоо боюнча операциялардан акча каражаттарынын накталай келип түшүүсү;
- акча каражаттарынын запасындагы накталай өзгөрүүсү.
мында:
Операциялык иштен акча каражаттарынын накталай келип түшүүлөрү = Операциялык иштен акча каражаттарынын түшүүлөрү/кирешелери - операциялык ишти жүргүзүү үчүн акча каражаттарынын чыгымдары/төлөмдөрү;
Финансылык эмес активдерге салымдардын натыйжасында акча каражаттарынын накталай сыртка чыгып кетүүсү (ФЭА) = ФЭА сатып алуу - ФЭА сатуу;
Акча каражаттарынын профицити/тартыштыгы = операциялык иштен акча каражаттарынын накталай келип түшүүлөрү - ФЭАга салымдардын натыйжасында акча каражаттарынын накталай сыртка чыгып кетүүсү;
Каржылоо боюнча операциялардан акча каражаттарынын накталай келип түшүүсү = милдеттенмелерди накталай алуу - финансылык активдерди накталай сатып алуу;
Акча каражаттарынын запасындагы накталай өзгөрүүсү = акча каражаттарынын профицити/тартыштыгы + каржылоо боюнча операциялардан акча каражаттарынын накталай келип түшүүсү.
Мыйзамдын долбоору өзүнө төмөнкү тиркемелерди камтыйт:
- мыйзамдын долбооруна түшүндүрмө кат;
- 1-тиркеме - экономикалык классификация боюнча чыгымдар;
- 2-тиркеме - Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин болжолу;
- 3-тиркеме - кирешелер боюнча болжол;
- 3-1-тиркеме - акыга кызмат көрсөтүүдөн каражат түшүүлөр;
- 4-тиркеме - КФОГУ боюнча чыгымдар;
- 5-тиркеме - ведомстволук классификация боюнча чыгымдар;
- 6-тиркеме - экономикалык классификациянын кесилишинде ведомстволук классификация боюнча чыгымдар;
- 7-тиркеме - мамлекеттик инвестициялар;
- 8, 8-1, 8-2-тиркемелер - тийиштүү жылга жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берилген мекемелер боюнча бюджет;
- 9-тиркеме - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди кайтарып берүү;
- 10-тиркеме - республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин өлчөмү;
- 11-тиркеме - программалык негизде министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттери.
10. Мыйзамдын долбооруна түшүндүрмө кат
45. Мыйзамдын долбооруна түшүндүрмө кат төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
- өнүгүүнүн макроэкономикалык келечеги;
- бюджеттин киреше бөлүгү;
- бюджеттин чыгаша бөлүгү;
- бюджеттин дефицити;
- бюджетти аткаруунун тобокелдиктери;
- программалык бюджеттөө.
46. Ар бир бөлүмдүн жана бөлүмчөнүн сыпаттоо бөлүгүнүн мазмуну 5 жылдагы: мурунку эки жылдагы, учурдагы жылдагы жана болжолдонгон эки жыл үчүн көрсөткүчтөрдү чагылдырган таблицаны камтышы керек.
47. "Өнүгүүнүн макроэкономикалык келечеги" бөлүгү негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү чагылдырат, алар номиналдуу ички дүң продукт (мындан ары - ИДП), ИДПнын реалдуу өсүшү, инфляция:
- болжолдонгон 3 жылда ИДПнын өсүшүнө таасир этүүчү күтүлгөн тобокелдиктер;
- кийинки 5 жылдык мөөнөттөгү негизги макрокөрсөткүчтөр (өткөн жылдын фактысы, учурдагы мезгил жана 3 болжолдуу жыл):
- ИДПнын номиналдуу деңгээли;
- инфляциянын деңгээли;
- ИДПнын реалдуу өсүшү;
- болжолдонгон жылдарга өндүрүштүн ИДПсынын түзүмүнө талдоо.
Бөлүм бюджеттин чыгымдарына жана кирешесине макроэкономикалык жол берүүлөрдүн таасири боюнча маалыматты камтыйт (таасирлерге туруктуулукту талдоо).
"Бюджеттин киреше бөлүгү" бөлүмү төмөнкүдөй үч бөлүктөн турат:
- мурунку эки жылга, болжолдонгон бюджеттик жылга жана кийинки эки жылга киреше бөлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү (мамлекеттик жана республикалык бюджеттердин);
- бюджеттин ресурстук бөлүгү;
- болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарбоонун тобокелдери.
Болжолдонгон мезгилге ар бир параметр тиешелүү номиналдык ИДПга карата катышты, ошондой эле мурдагы мезгилге карата көбөйүүнү же азаюуну чагылдырат жана болжолдонгон бюджеттик жылда республикалык бюджеттин ресурстарына аткаруу бийлигинин саясатынын таасиринин даражасын баалоо боюнча маалыматты, ар бир салыктык жеңилдикке, болжолдонгон бенефициарларга жана түшпөй калган кирешени баалоого карата максаттарды баяндоо жана саясатты негиздөө менен жаңы салыктык преференцияларды берүүнүн натыйжасында түшпөй калган кирешелер жөнүндө маалыматты камтыйт.
Бюджеттин киреше бөлүгү боюнча маалыматта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- республикалык бюджеттин ресурстарынын толук көлөмү, анын ичинде салыктык, салыктык эмес кирешелер жана алынган расмий трансферттер, ошондой эле алардын мурдагы жылдагы (иш жүзүндөгү маалыматтар), учурдагы жылдагы (такталган маалыматтар) жана мурдагы жана болжолдонгон мезгилдеги жылдар боюнча үч жылдык мезгилге карата болжолдонгон кыскача талдоосу;
- учурдагы жылда жана болжолдонгон мезгилде республикалык бюджеттин түшүүлөрүнүн айрым булактарын баалоо (бир жолку түшүүлөр);
- пландалган жылда болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарбоонун тобокелдери камтылат.
48. "Бюджеттин чыгаша бөлүгү" бөлүмү функциялык классификация боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү принциби боюнча бөлүнгөн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан функциялык классификация боюнча тескеген БКБТ боюнча жыйынды түшүндүрмө жазуулар түзүлөт.
Болжолдонгон мезгилге карата ар бир параметр тиешелүү номиналдык ИДПга карата көрсөткүчтөрдүн катышын, ошондой эле мурдагы мезгилге карата көбөйүүнү же азаюуну чагылдырат.
Чыгаша бөлүгү боюнча маалыматта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- республикалык бюджеттин өткөн жылдагы (иш жүзүндөгү маалыматтар), учурдагы жылдагы (такталган маалыматтар) жана болжолдонгон үч жылдык мезгилге (андан ары 5 жылдык мезгил) карата жылдардагы функциялык классификация боюнча чыгымдарынын толук көлөмү, аткаруу бийлигинин саясатынын таасирин баалоо менен;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө багытталган чыгымдар (тышкы жана ички карыз боюнча түзүмдүк көрсөткүчтөр боюнча 5 жылдык мезгилдеги чыгымдардын динамикасын көрсөтүү менен);
- жергиликтүү бюджеттердин 5 жылдык мезгилдеги кирешелеринин/чыгашаларынын көлөмү, теңөөчү трансферттердин көлөмү жөнүндө жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калуусу жана алардын компенсациясы жөнүндө маалыматтар;
- жалпы мамлекеттик чыгымдар боюнча сарптоолордун көлөмү: мамлекеттик программалар, пландалган мезгилге карата иш-чаралар жана төлөмдөр;
- 5 жылдык мезгилдеги аналитика менен бюджеттик инвестициялардын көлөмү: капиталдык салымдар, дем берүүчү гранттар жана мамлекеттик инвестициялар.
49. "Жалпы мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр" бөлүмүндө бюджеттик жылда жана кийинки эки жылда республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө экономикадагы жаңы багыттардын таасирин баалоо боюнча маалымат кыскача түшүндүрмө менен жана болжолдонгон бюджеттик жылдагы республикалык бюджеттин чыгымдарына аткаруу бийлигинин багыттарынын таасиринин деңгээлин баалоо боюнча маалымат чагылдырылат.
"Бюджеттин дефицити" бөлүмү тиешелүү болжолдонгон мезгилге карата көрсөткүчтөн, ошондой эле тышкы жана ички каржылоо боюнча бюджеттин тартыштыгын каржылоо булактарынан турат. Көрсөткүч тиешелүү номиналдык ИДПга катышты, ошондой эле өткөн мезгилге салыштырмалуу өсүүнү же азаюуну чагылдырууга тийиш.
"Бюджетти аткаруу тобокелдери" бөлүмү республикалык бюджеттин ар бир түзүүчү бөлүмү боюнча бюджетти аткаруунун тиешелүү мезгилине карата күтүлгөн тобокелдерди 3-5-пункттарга (өнүктүрүүнүн макроэкономикалык келечеги, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү) ылайык чагылдырат. Ар бир бөлүм боюнча тобокелдерди баяндоо аныкталган тобокелдерди негиздөө катары кыскача аналитикалык негизди камтууга тийиш.
"Программалык бюджеттештирүү" бөлүмү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн программаларынын/стратегияларынын алкагында программалык бюджеттештирүүнү ишке киргизүү процессин, ошондой эле алдыдагы мезгилге пландалган чаралар боюнча маалыматты чагылдырат.
Мыйзамдын долбооруна түшүндүрмө жазуу үчүн көрсөткүчтөрдүн тизмеси ушул Тартиптин 13-тиркемесине ылайык формада түзүлөт.
11. Бюджеттин жыйынды жазуусун түзүү жана бекитүү
50. Жыйынды бюджеттик жазуу (жыйынды жазуу) - бекитилген бюджеттин негизинде түзүлүп, бюджеттик классификацияга ылайык бюджеттин кирешелерин жана чыгымдарын квартал боюнча бөлүштүрүүнү, активдер жана милдеттенмелер менен операцияларды камтуучу жана документ.
51. Жыйынды жазуу бюджеттик процесстин катышуучулары үчүн негизги директивалык документ болот, анын негизинде бюджетке кирешелердин түшүүсү, ошондой эле республикалык бюджеттен бюджеттик ассигнованиелерди бөлүү контролдонот.
52. Кирешелер боюнча жыйынды жазуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына, ошондой эле өткөн мезгилдердеги иш жүзүндөгү түшүүлөрдүн динамикасын талдоого ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун сунуштарынын негизинде түзүлөт.
53. Жыйынды жазуу кирешелердин, чыгашалардын экономикалык классификациясы жана активдер, милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү боюнча түзүлөт.
54. Жыйынды жазууда ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык жылдагы ар бир кварталга карата пайыздык катыштагы абсолюттук суммадагы бюджеттик ассигнованиелердин жылдык пландык көлөмү чагылдырылат.
55. Бөлүмдөр боюнча жыйынды жазууда кирешелердин жана чыгашалардын жыйынтык маалыматтары бекитилген жылдык бюджетте жана аны кварталдык бөлүштүрүүдө кабыл алынган суммаларга шайкеш келүүгө тийиш.
56. Кирешелер боюнча жыйынды жазуу өткөн мезгилдеги иш жүзүндөгү түшүүлөрдүн, түшүүлөрдүн администраторлорунун сунуштарынын жана салыктык мыйзамдардын негизинде түзүлөт.
57. Кирешелер боюнча жыйынды жазуу = Кирешелер + Активдер жана милдеттенмелер + Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептериндеги жыл башына карата калдыктар.
Кирешелер төмөнкүдөй чагылдырылган:
Кирешелер = СК + СЭК + РТ,
мында:
СК - салыктык кирешелер
СЭК - салыктык эмес кирешелер
РТ - алынган расмий трансферттер
Активдер жана милдеттенмелер = ФЭА + ФА + Мил,
мында:
ФЭА - финансылык эмес активдер
ФА - финансылык активдер
Мил - милдеттенмелер.
58. Кирешелерди квартал боюнча бөлүштүрүүдө бюджеттик каражаттардын жыл башына карата жылдык бюджет боюнча пландык чыгымдарды жабууга багытталган эркин калдыктары "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептериндеги жыл башына карата калдыктар" катары каралат.
59. Эгер бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын квартал боюнча бөлүштүрүүнү баланстоодо айрым кварталдарда кирешелер чыгашалардан ашса, бул кварталдын бюджеттик каражаттарынын калдыктары (кирешелердин чыгашалардан ашып кетүүсү) кийинки кварталдын чыгымдарын жабууга багытталууга тийиш.
60. Чыгашаларды квартал боюнча бөлүштүрүү алардын өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын (билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жайкы мезгилдеги өргүүсү, күзгү-кышкы мезгилге даярдык, жазгы талаа иштери, өзгөчө кырдаалдар, жалпы мамлекеттик иш-чаралар ж.б.) эске алуу менен жүргүзүлөт. Жыйынды жазуунун чыгаша бөлүгүн квартал боюнча бөлүштүрүү анын киреше бөлүгүнө жана мурдагы мезгилдердеги иш жүзүндөгү чыгымдардын динамикасын талдоого жараша болот.
61. Чыгымдар боюнча жыйынды жазуу = ББ + МИП (С) + ТК (НС) + МБК (ОС) + АК,
мында:
ББ - ушул жылдын бекитилген бюджети;
МИП (С) - МИП (кош каржылоо);
ТК (НС) - тышкы карыз (негизги сумма);
МБК (НС) - мамлекеттик баалуу кагаздар (негизги сумма);
АК- атайын эсептеги каражаттар.
62. Бюджеттин жазуусуна киргизилген чыгымдардын жыйыны жыл ичинде тиешелүү бюджеттик ассигнованиелерди пайдаланууга БКБТ (БКБ, БКА) жетекчисинин укуктарын аныктаган документ болуп саналат.
63. Жыйынды жазуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
64. Жыйынды жазууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыйынды жазуунун көрсөткүчтөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жүргүзөт. Жыйынды жазууну өзгөртүү кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
12. Бюджеттик каражаттарды алуучулардын сметаларын түзүү, кароо жана бекитүү
65. Бюджеттик смета (смета) - квартал боюнча бөлүү менен бюджеттик классификацияга ылайык бюджеттик мекеменин кирешелеринин жана чыгашаларынын көлөмүн аныктаган документ.
66. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыйынды жазуу бекитилген күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде жыйынды жазуунун бекитилген көрсөткүчтөрүн БКБТ жана БКБга билдирет.
67. БКБТ/БКБ жыйынды жазуунун берилген көрсөткүчтөрүнүн негизинде бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметаларын түзүү үчүн бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүшөт. Жыйынды жазуунун көрсөткүчтөрүнө ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметаларын түзүшөт.
68. БКБТ/БКБ түзүлгөн сметаларды жыйынды жазуу бекитилген күндөн тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
69. Сметалар ар бир БКАга, алардын иштөөсүнө жана кирешелердин, чыгымдардын экономикалык классификациясы боюнча ведомстволук, функциялык классификациясына, ошондой эле активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясына карата түзүлөт.
70. БКБТ/БКБ чыгымдарынын сметаларына эмгек акы фондунун жылдык көлөмүн аныктоо менен мекеменин штаттык расписаниеси, ошондой эле экономикалык классификациясы боюнча башка эсептери тиркелет, зарыл болгон учурда эмгек акы фондунун жылдык көлөмүн эске алуу менен штаттык расписаниелердин жыйынды көлөмдөрү түзүлөт.
71. БКБТ/БКБ ушул Тартиптин 14-16-тиркемелерине ылайык бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин саны жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
72. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сметаларда келтирилген бюджеттик ассигнованиелердин суммасынын жыйынды жазуунун кварталдык бөлүштүрүүсүнө шайкештигин текшерет. Бюджеттик чыгымдарды кварталдык бөлүштүрүүдөн четтеген, ошондой эле мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу табылган учурда БКБТ/БКБ ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аларга зарыл болгон оңдоп түзөтүүлөрдү киргизет.
73. Квартал боюнча бөлүнгөн жыйынды сметага ушул Тартиптин 5тен 8ге чейинки тиркемелерине ылайык тиркеме - БКА боюнча сметалар пакети иштелип чыгат, анын жыйындысы жыйынды жазууну түзөт. Сметалардын электрондук номерлениши казыналыктын автоматташтырылган системасы тарабынан берилет.
74. Сметалар пакети кирешелер классификациясы, чыгымдардын экономикалык классификациясы жана кварталдык бөлүү менен активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы боюнча функциялык классификациянын ар бир деңгээли боюнча БКБТнын бардык ведомстволук бөлүнүштөрүнүн сметаларын камтыйт.
75. Бюджеттик мекемелер, ишканалар, чарбалык уюмдар жана бюджеттик ассигнованиелерди башка алуучулар бюджеттик каражаттарды чыгымдардын сметаларында каралган ассигнованиелердин көлөмдөрүнө жана максаттуу багыттарына ылайык сарптоону камсыздоого милдеттүү. Бюджеттик каражаттарды чыгымдардын сметаларында каралбаган иш-чараларга багыттоого тыюу салынат.
76. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде турган бюджеттик мекемелердин жетекчилери бул мекемелердин чыгымдарынын сметаларында каралган каражаттарды бюджетти аткаруу процессинде бюджеттин жыйынды жазуусуна киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кварталдык ассигнованиелердин чегинде гана максаттуу багыттар боюнча пайдаланууга укуктуу.
13. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү
77. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлердин өзгөрүүсүнө алып келбесе, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
- эгер бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келбесе, каралган суммалардын чегинде бюджет жөнүндө мыйзамдын тиркемесине өзгөртүүлөрдү;
- тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн көлөмүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баа деңгээлинин өзгөрүүлөрүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарына, токтомдоруна ылайык Мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин алардын булактарын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин макулдугу менен айына бир жолудан көп эмес аткаруу үчүн зарыл болгон кечиктирилгис иш-чараларды кошумча каржылоо жөнүндө сунуштарды.
78. Бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кийинки болжолдонгон мезгилдин бюджетинин параметрлерин өзгөртпөстөн учурдагы жылдын бюджетинин көрсөткүчтөрүнө киргизилет.
79. Кирешелер жана чыгымдар боюнча бекитилген бюджеттин көрсөткүчтөрүнө өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кошумча чыгымдарды жана түшпөй калган кирешелерди жабуунун конкреттүү, негизделген булактары болгон учурда гана кабыл алынышы мүмкүн.
14. Бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана бюджетти аткаруу процессинде кайра бөлүштүрүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет
80. Бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү натыйжалары жөнүндө БКБТнын отчету ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 9-12-тиркемелерине ылайык формада маалымкат-билдирүү түрүндө бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү күнүндө эки нускада берилет. Бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет аны жүргүзгөн күнү берилбесе, финансылык тартипти бузуу үчүн чаралар көрүлөт.
15. Бюджетти кошумча каржылоо
81. Бюджеттик жылдын ичинде бюджетти аткаруунун жүрүшүндө кошумча алынган кирешелер бюджеттин кошумча булактары болуп саналат, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кирешелер планын ашык аткаруунун же аяктаган бюджеттик жылда чыгымдарды үнөмдөөнүн натыйжасында бюджеттик жылдын башына карата түзүлгөн бюджеттик каражаттардын эркин калдыктарын;
- аны аткаруу процессинде учурдагы бюджеттик жылдын кирешелеринин болжолун ашык аткарылышын;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжалары боюнча тийиштүү жылга республикалык бюджетти аткаруу жыйынтыктары боюнча эсептердеги товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык запасын жана бюджеттик мекемелерди каржылоодо жылдык отчеттор боюнча каражаттардын калдыктарын талдоонун негизинде белгиленген бюджеттин чыгымдары боюнча үнөмдөөнүн натыйжасында бошогон каражаттарды.
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча түшүүлөр кошумча чыгымдарды каржылоонун булактары болуп саналат.
82. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин кошумча чыгымдарды каржылоо максатында учурдагы бюджеттик жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдары боюнча кошумча реестрди (кошумча реестр) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин чечимине жана ушул Тартиптин 4-тиркемесине шайкеш формада башка ченемдик укуктук актыларга ылайык даярдайт.
83. БКБТ/БКБ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга экономикалык классификация боюнча кошумча чыгымдарга, анын ичинде эмгек акы фондунун өлчөмүн көбөйтүүгө тиешелүү эсептөөлөрдү берет.
84. Кошумча реестрди түзүүдө Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык бюджеттин тең салмактуулугун сактоо максатында пландалган кошумча чыгымдардын көлөмү учурдагы бюджеттик жылдагы бюджеттин пландалган кошумча кирешелеринин көлөмүнө шайкеш келүүгө тийиш. Кошумча реестрдин балансы төмөнкүдөй аныкталат:
Баланс = Ресурстар - Чыгымдар.
85. Кошумча реестр ресурстук бөлүктөн (каржылоо булактары) жана чыгаша бөлүгүнөн (кошумча чыгымдар) турат. Ресурстук бөлүк төмөнкүлөрдөн турат:
Бардык ресурстар = СК + СЭМ + РТ + ФА + ФЭА + Мил + РжЧО + ЭБК,
мында:
СК - салыктык кирешелер;
СЭК - салыктык эмес кирешелер;
РТ - алынган расмий трансферттер;
ФА - финансылык активдер;
ФЭА - финансылык эмес активдер;
Мил - МБК боюнча милдеттенмелер;
РжЧО - резервдер жана чыгымдарды оптималдаштыруу;
ЭБК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептериндеги калдыктар.
86. Кошумча реестрдин чыгаша бөлүгү тармактык багыттар боюнча топтолгон кошумча керектөөлөрдөн турат.
16. Бюджеттик процесстин катышуучуларынын жоопкерчилиги
87. Бюджеттик мекеменин жетекчиси бюджеттик каражаттарды жана атайын эсептердин каражаттарын сапаттуу болжолдоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
88. Бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн бюджеттик процесстин катышуучуларынын жоопкерчилик принциби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган.
89. Мамлекеттик органдар тарабынан финансылык тартипти сактоону контролдоо жана мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган.
|
| Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибине 1-тиркеме |
Форма
_____ жылга бюджеттик ассигнованиелерди алууга ӨТҮНМӨ
Ведомстволук классификация коду:
Функционалдык классификация коду:
(миң сом) | |||||||||
Экон. кл коду (4 белги) | Экономикалык классификация боюнча чыгымдардын беренелери | Өткөн жыл үчүн иш жүзүндө | Өткөн жыл үчүн иш жүзүндө | Бекитилген бюджет | Такталган бюджет | Мекеменин керектөөлөрү | Контролдук цифра | четтөө (8-7) | четтөө (8-5) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2111 | Эмгек акы |
|
|
|
|
|
|
|
|
2121 | Социалдык фондуна төгүмдөр |
|
|
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибине 2-тиркеме |
Форма
__ жылга акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүдөн каражаттарды алууга ӨТҮНМӨ
Ведомстволук классификация коду:
Функционалдык классификация коду:
(миң сом) | |||||||||
Экон. кл коду (4 белги) | Экономикалык классификация боюнча чыгымдардын беренелери | Мурунку жыл үчүн иш жүзүндө | Мурунку жыл үчүн иш жүзүндө | Бекитилген бюджет | Такталган бюджет | Мекеменин керектөөлөрү | Контролдук цифра | четтөө (8-7) | четтөө (8-5) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2111 | Эмгек акы |
|
|
|
|
|
|
|
|
2121 | Социалдык фондуна төгүмдөр |
|
|
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибине 3-тиркеме |
Форма
|
| Бекитем Кыргыз Республикасынын Финансы министри ______________________ 20___-ж. "____" _______________ |
Кыргыз Республикасынын 20___-жылга республикалык бюджетинин ЖЫЙЫНДЫ ТАБЛИЦАСЫ
Бюджет. классиф. элементи | Жалпы кирешелер, активдер жана милдеттенмелер | Бардыгы | % менен | 1 квартал | % менен | 2 квартал | % менен | 3 квартал | % менен | 4 квартал | % менен |
Жалпы кирешелер, активдер жана милдеттенмелер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
1 | Кирешелер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
11 | Салыктык кирешелер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
13 | Алынган расмий транферттер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
14 | Салыктык эмес кирешелер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
3 | Активдер жана милдеттенмелер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
31 | Финансылык эмес активдер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
32 | Финансылык активдер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
33 | Милдеттенмелер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
33243 | Чет өлкөлүк финансы институттары |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Эсептеги калдыктар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Чыгымдардын экон. беренелери | Жалпы чыгымдар, активдер жана милдеттенмелер | Бардыгы | % менен | 1 квартал | % менен | 2 квартал | % менен | 3 квартал | % менен | 4 квартал | % менен |
2111 | Эмгек акы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
а.и. КР БИМ жана башка министрликтердин жана ведомстволордун билим берүүчү мекемелери (билим берүүчү мекемелердин кызматкерлеринин жайкы мезгилдеги өргүүсү) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
2121 | Социалдык фондго чегерүүлөр |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
а.и. КР БИМ жана башка министрликтердин жана ведомстволордун билим берүүчү мекемелери, Социалдык фондго чегерүүлөрү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
2211 | Кызматтык иш сапарларга чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Министрликтер жана ведомстволор (башкалар) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
2222 | Учурдагы чарба иштери үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
а.и. КР АЧМнын Суу чарба жана мелиорация департаменти (жазгы сугаруу иштери) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
2224 | Көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
а.и. КЖКХ (күзгү-кышкы мезгил) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
3111 | МИП (тең каржылоо) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
3324 | Тышкы карыз (негизги суммасы) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
XXX |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
3313 | МБК (негизги суммасы) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
атайын каражаттар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибине 4-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдары боюнча КОШУМЧА РЕЕСТР
№ | Министрликтин жана ведомстволордун аталышы | Иш-чаралар (максаттар жана милдеттер) | Сумма (млн. сом) | Эске алынды | Эске алынган жок | Эскертүү |
Бардык ресурстар = (1 + 2 + 3) |
|
|
|
| ||
1 | ХХХ |
|
|
|
| |
2 | ХХХ |
|
|
|
| |
3 | ХХХ |
|
|
|
| |
Кошумча чыгымдар = (1 + 4 + 7 + 10) |
|
|
|
| ||
1 | тармактык башкармалык = (2 + 3) |
|
|
|
| |
2 | ХХХ |
|
|
|
| |
3 | ХХХ |
|
|
|
| |
4 | тармактык башкармалык = (5 + 6) |
|
|
|
| |
5 | ХХХ |
|
|
|
| |
6 | ХХХ |
|
|
|
| |
7 | тармактык башкармалык = (8 + 9) |
|
|
|
| |
8 | ХХХ |
|
|
|
| |
9 | ХХХ |
|
|
|
| |
10 | Жалпы мамлекеттик чыгымдар |
|
|
|
| |
Баланс = (1 + 2 + 3) - (1 + 4 + 7 + 10) |
|
|
|
| ||
|
| Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибине 5-тиркеме |
Форма
|
| Бекитем (БКБТ министри/БКА жетекчиси) _____________________________ ____________________________ 20____-ж. |
Бюджеттик каражаттар боюнча ЧЫГЫМДАРДЫН СМЕТАСЫ
_____________________________________________________________________________________
(бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсүнүн аталышы)
Ведомстволук классификация коду |
|
| ||
Функционалдык классификация коду |
|
| ||
Программалык классификация коду |
|
| ||
Штаттык бирдиктердин саны |
|
| ||
Мындан тышкары: ТТП КТП |
|
| ||
|
(миң сом) | ||||||
Экономикалык классификациянын коду | Экономикалык классификациянын аталышы | Жыл | I квартал | II квартал | III квартал | IV квартал |
2111 | Эмгек акы |
|
|
|
|
|
2121 | Соцфондго төгүмдөр |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3111 | Имараттар жана курулмалар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Чыгымдардын жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
БКБТ/БКАнын жооптуу адиси _________________________________________________________________________ (колу)
Бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги _______________________________________________________ (колу)
Бюджеттик пландоо бөлүмүнүн башчысы ______________________________________________________________ (колу)
Тейлөөчү башкармалыктын начальниги ________________________________________________________________ (колу)
Тейлөөчү бөлүмдүн башчысы ________________________________________________________________________ (колу)
Куратор-адис _______________________________________________________________________________________ (колу)
|
| Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибине 6-тиркеме |
Форма
|
| Бекитем (БКБТ министри/БКА жетекчиси) _____________________________ ____________________________ 20____-ж. |
БЮДЖЕТТИК КАРАЖАТТАР БОЮНЧА ЧЫГЫМДАРДЫН СМЕТАСЫ |
|