Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы № 26
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308, 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726 , 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде ишке ашырылуучу административдик жана башка иш-аракеттерди тартипке салуу жана оптималдаштыруу, алардын сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгууда электрондук (санарип) форматка которуу жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболорду (иш-аракеттерди) оптималдаштыруу жана ашыкчасын жоюу жөнүндө маселелерди карап чыгышсын;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттерин ишке киргизүүнү жана аткарууну камсыз кылышсын;
- жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-январынан кечиктирбестен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуунун жана оптималдаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жардам көрсөтүшсүн;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин иштеп чыгылышына жана колдонулушуна мониторинг уюштурушсун;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 302-б буйругу.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген |