Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 732
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНын МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясынын 3-пунктундагы "ыктыярдуу негизде жана никелешкен адамдардын өз ара макулдугунун, жубайлардын үй-бүлөдөгү укуктарынын теңдигине" деген сөздөр "нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде, жубайлардын никедеги жана үй-бүлөдөгү укуктарынын жана милдеттеринин теңдигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-статьясынын экинчи абзацында:
- "тең укуктуу" деген сөздөн кийин "жана ыктыярдуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- "толук" деген сөз "өз ара" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 12-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Никеге туруунун тартиби
1. Никеге туруу, никеге туруп жаткан адамдардын жеке катышуусунда ушул пункттун экинчи абзацында каралган мөөнөттөн тышкары, арызда көрсөтүлгөн күнү никеге турууну мамлекеттик каттоо аркылуу жүргүзүлөт.
Салтанат менен коштолгон никеге турууну каттоо арызда кечирээк мөөнөт көрсөтүлбөгөн учурда арыз берилген күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт.
2. Никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын никени каттоодон баш тартуусуна никеге турууну каалаган адамдар (экөөнүн бирөөсү) тарабынан административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.".
2-берене.