Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 629 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 729
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 148-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-1-беренеде:
расмий тилдеги текстте "и иностранным юридическим лицам, за исключением кайрылманов" деген сөздөр "за исключением кайрылманов, и иностранным юридическим лицам" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчигине кыймылсыз мүлк объекттерин өткөрүп берүүгө байланышкан жарандык-укуктук бүтүмдөр жараксыз деп эсептелет, ал эми мындай бүтүмдүн негизинде өткөрүп берилген мүлккө укукту каттоо жокко чыгарылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын универсалдуу укук мурастоо тартибинде өткөн кыймылсыз мүлкүнө менчик укугу бир жылдын ичинде ажыратылууга тийиш.";
2) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында болушу
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын чегинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болушу, жашап турушу, иш жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте ишке ашырылат.";
3) 8-беренеде "мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр "кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1996-ж., № 6, 80-бер.; 1998-ж., № 6, 226-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: