Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 706 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 18-декабры № 825
Республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу чыгымдоо жана финансылык тартипти бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартибин белгилейт.
2. Бюджеттик ссудаларды берүү тартиби
3. Жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бюджеттик ссудалар бюджеттик жылдын ичинде эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча, тамак-аш продуктуларын, медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, социалдык төлөмдөргө жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча биринчи кезектеги чыгымдоолорун каржылоодо жергиликтүү бюджеттерде финансылык кыйынчылыктар болгондо берилет.
4. Бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө маселени кароо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) дарегине жөнөтүлгөн бюджеттик ссуданын суралып жаткан суммасын көрсөтүп, төмөнкү документтерди тиркөө менен ишке ашырылат: