Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-декабры № 792
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 322-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын.
2) 1-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автомобиль жолдору тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";
б) 3-бөлүгү "ченемдик" деген сөздөн кийин "укуктук" деген сөз менен толукталсын.
3) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү, оңдоону, күтүүнү камсыздоочу транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюмдарынын жана жол органдарынын автомобиль жолдорун башкаруусунун экономикалык, мыйзамдык негиздерин жана принциптерин, автомобиль жолдорунун менчик ээлеринин, ээлик кылуучуларынын жана пайдалануучулардын укуктарын, милдеттерин, ошондой эле жоопкерчилигин аныктайт.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы бардык автомобиль жолдоруна, бардык жол пайдалануучуларга, менчигинин формасына жана кайсы ведомствого баш ийгенине карабастан бардык жеке жана юридикалык жактарга таралат.";
4) 3-беренеде:
а) аталышындагы "көзөмөлдөнүүчү зонасы" деген сөздөр "боюндагы тилке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;