Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры № 623
"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Бюджеттин туруктуулугун узак мөөнөттөргө камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине киргизүү үчүн бюджеттеги тартыштыктын өлчөмү жана мамлекеттик карыздын деңгээли боюнча максаттуу сандык көрсөткүчтөрдү камтыган бюджеттик эрежелерди иштеп чыксын.
Премьер-министри | С. Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 142581872,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 162849001,3 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 20267129,2 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 20267129,2 миң сом суммасында каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2019-2020-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
1) 2019-жылга кирешелер боюнча болжол - 142129843,4миң сом суммасында, 2020-жылга - 144558985,7 миң сом суммасында;
2) 2019-жылга чыгымдар боюнча болжол - 162339315,3 миң сом, 2020-жылга - 164013299,9 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 20209471,9 миң сом суммасында, 2020-жылга - 19454314,2 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-2020-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2019-2020-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.