Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-ноябры № 756
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку cоту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2003-жылдын 25-июлу, № 55-56) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "3 судьядан" деген сөздөр "процесстик мыйзамдар менен аныкталуучу сандагы судьялардан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 14-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Жогорку соттун ыйгарым укуктары
Жогорку сот кассациялык инстанциядагы сот болуп саналат жана төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) кассациялык тартипте сот актыларын кайра кароону;
2) жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону;
3) сот практикасына, сот статистикасына талдоону;
4) Конституциялык палатанын карамагына берилген ыйгарым укуктарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды.";
3) 15-беренесинин 5-бөлүгү "соттору" деген сөздөн кийин "жана судьялары" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 17-беренесинин 4-бөлүгүндө:
1-пунктундагы "көзөмөл тартибинде" деген сөздөр "кассациялык тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;