Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 816
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдери тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү күчүн жоготкон айрым чечимдеринин ТИЗМЕСИ
1. Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 26-майындагы № 252 "Кыргызстан Республикасынын суу фондунун жерлерин пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-августундагы № 348 "Күрөө келишимин нотариалдык күбөлөндүрүүдө мамлекеттик алымдын ставкасы жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 440 "Кыргыз Республикасынын жана КМШнын башка катышуучу мамлекеттеринин ишканаларын жана тармактарын өндүрүштүк кооперациялоонун алкагында товарларды жеткирүүнүн жана кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-октябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон айыл чарба жана өнөр жай товарларына бажы алымдарынын ставкалары жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө милдеттеринин тизмеси жөнүндө" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-июлундагы № 382 "Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана окутуу фонду жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 25-майындагы № 295 "Айлана-чөйрөнү коргоого, табигый ресурстарды рационалдуу пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоого мамлекеттик көзөмөл жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасында экспорт-өнөр жай зонасын түзүү маселелери жөнүндө" токтому.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-августундагы № 594 "Азык-түлүк буудай данынын импортуна сезондук бажы пошлиналарын убактылуу киргизүү жөнүндө" токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-ноябрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-мартындагы № 145 "Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 641 "Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун, реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун башкаруу комитетин түзүү жөнүндө" токтому.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын маселелерин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын аймагына этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды ташып кирүүдөгү жүктүн бажы декларациясына тиркелчү маалымкаттын формасын, Кыргыз Республикасынын аймагында этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүүдөгү товардык-транспорттук коштомого тиркелчү маалымкаттын формасын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому.