Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 8-июну № 353
Ломбард ишинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленсин:
1) 500000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес;
2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - 1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
3) 2023-жылдын 1-январынан тартып - 2000000 (эки миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
4) 2025-жылдын 1-январынан тартып - 3000000 (үч миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)