Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477, 2020-жылдын 30-январындагы № 43, КР Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 08 апрелиндеги №193, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 502, 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671, 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата талаптарды белгилейт жана аныктайт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин жүзөгө ашыруу боюнча лицензияларга ээ болгон бардык юридикалык жактардын иш-аракетине жайылтылат.
3. Ломбарддар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Ломбарддардын иши жөнүндө", "Чарбачылык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Күрөө жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ломбард Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча жоопкерчилик менен же толук шериктештик коомунун формасында түзүлөт жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусуна ээ болот.
Уставдык капиталдын түзүлүшү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай түрүндө гана жүзөгө ашырылат.
5. Ломбард Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген күрөөкананын уставдык капиталынын өлчөмүнөн кем эмес деңгээлде уставдык капиталдын өлчөмүн кармоого милдеттүү.
51. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 502 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдү ачуунун тартиби
6. Ломбард Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн өзгөчөлөнгөн кичи бөлүнүштөрүн - филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар ломбарддын уюштуруу документтеринде көрсөтүлүшү керек.