Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2018-жылдын 28-марты № 166/51-6
Кыргыз Республикасында накталай жана накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын камсыз кылуу, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындыгына жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программа (үчүнчү этап), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) (мындан ары - Мамлекеттик программа) ишке ашырууга карата иш-чаралар планы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткарууну камсыз кылышсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө топтомо маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берип турушсун.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилерине Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышын координациялоону улантсын.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө саламаттык сактоо уюмдарынын кассаларына медициналык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө төлөөлөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарын орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелери Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөлүк опурталдарга жол бербөө максатында эмгек акыларды, ошондой эле пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка төлөөлөрдү өлкөнүн бюджетине/бюджетинен "Элкарт" улуттук төлөм картына которуу боюнча иш-чараларды улантышсын.