Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 11-майы № 230
"Кыргыз Республикасында табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобо";
- 1-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: