Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 18 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 23-майы № 252
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин укуктук базасына шайкеш келтирүү, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 "Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "Евразиялык экономикалык комиссиянын 2015-жылдын 6-октябрындагы № 134 чечими менен тарифтик квоталар белгиленген" деген сөздөр "Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27-позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө жөнүндө жана лицензияларды берүү тууралуу чечим кабыл алынган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелеринде:
3-пунктунда:
- "жаңы берүүчүлөр - тышкы соода ишинин катышуучулары" деген сөздөр "жаңы берүүчүлөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мурдагы берүүчүлөр менен жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду), чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелер менен аныкталган мурдагы берүүчүлөр менен жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квотаны бөлүштүрүү ыкмасына ылайык жүргүзүлөт.";
5-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) мурдагы берүүчүлөргө:
- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын белгиленген көлөмдөрүнөн 50%;