Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 18 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер эттин айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасына ташып келүүдө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн тартибин жана методун аныктайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- мурдагы берүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган, төмөнкү критерийлерге ылайык келген юридикалык же жеке жак:
мурдагы мезгилдеги же түздөн-түз тарифтик квота белгиленген мурдагы жылдан кийинки жылдын ичиндеги өлкөлөрдөн "ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосунда жана "эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу" бажы режиминде берүүчү өлкөлөрдөн ташып келүүнү ишке ашырат;
тарифтик квота түздөн-түз белгиленген мурдагы жылдан кийинки жылдын ичинде бир жыл бою товарды ташып келүүнүн көлөмү коммерциялык жактан пайдалуу сандан аз болбошу керек;
- жаңы берүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жеке ишкер катары катталган, товардын мурдагы берүүчүсү болбогон, юридикалык же жеке жак;
- берүүчү өлкөлөр - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзбөгөн же товарга карата эркин соода режиминен чыгаруулар болгон мамлекеттер;
- мурдагы берүүчү тарабынан ташылып келген товардын көлөмү - берүүчү мамлекеттерде өндүрүлгөн, өткөн мезгилде "ички керектөөгө чыгарылган" бажы процессинде жана "эркин колдонууга чыгарылган" бажы режиминде Кыргыз Республикасынын территориясына ташылып келген товарлардын көлөмү;
- тарифтик квота - ЕАЭБдин бажы аймагына үчүнчү мамлекеттерде өндүрүлгөн айрым айыл чарба товарларынын түрлөрүн ташып келүүнү, ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин (мындан ары - ББТ) дифференцияланган бажы төлөмдөрүнүн ставкасын белгиленген сандын чегинде (натуралдык же нарктык туюнтулган түрдө) аныкталган мезгил ичинде жана мындай сандан жогору көлөмдө ташылып келүүчү товарларга карата ташып келүүнү жөнгө салуунун чаралары;
- тарифтик квотанын көлөмү - Евразиялык экономикалык комиссиянын чечими менен белгиленген тарифтик квотанын чегинде ташып келүү үчүн бөлүнгөн товардын натуралык же нарктык туюнтулган саны;
- товар - берүүчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн, аларга карата тарифтик квота белгиленген эттин айрым түрлөрү;