Загрузка документа…
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
"Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 517 , 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 622 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир тийгизүүнүн булагы болуп эсептелүүчү жаңыдан курулуп жаткан, реконструкциялануучу жана иштеп жаткан өнөр жай объекттерин жана өндүрүштү, транспорт, байланыш, айыл чарба, энергетика, тажрыйба-эксперименттик өндүрүш объекттерин, коммуналдык багыттагы, спорт, соода, коомдук тамактануу жана башка объекттерди жайгаштырууга, долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга жайылтылат. Адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна химиялык, физикалык, биологиялык таасир тийгизүүнүн булактары болуп пайда болгон булгануунун деңгээли өнөр жай аянтчасынын чегинен сырткары 0,1 чектик жол берилген концентрациядан жана/же чектик жол берилген деңгээлден ашкан объекттер эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул санитардык эрежелер иондоштуруучу нурлануунун булагы болуп эсептелген өнөр жай объекттерине жана өндүрүшкө жайылтылбайт.
3. Калктын коопсуздугун камсыздоо максатында жана адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир тийгизүүчү булагы болуп эсептелген объекттердин жана өндүрүштөрдүн айланасында пайдалануунун өзгөчө режими бар атайын аймак белгиленет (мындан ары - санитардык-коргоочу зона (СКЗ), алардын өлчөмү атмосфералык абага "Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоону заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдеринде белгиленген маанилерге чейин булгануунун таасирин азайтууну камсыздайт.
Өзүнүн функциялык багыты боюнча СКЗ объектти эксплуатациялоодо калктын коопсуздук деңгээлин камсыздоочу коргоочу тоскоолдук болуп эсептелет.
Жашоо чөйрөгө таасир тийгизүүнүн булактары болуп эсептелген объекттер үчүн СКЗ негиздемесинин долбоору иштеп чыгарылат. СКЗнын болжолдуу өлчөмү классификация боюнча атмосфералык абанын күтүлүүчү булганууларын (фонду эске алуу менен) жана атмосфералык абага физикалык таасир тийгизүүнүн деңгээлдерин эсепке алуу менен долбоор менен негизделип, накталай изилдөөлөрдүн жана ченөөлөрдүн натыйжалары менен бекитилиши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өнөр жай өндүрүшүнүн жана объекттеринин санитардык-коргоо зонасы ырааттуу түрдө төмөнкүдөй иштелип чыгат: атмосфералык абага физикалык таасир этүүнүн (ызы-чуу, дирилдөө, электрмагниттик тала ж.б.) жана атмосфералык абалынын булгануусунун чачыроосун эсептөө менен долбоордун негизинде; белгиленген (биротоло) - эсептик параметрлерди ырастоо үчүн накталай байкоолордун жана өлчөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде аткарылган эсептик (алдын ала) санитардык-коргоочу зона.
5. СКЗнын өлчөмүн аныктоо үчүн критерий болуп калктуу конуштардын атмосфера абасы үчүн булгоочу заттын чектик жол берилген концентрациянын жана атмосфералык абага физикалык таасир этүүнүн чектик жол берилген деңгээлинин тышкы чегинде жана анын сыртында чегинен ашпоосу эсептелет.
6. Өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн же өнөр жай түйүнүн (комплексинин) топтору үчүн атмосфералык абага суммалык бүркүүлөрдү жана ушул зонага кирүүчү өнөр жай объекттери менен өндүрүш булактарынын физикалык таасирин эсепке алуу менен бирдиктүү эсептик жана биротоло такталган санитардык-коргоочу зона аныкталат.
7. Адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп эсептелүүчү уюмдар, өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү, өнөр жай объекттердин жана курулмалардын топтору турак жай курулушунан, ландшафттык-рекреациялык зонадан, эс алуу зонасынан, курорттордун аймагынан санаторийлерден, эс алуу үйлөрүнөн, стационардуу дарылоо-профилактикалык мекемелерден, бакчачылык шериктештиктердин аймактарынан жана коттедждик курулуштардан, жамааттык же жеке дачалык жана бак-багбанчылык участокторунан СКЗны бөлүү зарыл.
8. Автомагистралдар, темир жол транспортунун линиялары, метрополитен, гараждар жана автотоктотмолор үчүн, ошондой эле аба кемелеринин учуу жана конуу зонасындагы учуунун стандарттуу маршруттарын бойлото ажырымдын чоңдугу андан ары натуралай изилдөөлөрдү жана ченөөлөрдү жүргүзүү менен атмосфералык абанын булгануусунун чачыроосун жана физикалык факторлорду (ызы-чуу, дирилдөө, электромагниттик талаа ж.б.) эсептөөнүн негизинде ар бир конкреттүү учурга белгиленет.
9. Көмүр суутек сырьесунун магистралдык түтүк өткөргүчтөрү, компрессордук орнотмолор үчүн санитардык бөлүүлөр (ажыратуунун санитардык тилкелери) түзүлөт. Санитардык бөлүүлөрдүн/аралыктын минималдуу өлчөмдөрү ушул санитардык эрежелердин 2-7-тиркемелеринде келтирилген.
10. Калктуу конуштан авиациялык ыкмада пестициддер жана агрохимикаттар менен иштетилүүчү айыл чарба талааларына чейинки санитардык бөлүүнүн өлчөмү 2000 метрден кем болбошу керек.
11. Аэропорттор, аэродромдор үчүн СКЗнын өлчөмү атмосфералык абанын булгануусунун чачыроосун жана атмосфералык абага физикалык таасирлерди (ызы-чуу, дирилдөө, электромагниттик талаа ж.б.) эсептөөлөрдүн негизинде, ошондой эле калктын ден соолугу үчүн натуралай изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн жана тобокелдикти баалоонун натыйжаларынын негизинде ар бир конкреттүү учурга белгиленет.
12. Ишканалар үчүн СКЗнын эсептик өлчөмү архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба, курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылыш пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик Санитардык врачы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
13. Атмосфералык абага жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр жана СКЗнын аймагында жана анын чегинде, турак жай курулуштарында атмосфералык абаны лабораториялык изилдөө жана атмосфералык абага физикалык таасирлерди ченөө өнөр жай объекттери жана өндүрүш кызматтары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук маселелери боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан компетенцияларынын чегинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Терминдер жана аныктамалар
14. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) санитардык-коргоо зонасы - бул адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп саналган технологиялык процесстери бар ишканаларды, алардын айрым имараттарын жана курулмаларын турак-жай курулуштарынан, ландшафттык-рекреациялык зонадан, эс алуу зонасынан, курорттон бөлүп турган аймак. Санитардык-коргоо зонасы адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп саналган ар кандай объекттин милдеттүү элементи болуп саналат;
2) санитардык эрежелер жана ченемдер - адам үчүн анын жашоо чөйрөсүндөгү факторлордун коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын критерийлерин жана анын жашоо тиричилигиндеги жагымдуу шарттарды камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөчү актылар;
3) санитардык-коргоо зонасынын чектери - санитардык-коргоо зонасынын аймагын чектеген шарттуу линия, аны чегинен тышкары жакта таасир этүү факторлору белгиленген гигиеналык ченемдерден ашпайт;
4) санитардык ажырым - зыяндуу таасир этүү булагынан турак-жай курулуштарынын, ландшафттык-рекреациялык зонанын, эс алуу зонасынын, курорттун чегине чейинки минималдуу аралык.
5) булгануу зонасы - булгануу булагынын айланасындагы аймак, анын чегинде атмосферанын жерге жакын катмары чек коюлуп-жол берилген деңгээлден ашпаган концентрацияда зыяндуу заттар менен булганган болушу мүмкүн;
6) объекттин кооптуулук классы - кубаттуулукка, пайдалануу шарттарына, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна жагымсыз таасир эткен булгоочу заттардын, түзүлгөн ызы-чуунун, дирилдөөнүн, иондошпогон нурлануунун мүнөзүнө жана санына жараша орнотулуучу объекттин категориясы;
7) өндүрүштүк объект - адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп саналган процесстерди, жабдууларды жана технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган продукцияны өндүрүү, иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү менен байланышкан чарбалык иштин объектиси.
3. Санитардык-коргоочу зоналарды долбоорлоо
15. СКЗны долбоорлоо шаар куруу документтерин, айрым өнөр жай объекттерин, өндүрүштү жана/же өнөр жай объекттери менен өндүрүштүн топторун куруу, реконструкциялоо жана пайдаланууга берүүнү иштеп чыгуунун бардык этаптарында жүргүзүлөт.
СКЗнын өлчөмдөрү жана чек аралары СКЗнын долбоорунда аныкталат. СКЗнын өлчөмдөрүн негиздөө ушул эрежелерде берилген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
16. Жаңы өнөр жай объекттерин, өндүрүштөрүн жана курулмаларын курууга, иштеп жаткандарын реконструкциялоого же техникалык кайра жабдууга СКЗнын долбоорунда санитардык-коргоочу зонаны уюштурууга иш-чаралар жана каражаттар, анын ичинде зарыл болгон учурда тургундарды көчүрүү каралышы керек. Иш-чараларды аткаруу, анын ичинде тургундарды көчүрүү тиешелүү өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн кызмат адамдары камсыз кылышат.
17. СКЗнын чек аралары химиялык, биологиялык жана/же физикалык таасир этүү булактарынан же болбосо чарба жүргүзүү үчүн өнөр жай өндүрүшүнө жана объектисине таандык болгон жана белгиленген тартипте таризделген жер участогунун (өнөр жай аянты) чегинен өнөр жай аянтынын батыш багыттагы тышкы чек арасына чейин белгиленет.
18. СКЗны аныктоо бүркүлүүлөрдүн мүнөздөмөлөрүнө жараша атмосфералык абанын химиялык булганышы негизги фактор болуп эсептелүүчү өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр үчүн СКЗнын өлчөмү өнөр жай аянтчасынын чегинен жана/же булгоочу заттарды бүркүү булагынан аныкталат.
СКЗнын чек арасы төмонкүдөй белгиленет:
- СКЗны аныктоодо СКЗнын эсептик же аныкталган өлчөмдөрүнүн негизинде өнөр жай аянтынын аймагынын чет арасынан;
- СКЗны аныктоодо СКЗнын эсептик же аныкталган өлчөмдөрүнүн негизинде периметр боюнча четки бүркүлүү булактарынан.
19. Фонддун көрсөткүчтөрү гигиеналык ченемдерден ашыкча болгон аймакта адамдын жашоо чөйрөсүн булгоо жана ден соолугуна таасир этүү булагы болуп эсептелүүчү өнөр жай объекттерин жана өндүрүштөрдү жайгаштырууга жол берилбейт. Адамдын жашоо чөйрөсүн булгоо булагы болуп эсептелүүчү иштеп жаткан объекттер үчүн фондду эсепке алуу менен физикалык факторлордун таасиринде чектик жол берилген деңгээлде жана химиялык жана биологиялык таасирлерде чектик жол берилген концентрацияга чейин жашоо чөйрөсүнө таасир этүүнүн бардык түрлөрүн азайтуу шарттарында өндүрүштү реконструкциялоого же кайра профилдөөгө уруксат берилет.
20. Атмосфералык абага химиялык, биологиялык жана физикалык таасирлерди натуралай изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн, тобокелдикти баалоонун (I-II класстагы кооптуулук ишканалар үчүн), СКЗнын өлчөмү боюнча чечимдин негизинде алынган жана СКЗнын эсептик өлчөмү дал келбеген учурда калктын ден соолугу үчүн эң чоң коопсуздукту камсыз кылуучу вариант боюнча кабыл алынат.
21. Адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп эсептелүүчү өнөр жай объекттери жана өндүрүш, курулмалар үчүн кубаттуулугуна, пайдалануу шарттарына, айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды бөлүп чыгаруунун мүнөзүнө жана санына, түзүүчү ызы-чууга, дирилдөөгө жана башка зыяндуу физикалык факторлоруна жараша, ошондой эле өнөр жай объекттерин жана өндүрүштү санитардык классификациялоого ылайык адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна жагымсыз таасирди азайтуу боюнча каралуучу чараларды эске алуу менен санитардык-коргоочу зонанын төмөнкүдөй болжолдуу өлчөмдөрү белгиленет:
- биринчи класстагы өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр - 1000 м;
- экинчи класстагы өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр - 500 м;
- үчүнчү класстагы өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр - 300 м;
- төртүнчү класстагы өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр - 100 м;
- бешинчи класстагы өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр - 50 м.
22. Өндүрүш көлөмүн убактылуу кыскартуу максимум долбоордук же иш жүзүндө жетишилген кубаттуулук үчүн СКЗнын кабыл алынган өлчөмүн кайра кароого негиз болуп эсептелбейт.
23. Өнөр жай аянтчасынын чегинен сыртта графикалык материалдарда (шаардын башкы планы, аймактык пландоо схемасы ж.б.) СКЗнын чеги атайын маалыматтык белгилер менен белгиленет.
24. СКЗнын долбоорунда төмөнкүлөр аныкталышы керек:
- СКЗнын өлчөмү жана чектери;
- атмосфералык абадагы зыяндуу химиялык кошундулардын бүркүлүүлөрдүн таасиринен жана физикалык таасирлерден калкты коргоо боюнча иш-чаралар;
- СКЗнын аймагын функциялык зоналоо жана аны пайдалануу режими.
25. Долбоордук документтер санитардык ченемдерге жана эрежелерге шайкештигин баалоого жана мамлекеттик экологиялык экспертиза тарабынан корутунду чыгарууга мүмкүн болгон көлөмдө берилүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Долбоорлонуучу, реконструкциялануучу жана иштеп жаткан өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү үчүн СКЗнын өлчөмдөрү айлана-чөйрөнү коргоо жагынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн атмосфералык абаны булгоого чачыроонун жана атмосфералык абага таасирлерин эсептөөлөрдүн негизинде жана белгиленген тартипте иштелип чыккан методика боюнча I, II класстагы кооптуулугу бар өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү үчүн ден соолукка коркунучту баалоо менен оң экологиялык экспертиза бар болгондо белгиленет.
27. Өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн топтору же өнөр жай түйүндөрү (комплекси) үчүн СКЗнын өлчөмү өнөр жай зонасына, өнөр жай түйүнүнө (комплексине) кирүүчү өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн өндүрүш булактарынын физикалык таасирин жана суммалык бүркүлүүлөрүн эске алуу менен белгиленет. Алар үчүн бирдиктүү эсептик санитардык-коргоочу зона белгиленет жана натуралай изилдөөлөрдүн жана ченөөлөрдүн, калктын ден соолугу үчүн коркунучту баалоонун маалыматтары менен эсептик параметрлер ырасталгандан кийин СКЗнын өлчөмү биротоло аныкталат. Калктын ден соолугу үчүн тобокелдикти баалоо Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн топтору же өнөр жай түйүндөрү (комплекси) үчүн жүргүзүлөт, анын курамына I, II жана III класстагы, ошондой эле бүркүлүүлөрдүн курамында 1 жана 2-класстагы кооптуулук заттары бар, канцерогендер бар кооптуулук объекттери кирет. Өнөр жай зоналарынын жана өнөр жай түйүндөрүнүн (комплексинин) курамына кирген өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр үчүн СКЗ ар бир объект үчүн өз алдынча белгилениши мүмкүн.
28. Өнөр жай объекттерин жана өндүрүштөрдү реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу эсептик чектер менен СКЗнын долбоорунун курамында аткарылган атмосфералык абага физикалык таасирдин, атмосфералык абанын күтүлүүчү булгануусунун эсептери менен долбоордо болгон учурда жүргүзүлөт. Реконструкция аяктагандан жана объект пайдаланууга берилгенден кийин эсептик параметрлер атмосфералык абаны натуралай изилдөөлөрдүн жана атмосфералык абага таасирлердин физикалык факторлорун өлчөөлөрдүн натыйжалары менен ырасталышы керек.
29. Заманбап өнөр жайлык долбоорлорунун милдеттүү шарты болуп зыяндуу химиялык же биологиялык компоненттердин атмосфералык абага бүркүлүүлөрүн болушунча кыскартууга же тарашын болтурбоого, гигиеналык ченемдерге чейин жана андан төмөн физикалык факторлордун таасирин азайтууга же болтурбоого мүмкүндүк берүүчү алдыңкы ресурс үнөмдөөчү, калдыксыз жана аз калдык чыгаруучу технологиялык чечимдерди ишке киргизүү эсептелет.
30. Курулуш долбоорлорунда жана реконструкциялоодо иштелип чыгуучу технологиялык жана техникалык чечимдер тажрыйба-өнөр жайлык сыноолордун натыйжалары менен, ал эми жаңы технологиялардын негизинде өндүрүштү долбоорлоодо - тажрыйба-эксперименттик өндүрүштүн маалыматтары, ушундай өндүрүштү түзүү боюнча чет өлкөлүк тажрыйбанын материалдары менен негизделиши керек.
31. Иштеп жаткан, реконструкциялануучу жана долбоорлонуучу өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн СКЗсынын өлчөмүн өзгөртүү (көбөйтүү, азайтуу) төмөнкүлөрдүн негизинде зарыл болгон өзгөртүүнүн негиздөөчүсү долбоорду иштеп чыгуусу менен коштошуу керек:
- санитардык эрежелердин;
- атмосфералык абанын булгануу чачыроосун жана атмосфералык абага физикалык таасирлерди (ызы-чуу, дирилдөө, электрмагниттик тала ж.б.) эсептөөлөр менен СКЗнын долбооруна экспертиза жүргүзүү натыйжаларынын;
- атмосфералык абанын булгануусун системалуу түрдө натуралай изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн (ар бир өзүнчө чекитте ар бир ингредиентке элүүдөн кем эмес изилдөө жүргүзүү), атмосфералык абага физикалык таасирлердин деңгээлдеринин.
4. Санитардык-коргоочу зоналарынын өлчөмдөрүн аныктоо
32. Өндүрүштүк объекттер жана өндүрүштөр үчүн СКЗнын өлчөмдөрүн аныктоо долбоордун курамында берилген байкоо программасына ылайык аткарылган атмосфералык абага физикалык таасирдин деңгээлдерин, атмосфералык абаны натуралай изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн натыйжаларын эске алуу менен атмосфералык абага физикалык таасирлердин, атмосфералык абанын булганышын эсептөөлөр менен санитардык-коргоочу зонаны негиздөө долбоорлору болгондо жүргүзүлөт.
33. Иштеп жаткан объекттер үчүн СКЗнын өлчөмү төмөнкү учурларда азайтылышы мүмкүн:
- ден соолук үчүн коркунучту өлчөөлөрдүн жана баалоолордун жана ишканалар үчүн I жана II класстагы кооптуулук үчүн (ар бир өзүнчө чекитте ар бир ингредиентке элүүдөн кем эмес изилдөөлөрдүн) системалуу лабораториялык байкоолордун материалдары боюнча СКЗнын чегинде жана анын чегинен сыртта атмосфералык абага физикалык таасирлердин жана атмосфералык абалын химиялык, биологиялык булгануу деңгээли чектик жол берилген концентрацияга жана чектик жол берилген деңгээлге чейин жеткени объективдүү далилденгенде; өнөр жай объекттери жана III, IV, V класстагы кооптуулук өндүрүш үчүн атмосфералык абанын булгануусунун абалына артыкчылыктуу көрсөткүчтөрүн (кышкы мезгилди кошпогондо өзүнчө чекитте ар бир ингредиентке отуздан кем эмес изилдөөлөрдүн) жана изилдөөлөрдүн натуралай изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча;
- СКЗнын чек арасында атмосфералык абага физикалык таасирдин деңгээлдеринин өлчөөлөрү менен гигиеналык ченемдерге чейин жана андан төмөн экени ырасталганда;
- кубаттуулук азайганда, курам өзгөргөндө, өнөр жай объекттерин жана өндүрүштү жана ушул өзгөртүү менен байланышкан кооптуулук классын кайра профилдегенде;
- өнөр жай объекттерине жана өндүрүшкө жана ушуну менен байланышкан кооптуулук классынын өзгөрүүлөрүнө;
- жашоо чөйрөсүнө таасирдин деңгээлин кыскартууга багытталган алдыңкы технологиялык чечимдер, натыйжалуу тазалоочу курулмалар ишке киргизилгенде.
34. Долбоорлонуучу жана иштеп жаткан өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү үчүн СКЗнын өлчөмү натуралай байкоолордун жана өлчөөлөрдүн натыйжалары боюнча жана/же эсептөө жолу менен алынган классификацияга салыштырмалуу көбөйтүлүшү мүмкүн.
35. Илимий-изилдөө институттары, конструктордук бюролор жана курамында устаканалар, өндүрүштүк, жарым өндүрүштүк жана эксперименттик орнотмолору бар башка объекттер үчүн СКЗнын өлчөмү СКЗнын долбоорун экспертизалоонун, атмосфера абасынын сапатын натуралай изилдөөлөрдүн, физикалык таасирдин деңгээлин өлчөөлөрдүн натыйжаларын эске алуу менен ар бир конкреттүү учурда белгиленет.
36. Санитардык классификацияга киргизилбеген, ошондой эле өлкөдө жана чет өлкөлөрдө аналогу жок жеткиликсиз изилденген жаңы технологиялары бар өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү үчүн СКЗнын өлчөмү ушул санитардык эрежелерде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы санитардык врачы тарабынан ар бир конкреттүү учур үчүн аныкталат.
5. Санитардык-коргоочу зоналарынын аймагынын режими
37. СКЗда төмөнкүлөрдү жайгаштырууга жол берилбейт:
- айрым турак үйлөрдү, аскер контингенттерин жайгаштыруу үчүн казармаларды, түрмөлөрдү (колония-поселениелерди) кошкондо турак жай курулушун;
- ландшафттык-рекреациялык зонаны, эс алуу зонасын, курорттордун, санаторийлердин жана эс алуу үйлөрүнүн аймактарын;
- бакчылык шериктештиктеринин аймактарын жана курулуш коттедждерин, жамааттык же жеке дача жана бак-огород участокторун, ошондой эле жашоо чөйрөсү катары көрсөткүчтөр менен ченемделген башка аймактарды;
- спорт курулмаларын, балдар аянтчаларын;
- билим берүү уюмдарын;
- адистештирилген дарылоо-профилактикалык уюмдарды, ооруканаларды;
- туризм жана эс алуу объектилерин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
38. СКЗда жана өнөр жайдын башка тармактарынын объекттеринин аймагында продукциянын сапатына таасир тийгизиши мүмкүн болгон төмөнкү объекттерди жайгаштырууга жол берилбейт:
- дары-дармек заттарын, дары-дармек каражаттарын жана/же дары-дармек формаларын чыгаруу боюнча объекттерди, фармацевттик ишканалар үчүн сырье жана чала продуктулар кампаларын;
- өнөр жайдын тамак-аш тармагынын объектилерин, азык-түлүк сырьесунун жана тамак-аш азыктарынын дүң кампаларын, жылчыксыз айнек жана (же) темир тараларга салынган тамак-аш азыктарын жана тамак-аш продуктуларын сактоочу кампалардан сырткары;
- ичүүчү сууну даярдоо жана сактоо үчүн суу түтүктөр курулмаларынын комплекстерин, бул ишкананы суу менен камсыздоочулардан сырткары;
- адамдын тамак-ашына багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчү объектилерди.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Өнөр жай объектисинин же өндүрүшүнүн санитардык-коргоо зонасынын (СКЗ) чегинде төмөнкүлөрдү жайгаштырууга уруксат берилет: нөөмөттөгү авариялык кызматкер үчүн турак эмес жайды, вахталык метод менен иштөөчүлөрдүн (эки жумадан ашык эмес) болуусу үчүн жайларды, башкаруу имаратын, конструктордук бюролорду, административдик багыттагы имараттарды, илимий-изилдөө лабораторияларын, бейтапканаларды, жабык типтеги спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулмаларды, мончолорду, кир жуугуч жайларды, соода жана коомдук тамактануу объекттерин, мотелдерди, мейманканаларды, гараждарды, коомдук жана жеке транспортту сактоочу аянтчаларды жана курулмаларды, өрт өчүрүү делолорун, жергиликтүү жана транзиттик коммуникацияларды, электр берүү линияларын, электр подстанцияларын, мунай зат жана газ түтүктөрүн, техникалык суу менен жабдуу үчүн артезиан скважиналарын, техникалык суу даярдоо үчүн суу муздатуучу курулмаларды, канализациялык насос станцияларын, айлантма суу менен жабдуу курулмаларын, автомай куюу станцияларын, автомобилдерди техникалык тейлөө станцияларын, коммуналдык-тиричилик жактан тейлөө объекттерин, жер алдындагы булактын санитардык коргоо зонасын сактаганда жана гидрогеологиялык негиздөө шарттарында бул объектти суу менен камсыздоочу чарбалык-тиричилик суу менен камсыздоонун жер алдындагы булактарын, тамак-аш азыктарын өндүрүү үчүн пайдаланылбаган техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүчү айыл чарба жерлерин, ишканаларды, алардын негизги өндүрүшкө салыштырмалуу өтө коркунучтуу эмес булгоочу заттары менен саркындылары бар өзүнчө имараттарын жана курулмаларын (СКЗда жайгаштырылуучу объектте курамы боюнча негизги өндүрүшкө окшош саркындылар болгондо, мында милдеттүү талап СКЗнын чегинде жана анын чегинен сырткары суммалык эсепке алууда гигиеналык ченемдерден ашырбоо), аймактарды жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн питомниктерин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Өнөр жай тармактарынын тамак-аш объектилеринин, азык-түлүк сырьесун жана тамак-аш азыктарынын дүң складдарынын, дары-дармек заттарын, дары-дармек каражаттарын жана/же дары-дармек формаларын чыгаруунун, фармацевтикалык ишканалар үчүн сырьелор жана чала продуктулар кампаларынын СКЗсында продукцияга, адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна өз ара терс таасир этүүнү болтурбоочу жаңы профилдик, бир типтүү объекттерди жайгаштырууга жол берилет.
41. Өнөр жай объектисинин санитардык-коргоочу зонасында жайгашкан же санитардык-коргоочу зонасына жанаша болгон автомагистраль анын өлчөмүнө кирбейт, ал эми автомагистралдын бүркүлүп чыгуулары СКЗнын өлчөмүн негиздөөдө фондук булгануу да эсепке алынат.
42. СКЗ же анын кандайдыр бир бөлүгү объекттин резерв аймагы катары каралууга же СКЗнын чек араларын тиешелүү түрдө негизделген оңдоо киргизүүсүз өнөр жайлык же турак жай аймагын кеңейтүү үчүн пайдаланылууга тийиш эмес.
6. Санитардык-коргоочу зонаны аныктоодо калкка таасир этүүнүн физикалык факгорлорун эсепке алуу
43. Калкка таасир этүүнүн физикалык факторлорунун булагы болуп эсептелүүчү өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү үчүн СКЗнын өлчөмдөрү булактын жайгашкан ордун жана ал түзгөн ызы-чуунун мүнөзүн, электр магниттик талааны, нурланууну, инфраүндү жана башка физикалык факторлорду эсепке алуу менен акустикалык эсептөөлөрдүн негизинде белгиленет. СКЗнын өлчөмдөрүн аныктоо үчүн эсептик параметрлер атмосфералык абага физикалык таасир этүүнүн факторлорун натуралай ченөөлөр менен ырасталышы керек.
44. СКЗнын өлчөмдөрү СКЗнын тышкы чек арасында ызы-чуунун, электр магниттик нурлануунун, инфраүндүн, чачыратылган лазер нурлануусунун жана башка физикалык факторлордун жол берилген деңгээлдеринин колдонулуудагы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерине ылайык аныкталат.
45. Электр берүүнүн аба линиялары (мындан ары - ВЛ) тарабынан түзүлгөн электр талаасынын таасиринен калкты коргоо максатында жогорку вольттогу линия трассасын бойлото санитардык бөлүүлөр белгиленет, анын чегинен сыртта электр талаасынын чыңалуусу 1 кВ/м дан ашпайт.
Жаңыдан долбоорлонуучу ВЛ, ошондой эле курулмалар жана имараттар үчүн зымдардын туурасынан жайгашуусунда ВЛ трассасын бойлото санитардык бөлүүлөрдүн чек араларын жана ВЛга перпендикуляр болгон багытта четки фазалык зымдардын жерге проекциясынан төмөнкү аралыктарда андан эки тарапка электр талаасынын чыңалуусун азайтуу каражатысыз кабыл алууга жол берилет:
- 20 м - 330 кВ чыңалуудагы ВЛ үчүн;
- 30м - 500 кВ чыңалуудагы ВЛ үчүн;
- 40 м - 750 кВ чыңалуудагы ВЛ үчүн;
- 55 м - 1150 кВ чыңалуудагы ВЛ үчүн.
Объектти пайдаланууга киргизүүдө жана пайдаланууга берүү процессинде санитардык бөлүү аспаптык өлчөөлөрдүн натыйжалары боюнча түзөтүү киргизилүүгө тийиш.
46. Берүүчү радиотехникалык объекттер жайгашкан жерлерде СКЗнын өлчөмүн аныктоо радиожыштык диапазонундагы электрмагниттик нурлануу боюнча колдонулуудагы санитардык эрежелерге жана ченемдерге жана радиожыштыктын электрмагниттик нурлануусунун интенсивдүүлүгүн эсептөө методикасына ылайык жүргүзүлөт.
7. Өнөр жай объекттерин жана жылуулук электр станция өндүрүштөрүн, кампа имараттарын жана курулмаларын санитардык классификациялоо жана алар үчүн СКЗнын болжолдуу өлчөмдөрү
47. Адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп эсептелүүчү технологиялык процесстери бар өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр, имараттар жана курулмалар үчүн ушул санитардык эрежелердин 1-тиркемесинде келтирилген классификацияга ылайык болжолдуу СКЗны караштыруу керек.
8. Автотоктотмолордон жана токтотмо-гараждардан ар түрдүү багыттагы имараттарга чейинки ажырымдардын өлчөмдөрүнө коюлуучу айрым талаптар
48. Жер бетиндеги токтотмо-гараждардын, жабык типтеги паркингдердин ажырымы атмосфералык абадагы зыян заттардын чачыроосунун жана физикалык таасирдин деңгээлдеринин натыйжаларынын негизинде колдонулат.
49. Жер бетиндеги токтотмо-гараждарды, жабык типтеги паркингдерди, автотоктотмолорду жайгаштырууда үйдүн жанындагы аймактын аянты боюнча аталыштары менен зарыл болгон жасалгалоо элементтери менен камсыздоонун ченемдик талаптары жана "Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдери сакталышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Жер астындагы, жарым-жартылай жер астындагы токтотмо-гараждар жана турак үйдүн алдына жайгашкан же турак үйдүн жертөлө кабаттарына курулган (курулган, кошулуп курулган) токтотмо-гараждар үчүн кирип-чыккан жеринен жана желдетүүчү шахталардан баштап билим берүүчү жана дарылоо-алдын алуучу уюмдардын, турак үйлөрдүн, жашоочу жайлардын, эс алуу аянтчаларынын аймагына чейинки аралык регламенттелет, ал атмосфералык абадагы булгануулардын таралышын жана физикалык таасир этүүнүн деңгээлин эсептөөнүн жыйынтыгына жараша кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Токтотмо-гараждардан, паркингдерден, автотоктотмолордон чыккан автотранспорттун өтүп бара жаткан мезгилде ченемделүүчү объекттерге чейинки ажырым 7 метрден кем болбошу керек.
52. Турак үйлөрдүн жана коомдук имараттардын астында жайгашкан жер астындагы токтотмо-гараждардан чыгарылган желдетүүчү бүркүтүүлөр имараттын эң бийик жагындагы чатырдын үстүнкү кырынан 1,5 м өйдө чыгарылышы керек.
53. Жер астындагы токтотмо-гараждардын урунган чатырына жашылдандыруу жана атмосферага зыян заттардын чектик жол берилген булгоочу заттардын 0,1 БЧК концентрацияда чыгарылышын камсыз кылуу шартында желдетүүчү шахталардан, кирген-чыккан жерлеринен, өтмөктөрдөн 15 м аралыкта эс алуу аянттарын, балдар үчүн, спорттук, оюн-зоок ж.б. курулмаларды жайгаштырууга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Жер бетиндеги токтотмо-гараждардын өлчөмдөрү, анын жанындагы аймакты автотоктотмо үчүн пайдаланууну четтетүү үчүн курулманын габариттерине шайкеш келиши керек.
55. Жер астындагы токтотмо-гараждардын аймагынан алынган ажырымга чектелбейт.
56. Жер астындагы гараждарга коюлуучу талаптар жертөлө токтотмо-гараждарды жайгаштырууга карата колдонулат.
57. Турак үйлөрдүн меймандары үчүн автотоктотмолордун ажырымдары орнотулбайт.
58. Ушул санитардык эрежелердин 1-тиркемесинин 2-таблицасында келтирилген ажырымдар шаар куруу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды (I. II. III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө жаатында лицензиялары бар уюмдар тарабынан өткөрүлгөн атмосфералык абада булгануулардын таралышын эсептөөнүн жана физикалык таасир этүү деңгээлинин жыйынтыктары боюнча өзгөрүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Канализациялык тазалоочу курулмалар
59. Өндүрүмдүүлүгү суткасына 280 миң м3 ашык болгон канализациялык тазалоочу курулмалар үчүн СКЗнын өлчөмү, ошондой эле саркынды сууларды жана жаан-чачынды тазалоонун жаңы технологиясын кабыл алууда ушул санитардык эрежелердин 36-пунктунун талаптарына ылайык белгилөө зарыл.
60. Аянты 0,5 га фильтрациялоо талаалары үчүн, аянты 1,0 га коммуналдык типтеги сугат талаалары үчүн, өндүрүмдүүлүгү суткасына 50 м саркынды сууларды механикалык жана биологиялык тазалоочу курулмалар үчүн СКЗны 100 м өлчөмүндө алуу зарыл.
61. Өткөрүү жөндөмдүүлүгү суткасына 15 м3 жер астындагы фильтрациялоо талаалары үчүн СКЗны 50 м өлчөмүндө алуу зарыл.
62. Сууну таштоочу станциялардан СКЗны 500 м өлчөмүндө алуу зарыл.
63. Ачык типтеги жер үстүндөгү агындын тазалоочу курулмаларынан тарта турак аймагына чейинки СКЗны 100 м өлчөмүндө алуу зарыл, жабык типтеги үчүн - 50 м.
64. Өнөр жай ишканаларынын аймагында жайгашпаган тазалоочу курулмалардан жана өндүрүштүк канализациянын насостук станцияларынан өндүрүштүк саркынды сууларды өз алдынча тазалап, кайра куюуда, ошондой эле аларды биргелешип тиричиликтик тазалоодо СКЗнын өлчөмдөрүн саркынды суулар чыккан өндүрүштөр үчүн белгиленген сыяктуу, бирок ушул Санитардык эрежелердин 1-таблицасында көрсөтүлгөндөрдөн кем эмес аныктоо зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Кар эритүүчү жерлеринен жана пункттарынан тарта турак аймакка чейинки СКЗны 100 м өлчөмүндө алуу зарыл.
66. Канализациялык тазалоочу курулмалар үчүн СКЗнын өлчөмдөрүн 1-таблицага ылайык алуу зарыл.
1-таблица
Канализациялык тазалоочу курулмалар үчүн санитардык-коргоочу зона
Саркынды сууларды тазалоочу курулмалар | Тазалоочу курулмалардын эсептик өндүрүмдүүлүгүндөгү аралык (метр менен) (суткасына миң м3) | |||
0,2ге чейин | 0,2ден жогору жана 5,0гө чейин | 5,0дон жогору жана 50,0rө чейин | 50,0дон жогору жана 280ге чейин | |
Насостук станциялар жана авариялык-жөнгө салуучу резервуарлар, локалдуу тазалоочу курулмалар | 15 | 20 | 20 | 30 |
Ачыган тунмалар үчүн чөгүндү аянтчалары менен механикалык жана биологиялык тазалоочу курулмалар, ошондой эле чөгүндү аянтчалар | 150 | 200 | 400 | 500 |
Жабык жайларда тунманы термомеханикалык тазалоо менен механикалык жана биологиялык тазалоо үчүн курулма | 100 | 150 | 300 | 400 |
Талаалар: | 200 | 300 | 500 | 1000 |
а) фильтрациялоо; | 150 | 200 | 400 | 1000 |
б) сугаруу |
|
|
|
|
Биологиялык көлмөлөр | 200 | 200 | 300 | 300 |
"Эскертүү: Бишкек шаарынын "Үмүт" турак жай конушунда жайгашкан жер участокторуна жер мунапысынын алкагында менчик укугун берүү маселелерин кароодо канализациялык тазалоочу курулмалардын түштүк тарабынан СКЗнын өлчөмү тазалоочу курулмалардын өндүрүмдүүлүгүнө карабастан 250 метрден кем эмес өлчөмдө белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)