Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-марты № 141
«Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | С.Ж.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
«Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 3, 279-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1 -статьяда:
- 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«бажы алымы - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын бирдиктүү эсебине которулууга жана бөлүштүрүүнүн белгиленген ченемдерине ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон, товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланыштуу жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда бажы органдары тарабынан республикалык бюджетке алынуучу милдеттүү төлөм;»;
1-бөлүгүнүн 1-пунктунун учүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-статьяда:
«жана Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо» деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 4-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы «Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринин, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорунун негизинде» деген сөздөр «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган талаптарга ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7-статья. Тарифтик женилдиктер