Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 20-июну № 294
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 94-бап менен толукталсын:
94. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Медицина мекемелери тарабынан залдарды жана бөлмө-жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарларды (профилдик жабдуулар менен инвентарлардан тышкары) берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-бап, 108-1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле чет элдик катышуусу бар юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө"; - "Китепкана иши жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Ар кандай иш-чараларды, конференция, көргөзмө, тегерек столдор, семинарлар ж.б. уюштуруу жана өткөрүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - бардык адамдар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда; Имарат күтүүчү орундар, ажаткана (борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулган), жылуулук, суу түтүгү, телефон менен камсыздалган. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Келишимди тариздөө убактысы - 30 мүнөткө чейин. Тейлөө кызматын көрсөтүүнүн узактыгы 1 күндөн 5 күнгө чейин (келишимдин шарттарына ылайык) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.med.kg жана РИМКнын www.rnmb.med.kg сайттарынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылуу аркылуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү төмөнкү дарек боюнча: 720040, Бишкек ш., Тоголок Молдо көчөсү, 1, байланыш телефону 66-05-21; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума с. 9.00дөн с. 18.00гө чейин, түшкү тыныгуу с. 12.30дан c. 13.30га чейин, эс алуу күндөрү ишемби-жекшемби жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.med.kg жана РИМКнын www.rnmb.med.kg расмий сайттары; - маалымат такталар, буклеттер жана брошюралар; - жеке жана телефон боюнча кайрылуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамалары; Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарына жана сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | РИМКнын кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү аткарышы зарыл: - РИМКнын директорунун атына белгиленген формадагы арыз жазууга; - паспорт берүүгө (жеке жак үчүн); - уюмдун атынан анын таламын көрсөтүүгө укук ырастоочу ишеним кат берүүгө, уюмдун мөөрүн өзү менен кошо алып жүрүүгө (юридикалык жак үчүн); - кызмат көрсөтүү тууралуу келишимди түзүүгө жана кол коюуга. Келишимге кол коюлгандан кийин, керектөөчү акы төлөшү керек. Акы Кыргыз Республикасынын каалаган банк мекемелеринде накталай эмес эсептешүү (же мекеменин кассасында накталай) боюнча төлөнөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. РИМКнын бааларынын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттарында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат электрондук форматта, жарым-жартылай көрсөтүлөт: керектөөчүлөр hr@chsd.med.kg электрондук почтасы аркылуу өтүнмө калтыра алат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - кызмат көрсөтүүгө кайрылган жактын, аны алууга укугунун же башка жактын атынан иштөөгө ыйгарым укугунун жоктугу; - тапшырылган документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбестиги (керектүү документтердин толук берилбеген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү); - керектөөчү каалаган убакытка жабдуулар, инвентарлар жана залдар бош болбогон учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз ээси 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилген административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануунун маңызын; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын колун; 9) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну карабайт жана административдик даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттүн чектериндеги убакытка кемчиликтерди жоюу үчүн берет. Кемчиликтер жоюлбаган учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Административдик даттануу жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты, үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандартта ошондой эле аны кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн |