Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-декабры № 814

Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө

"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 17, 32, 38, 41, 44, 51, 52-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторингдөө жана баалоо тартиби, 2-тиркемеге ылайык;

- Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартиби, 3-тиркемеге ылайык;

- Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейинки мөөнөттө "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталынын модулдук программаларын киргизүүнү жана иштетүүнү камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс өткөрүүнү, мониторингдөөнү жана баалоону, социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүүнү камсыздасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 41 "Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 5-январында N 1 жарыяланды

 

Премьер-министр

С.Исаков