Загрузка документа…
4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Жобо "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталынын иштөө тартибин аныктайт.
2. Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы (мындан ары - мамлекеттик гранттар порталы) http://www.gosgrantynasotsproekty.gov.kg дареги боюнча Интернет тармагында жайгашкан маалыматтык-сервистик мультимедиялык борборлоштурулган Интернет-ресурстан турат.
3. Мамлекеттик гранттар порталынын интерфейси кызыккан адамдарга порталдын бир сабында сынакты жарыялаган учурдан конкурстун жеңүүчүлөрү коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырып бүткөнгө чейин коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттар бөлүнгөн тигил же бул социалдык программа тууралуу бардык керектүү маалыматты алууга мүмкүндүк түзүүчү жыйынды таблица болуп көрүнөт.
4. Мамлекеттик гранттар порталынын интерфейсинин болжолдуу үлгүсү ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилди.
5. Кошумча маалымат алуу үчүн мамлекеттик гранттар порталынын башка баракчаларына өтүү порталдын тиешелүү колонкаларында жайгашкан активдүү гипершилтемелердин жардамы менен камсыздалат.
2. Мамлекеттик гранттар порталын түзүүнүн максаттары
6. Мамлекеттик гранттар порталы төмөнкү максаттарда түзүлгөн:
1) мамлекеттик (республикалык жана жергиликтүү) бюджеттерден каржыланган коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун натыйжалуу уюштуруу;
2) бардык кызыккан адамдар үчүн коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик (республикалык жана муниципалдык) гранттар тууралуу маалыматка ачык жетүүнү камсыздоо;
3) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда, анын ичинде коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурстарын өткөрүүдө айкындыкты камсыздоо;
4) коомчулуктун төмөнкүлөр тууралуу маалыматка жетүүсүн камсыздоо:
1) мамлекеттик жана муниципалдык органдар ишке ашыруучу социалдык программалар;
2) коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого конкурстар, анын ичинде темалары, мөөнөттөрү, аларды өткөрүү тартиби жөнүндө;
3) конкурстардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү;
4) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү;
5) мамлекеттик бюджеттен каржыланган социалдык долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү башка ар түрдүү маалымат;
5) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу;
6) республикалык жана муниципалдык бюджеттерден мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды колдонуунун натыйжалуу коомдук мониторингин жүргүзүү;
7) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын сапатынын минимумдук социалдык стандарттардын талаптарына жана мамлекеттик заказчы белгилеген башка талаптарга ылайык келишин баалоо.
3. Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого гранттарды бөлүү тууралуу конкурсту жарыялоо
7. Тиешелүү бюджетти бекитүү тууралуу ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик социалдык заказдын программасын каржылоого бюджетинде каражаттар каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мамлекеттик заказчы статусуна ээ болот.
8. Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого конкурс тууралуу жарыя мамлекеттик заказчы тарабынан порталдын № 2 колонкасында жайгаштырылган ("Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн башка ыкмалардан тышкары) тиешелүү гипершилтеме аркылуу мамлекеттик гранттар порталында жарыяланат. Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого конкурс тууралуу жарыянын үлгү формасы ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилди.
4. Долбоорлоо сунуштарды, арыздарды берүү жана аларды баалоо
9. Мамлекеттик гранттар порталы аркылуу кызыкдар уюмдар онлайн режиминде конкурска катышуу үчүн арызды жана долбоордук сунушун бере алышат. № 3 колонкадагы "Арыз берүү үчүн бул жерди басыңыз" гипершилтемесин басууда ачылган беттин үлгүсү ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилди.
10. Мамлекеттик заказчы конкурс тууралуу жарыяда конкурска катышуу үчүн арыз берүү мөөнөтүн көрсөтөт, ал коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурсту жарыялаган күндөн тартып 30дан кем жана 40 календардык күндөн ашпоого тийиш. Бул мөөнөт аяктагандан кийин мамлекеттик гранттар порталы конкурска катышуу үчүн арыздарды кабыл албайт.
11. Мамлекеттик гранттардын порталындагы № 4 колонкада мамлекеттик заказчы Долбоорлоо сунуштар ачыла турган күн жана убакыт тууралуу маалыматты жайгаштырат. Бул убакыт келгенде гранттык комиссия түшкөн Долбоорлоо сунуштарын ачат жана "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте аларды баалайт.
12. Мамлекеттик гранттар порталынын № 4 колонкасында "Катышуучулардын тизмесин жана Долбоорлоо сунуштарын кароо" гипершилтемеси аркылуу бардык каалоочулар конкурстун катышуучуларынын тизмесин көрө алышат. Бул гипершилтемеге басууда ачылган беттин үлгүсү ушул Жобонун 4-тиркемесинде келтирилди.
13. Мамлекеттик заказчы мамлекеттик гранттар порталынын № 5 колонкасында рейтинг таблицасын жарыялаганга чейин "Долбоорлук сунуштарды карап чыгуу" гипершилтемеси (Конкурстун катышуучуларынын тизмеси бар таблицада жайгаштырылган) активдүү эмес боюнча калат жана конкурстун катышуучуларынын Долбоорлоо сунуштарын карап чыгууга мүмкүндүк бербейт.
14. Мамлекеттик заказчы алынган балл менен конкурстук өтүнмөлөрдүн рейтингдик таблицасын жарыялайт жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт, аларды мамлекеттик гранттар порталынын № 5 колонкасындагы тиешелүү гипершилтеме аркылуу көрүүгө болот. Бул гипершилтемени басканда ачылган беттин үлгүсү ушул Жобонун 5-тиркемесинде келтирилди.
15. Мамлекеттик заказчы "Долбоорлоо сунуштарын карап чыгуу" гипершилтемеси аркылуу рейтинг таблицасын жарыялоо менен бирге (конкурстун катышуучуларынын тизмеси бар таблицада жайгаштырылган) бардык кызыкдар тараптарга конкурстун катышуучуларынын Долбоорлоо сунуштары менен таанышуу үчүн ачык болот.
5. Даттанууну берүү жана карап чыгуу тартиби
16. Конкурстун жыйынтыктарына макул болбогон конкурстун катышуучулары гранттык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып бир айдын ичинде гранттык комиссиянын чечимине даттана алат. Даттанууну мамлекеттик гранттардын порталынын № 6 колонкасында жайгаштырылган гипершилтеме аркылуу берүүгө болот. "Даттанууну берүү" гипершилтемени басканда ачылган беттин үлгүсү ушул Жобонун 6-тиркемесинде келтирилди.
17. Түшкөн даттанууларды "Даттанууну берүү" № 6 колонкасындагы гипершилтемеге басканда ачылуучу бетке жайгаштырылган "Даттанууларды кароо" гипершилтемеси аркылуу көрүүгө болот. Түшкөн даттануулардын тизмесинин болжолдуу үлгүсү ушул Жобонун 7-тиркемесинде келтирилди.
18. Түшкөн даттанууларды мыйзамда белгиленген мөөнөттө карап чыккандан кийин гранттык комиссия ар бир даттануу боюнча чечим чыгарат. Даттануулар боюнча гранттык комиссиянын чечимин "Даттанууну берүү" № 6 колонкасындагы гипершилтемеге басканда ачылуучу бетке жайгаштырылган "Даттануулар боюнча чечим" гипершилтемеси аркылуу көрүүгө болот. Түшкөн даттануулар боюнча гранттык комиссиянын чечиминин болжолдуу формасы ушул Жобонун 8-тиркемесинде келтирилди.
6. Конкурстун жеңүүчүлөрү менен келишимдерди түзүү
19. Мамлекеттик заказчы долбоордун аткаруучусу менен коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим түзөт. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу келишимдер түзүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин мамлекеттик гранттар порталынын № 7 колонкасында жайгаштырылган "Келишимдер" гипершилтемеси аркылуу көрүүгө болот. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга келишимдер түзүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесинин болжолдуу үлгүсү ушул Жобонун 9-тиркемесинде келтирилди.
20. Конкурстун жеңүүчүлөрү менен коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу келишимдер типтүү келишимдин негизинде түзүлөт, анын формасы ушул Жобонун 10-тиркемесинде келтирилди.
7. Текшерүү актылары, мониторинг жана баалоо тууралуу отчеттор, долбоордун аткаруучусунун отчеттору жөнүндө маалымат
21. Мамлекеттик гранттар порталынын № 8 колонкасына жайгаштырылган гипершилтеме аркылуу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу төмөнкү документтер жарыяланат:
1) мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорлордун аткаруучулар тарабынан ишке ашырылуусун текшерүү актысы;
2) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун мониторинги жана баалоосу тууралуу отчеттор;
3) коомдук пайдалуу долбоорлорду аткаруучулардын программалык жана финансылык отчеттору.
22. "Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруучу КЭУ тизмеси" гипершилтемесин басканда ачылган беттин үлгүсү ушул Жобонун 11-тиркемесинде келтирилди.
8. Мамлекеттик гранттар порталында жайгаштырылуучу кошумча маалымат
23. Мамлекеттик гранттар порталында кошумча төмөнкүдөй маалымат жайгаштырылат:
1) "Порталды кантип колдонуу керек?" видеоролиги;
2) "Көп бериле турган суроолор" бөлүмү (анын форматы ушул Жобонун 13-тиркемесинде келтирилди);
3) "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" бөлүмү;
4) Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун мөөнөттөрү жана этаптары боюнча схема (ушул Жобонун 14-тиркемесинде келтирилди);
5) Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу тууралуу башка пайдалуу маалымат.
9. Мамлекеттик гранттар порталын башкаруу
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик гранттар порталын башкаруу боюнча функциясы жүктөлө турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) аныктайт.
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралган тартипте мамлекеттик гранттар порталынын иштөөсүн камсыздайт.
26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик гранттар порталынын иштөөсүнө байланыштуу төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:
1) мамлекеттик гранттар порталынын программалык-аппараттык комплексин коштоону жана тынымсыз иштөөсүн камсыздайт;
2) мамлекеттик гранттар порталында маалыматтык материалдарды ыкчам жарыялоону камсыздайт;
3) мамлекеттик гранттар порталында маалыматтык ресурстарды үзгүлтүксүз резервдик көчүрөт жана архивдештирет;
4) мамлекеттик гранттар порталында маалыматтык коопсуздукту камсыздайт;
5) Интернет тармагында мамлекеттик гранттар порталын илгерилетүү жана жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
6) конкурстар тууралуу жарыялоону, арыздардын жана Долбоорлоо сунуштардын түшүүсүн, ошондой эле мамлекеттик гранттар порталынын пайдалануучуларынан келген даттанууларды жана сунуштарды байкоого алат;
7) мамлекеттик гранттар порталынын программалык-аппараттык комплексин өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
8) мамлекеттик гранттар порталынын серверинде же программалык-аппараттык комплексинин башка элементтеринде техникалык иштерди өткөргөн учурда бир күндүк мөөнөттө өткөрүлүп жаткан иштер тууралуу жана мамлекеттик гранттар порталынын ишинин боло турган натыйжалары тууралуу порталдын бардык колдонуучуларына мамлекеттик гранттар порталынын башкы жаңылыктар лентасында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу жолу менен порталдын бардык колдонуучуларына кабарлайт;
9) порталдын программалык камсыздоо ишин үзгүлтүккө учураткан кырдаал пайда болгон учурда бир күндүк мөөнөттө өткөрүлүп жаткан иштер жана бузуктарды жоюу мөөнөттөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кабарлайт.
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталынын башкы бетинин интерфейси
|
| |||||||||