Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 12-январы № 15
Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө маселелерине карата
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомунун редакциясына ылайык)
Аскердик кызмат өтөө тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттун экинчи абзацы "мындай кызматтардан бошоткондон кийин алар" деген сөздөрдөн кийин "аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин карамагына киргизилет, андан кийин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункттун 1-пунктчасындагы ", Улуттук гвардиясынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 61-пунктта:
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында:
- офицердик курамдын кызмат ордуна аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, сержант жана старшиналык курамдагы аскер кызматчыларын жана прапорщиктерди дайындоо - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын буйруктары менен;