Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-июлу № 336
Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2024-жылдын 27-августундагы № 519, 2025-жылдын 12-мартындагы № 128, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286, 2026-жылдын 30-июлундагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү уюмдарынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттары ушул токтомдун 1, 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
2. Каржылоонун ченемдик принцибине өткөрүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын административдик-чарбалык кызматкерлеринин штаттык санын түзүү окуучулардын санына, мектептердин тиби, окутуунун баскычтары, уюмдун жайгашкан жери боюнча ар бир окуучуга бюджеттик каржылоонун ченемдерине жараша эсептелип, бекитилген бюджеттин чектеринде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
2.1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 514 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлеринин тийиштүү окуу жылына карата штаттык расписаниеси жана тарифтик тизмеси билим берүү жана финансы башкармалыктарынын аймактык органдары менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча бекитилет деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 582 "Жалпы билим берүү уюмдарынын башталгыч класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу чаралары жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-октябрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 842 "Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4 (башталгыч) класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу чаралары жөнүндө" токтомунун 3-пункту.