Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-августу № 365
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында үрөн өндүрүү боюнча ишти башкаруучу, жөнгө салуучу жана аткаруучу органдар жүзөгө ашырышат. Айыл чарбасын башкаруу, ошондой эле үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү багытындагы ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана алардын тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдөрү (мындан ары - айыл чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы) башкаруучу органдар болуп эсептелет.";
2) 4-статьясында:
а) мамлекеттик тилдеги текстинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- схемалар үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органда сыноодон өткөн жана Мамлекеттик реестрге киргизилген сортторго тиешелүү болот;";
б) 1-бөлүгүнүн бешинчи, сегизинчи абзацтарындагы, 2 жана 4-бөлүктөрүндөгү "(токой)" деген сөз алып салынсын;
в) 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Үрөндөрдүн сорттук жана себүу сапаттарына документти берүүнун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";
д) 5-бөлүгүнүн "в" пунктундагы "үрөндүн сортторун сыноо боюнча органда өсүмдүктөрдүн" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органда үрөндөрдун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
е) 6-бөлүгүндөгү "өсүмдүктөрдүн сортторун сыноо боюнча орган сорту" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган сортту" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 5-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынган тиешелүү нормативдик актылардын негизинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;