Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 6-августу № 360
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоо эрежесинде:
- 1-пункту:
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"№ 1а формасындагы Ветеринардык күбөлүк - жаныбардын ден соолугу жөнүндө маалыматтарды камтыган, Кыргыз Республикасынын аймагында анын кыймылына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган, ошондой эле аймактын жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарынан амандыгы боюнча жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү белгиленген үлгүдөгү документ;";
сегизинчи абзацындагы "14" деген цифра "30" деген цифрага алмаштырылсын;
3-пунктунда:
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзацынын төртүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Идентификация каражаттары Жаныбарлардын эсебин алуунун эл аралык комитетинин (ICAR) талаптарына шайкеш келүүгө жана идентификация каражаттарынын үлгүлөрү ICARдын расмий сайтында жайгаштырылууга тийиш.";