Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2014-жылдын 5-декабры № 694
Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаныбарларды идентификациялоонун тартибин аныктоо максатында, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаныбарларды идентификациялоо эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Эрежени жетекчиликке алышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)