Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу № 348
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Өмүркулов, А.А.Шадиев, П.Р.Тулендыбаев, Т.А.Масабиров, З.К.Рысалиев, К.Ш.Баймуратов, М.Г.Мадеминов, А.А. Арапбаев, А.К. Касымалиева, У.Б. Примов, М.И. Бакиров, А.А. Турсунбаев тарабынан демилгеленген "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын " 25" июпунпягн
№ 346 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш. Өмүркулов, А.А. Шадиев, П.Р. Тулендыбаев, Т.А. Масабиров, З.К. Рысалиев, К.Ш. Баймуратов, М.Г. Мадеминов, А.А. Арапбаев, А.К. Касымалиева, У.Б. Примов, М.И. Бакиров, А.А. Турсунбаев тарабынан демилгеленген "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүунү караштырган 52-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык, бул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети — жарандардын мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелерди талкуулоого катышууга жана алар боюнча чечим кабыл алууга катышуу укугун ишке ашырууга байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салуу болуп эсептелет.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесине ылайык курултай Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик, аскердик жана кызматтык сырдын категориясына кирген маселелерден башка мамлекеттик жана коомдук маанидеги маселелерди кароого укуктуу.
Бирок мыйзам долбоорунда курултайдын кароосуна коюлушу мүмкүн болгон мамлекеттик жана коомдук маанидеги маселелер так аныкталган эмес.
Мамлекеттик жана коомдук маани-маселелердин кеңири спектрипен турушу мүмкүн экенин айтып коюу зарыл.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле мыйзамды колдонуу практикасында так эместиктерди болтурбоо максатында мыйзам долбоорунда республикалык элдик курултайда жана жергиликтүү коомчулуктун курултайында каралышы мүмкүн болгон маселелердин конкреттүү тизмесин аныктоону сунуш кылабыз.
2. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүндө республикалык элдик курултай мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат, ал эми жергиликтүү коомчулуктардын курултайларында өткөрүлүүчү иш-чаралар - жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланат деп аныкталган.
Бул жерде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 10-беренесине ылайык республикалык бюджет - бул мамлекеттик органдардын, алардын караштуулугундагы бюджеттик мекемелердин милдеттерин жана иш-милдеттерин каржылоого арналган акча каражаттарынын жыйындысы экенине көңүлдү бурабыз.
Аталган Кодекстин 14-беренесине ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин түзүшөт.
Ушул айтылгандардын негизинде мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-белүгүн кайра карал чыгууну сунуш кылабыз.