Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу № 357
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу боюнча аралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188, 2020-жылдын 17-мартындагы № 164, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу, салык милдеттенмелерин аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана патенттин негизинде иш жүргүзгөн ишкер субъекттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Салык органдарына патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- ыктыярдуу электрондук патенттин формасы, 2-тиркемеге ылайык;
- кагаз жүзүндөгү ыктыярдуу патенттин формасы, 3-тиркемеге ылайык;
- милдеттүү электрондук патенттин формасы, 4-тиркемеге ылайык;
- жеке ишкердин кагаз жүзүндөгү милдеттүү патентинин формасы, 5-тиркемеге ылайык;
- уюмдун кагаз жүзүндөгү милдеттүү патентинин формасы, 6-тиркемеге ылайык;
- иштин милдеттүү патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге электрондук патенттин формасы, 7-тиркемеге ылайык;
- иштин милдеттүү патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге кагаз жүзүндөгү милдеттүү патенттин формасы, 8-тиркемеге ылайык.
- чекене сатуу салыгын төлөгөн субъектте эмгектенген жалданма кызматкерге электрондук патенттин формасы, 9-тиркемеге ылайык;
- чекене сатуу салыгын төлөгөн субъектте эмгектенген жалданма кызматкерге патенттин формасы, кагаз жүзүндө 10-тиркемеге ылайык;
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун он экинчи, он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ыктыярдуу, милдеттүү патентти жана иштин милдеттүү патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге патентти электрондук документ (электрондук патент) түрүндө төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берсин:
- 2018-жылдын 1-августунан тартып - Бишкек жана Ош шаарларында;
- 2018-жылдын 1-октябрынан тартып - Кыргыз Республикасынын калган аймактарында.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- электрондук патентти киргизүүгө байланышкан уюштуруучу-техникалык маселелерди чечсин;
- эл арасында жана коммерциялык банктардын кызматкерлерине электрондук патентти киргизүү жөнүндө түшүндүрүүчү жана маалымат берүүчү иштерди жүргүзсүн.
5. Коммерциялык банктарга салык төлөмдөрүн кабыл алууда идентификациялык салык номеринин бар экендигин жана туура көрсөтүлүшүн текшерүү сунушталсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
2-тиркеме
FORM RNK STI-005
Ыктыярдуу электрондук патенттин ФОРМАСЫ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Кагаз жүзүндөгү ыктыярдуу патенттин ФОРМАСЫ
ЫКТЫЯРДУУ ПАТЕНТТИН ДҮМҮРЧӨГҮ Сериясы ________ № __________ Фамилиясы ________________ Аты ______________________ Атасынын аты _______________ Жашаган дареги ____________ Паспорт: сериясы ___ № _____ Берилди ___________________ ИСН ______________________ ИУРК ________ ЭИМК _______ __________________________ __________________________ чөйрөсүндөгү ишкердиктин түрү Атап айтканда ____________ __________________________ (иштин конкреттүү түрү көрсөтүлөт) Патент берилди ______________ __________________________ (Инспектордун аты-жөнү, колу) МСКнын __________________ боюнча башкармалыгы "__" __________ 20__-ж. Патентти алды ____________ __________________________ Иш жүргүзүлгөн жери __________________________ __________________________ Эскертүү: __________________________ |
А й р ы м а
д ү м м ү р ч ө к |
| Ушул патент ___________________________ _________________________ чөйрөсүндөгү ишкердикти жүргүзүү укугун ырастайт Атап айтканда ______________________________________ ______________________________________ (иштин конкреттүү түрү көрсөтүлөт) Ишкердик жүргүзүлгөн жер ______________________________________ (шаар, район, көчө, үйдүн, соода ______________________________________ кылуучу орундун, контейнердин номери) ______________________________________ ______________________________________ Эскертүү _____________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________
|
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби) ЫКТЫЯРДУУ ПАТЕНТ Сериясы _______ № ____________
Фамилиясы ____________________________________________ Аты ___________________________________________________ Атасынын аты __________________________________________ Жашаган дареги ________________________________________ Паспорт: сериясы _______________ № ______________________ Берилди _______________________________________________ ИСН __________________________________________________ Мам. каттоо тууралуу күбөлүгү № _________________________ датасы ________________________________________________ ИУРК _________________ ЭИМК __________________________ МСКнын __________________________________
___________________________________________ Патент берилди "___" ______________________ ж.
М.О.
Патент салык төлөнгөндүгү тууралуу квитанциясы жок жараксыз. Ишкердик ишти жүргүзүү максатында патентти же анын көчүрмөсүн башка адамга берүүгө тыюу салынат. |