Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 619 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 токтомуна |
Тиркеме
| ||
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы N 582 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын (мындан ары - Атайын комиссия) курамын жана иш тартибин аныктайт.
2. Атайын комиссия төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө жерин аныктайт;
- соттолгондорду чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберүү боюнча чечим кабыл алат;
- соттолгондорду тарбия абактарынан түзөтүү абактарына которуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2-глава. Атайын комиссиянын ишин уюштуруу жана анын курамы
3. Атайын комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчисинин биринчи орун басары - Атайын комиссиянын төрагасы.
Атайын комиссиянын мүчөлөрү:
- өкүм аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмүнүн жетекчиси же анын милдетин аткарган адам;
- ыкчам бөлүмдүн жетекчиси же анын милдетин аткарган адам;