Редакцияот 26.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 26-сентябры № 619

 

Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 582 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 74 (3730) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев