Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-августундагы № 538 токтому менен бекитилген Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо I. Жалпы жоболор 1.1. Бул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Жер, Граждандык кодекстерине жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана жерлердин бардык категорияларындагы жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт. 1.2. Бул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясында каралган учурларда жер участокторун акысыз берүүгө, ошондой эле ушул Жободо каралган учурларга карата колдонулбайт. 1.3. Калган бардык учурларда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясына ылайык жерлерди менчикке жана убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү ушул Жободо аныкталган тартипте тоорукта ишке ашырылат. Мында жер участоктору мөөнөттүү пайдаланууга ижара шарты менен гана берилет. 1.4. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторун жана жайыттарды ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тийиштүү жоболор менен жөнгө салынат. 2. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар 2.1. Бул Типтүү жободо колдонулуучу тушүнүктөр: - жерди ижаралоо - менчик ээсинин/жер пайдалануучунун (ижарага берүүчүнүн) жер участогун ижарачыга тийиштүү акы менен белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши же өткөрүшү; - аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан жогорку бааны сунуштаган адам жеңүүчү болот; |